Аманкулов: жүк жөнүндө жоопкерчилик алышсын

9-Март 2017, Бейшемби

16-январдагы «Манас» аба майданына жакын жайгашкан калктуу конушка кулаган «Боинг-747» учагындагы жүктү президент Алмазбек Атамбаевге таӊуулагандар аны тастыктоочу документтерди көрсөтүшү же ошол маалымат үчүн жоопкерчиликти алышы керектигин парламенттин бүгүн, 9-марттагы жыйынында КСДП фракциясынын депутат депутаты Марат Аманкулов билдирди.

“Акыркы мезгилде ар кандай имиш кептерге таянуу менен, президентке чабуул жасала башталды. Элдин башына түшкөн кайгыга жамынып алышып, учактагы жүк президенттин үй-бүлөсүнө таандык деген ушак таратып жатышат. Алардын жоопкерчилигин караш керек”,-деди Аманкулов.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова УКМКнын тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текебаевдин берген катына таянуу менен кулаган учактагы жүк өлкө башчысы Алмазбек Атабаевге жана анын жубайына таандык экенин жар салган.

6-мартта президент Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, жүк ага таандык деген билдирүүнү четке кагып, бул болгону каралоо деп айткан.

16-январда “Манас” аба майданынын учуу-конуу тилкесине жакын жайгашкан Дача конушунда жүк ташуучу учак кулап, 39 кишинин өмүрүн алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!