Аялдардын укугуна арналган тынчтык маршы өттү

9-Март 2017, Бейшемби

8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек жана Ош шаарларынын борбордук көчөлөрүндө тынчтык маршы өттү.

Акция шаардагы феминист активисттер уюштуруп, коомчулук жана бийликтин көңүлүн гендердик теңчилик жана аялдарды басмырлоого жол бербөөгө бурушту.

Иш-чара катышуучусу Бурул Усманалиева билдиргендей, активисттер борбордук аянтка барып Курманжан Датка, Уркуя Салиева жана Каныкей энелерге таазим кылышты.

“Мээримге, теңдикке, кыз-келин-аялдар жана эркектер арасында биримдикке үндөдүк. Бизди бириктирген сүрөтчү Наристе Алиева болду”,-деди ал.

Борбор калаадагы маршка жалпы 80 чамалуу адам катышкан. Алар колдоруна аялдарды даңазалоо, басмырлоого жол бербөөгө үндөгөн чакырыктарды көтөрүп алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!