Коррупциянын схемалары улам татаалдашып баратат

9-Март 2017, Бейшемби

Көрүлүп жаткан чараларга карабай өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору бойдон калууда. Коррупциянын схемалары укук коргоо кызматтары үчүн улам татаалдашып баратат. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова "Коррупциянын алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү чарасын күчөтүү” долбоорунун ишке киргизүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, коррупция өлкө бюджетине гана зыян келтирбестен, мамлекеттин тармактарынын алга жылуусуна тоскоолдук жаратат.

“Башкы прокуратура акыркы эки жылдан бери Европа кеңешиндеги өнөктөштөр менен ГРЕКО уюмуна кирүү боюнча тыгыз иштерди жүргүзүп жатат. Аталган долбоор биздин өлкөнүн коррупция менен күрөшүү боюнча потенциалын жогорулатат. Европа Кеңешинин коррупцияга каршы стандарттары боюнча маалыматуулукту жогорулатат. Биздин антикоррупциялык саясаттагы кемчиликтерди байкоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү кызматтарына түрткү берет”,-дейт Усманова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!