Кайрадан кат жаздырган "Cалам кат"

13-Янв. 2018, Ишемби, 11:20

Эл Аралык Кыргыздар Ассоциациясы "Адабият" күнүнө карата "Салам кат " конкурсун уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ассоциациядан билдиришти.

"Салам кат" конкурсунун максаты бүгүнкү күндүн жаштарын – адабиятка кызыктыруу менен азыркы технология жана соц. тармактардан алыстатып ата-энебиздин убагын жан дүйнөсү менен сездирүү.

Жазылган каттардын арасынан бардык талаптарга жооп берип эң мыкты жазылган кат деп бир канча катышуучуларыбыздын каттары эсептелди. Алар, кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

"Бул конкурс жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. Башталышына көмөк көрсөткөнү үчүн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондуна, “Шанс” эл аралык китепканасына терең ыраазчылык билдиребиз. Бул жылы Бишкек шаарынын ичинде гана болгондуктан региондорубуздан каалагандар көп болуп бирок катыша алышпады, кийинки жылдары республикалык деңгээлде болооруна ишеним чоң",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!