Сапар Исаков Швейцариянын президенти менен жолугушат

23-Янв. 2018, Шейшемби, 11:41

Премьер-министри Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын ачылышына карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун аткаруучу директору Клаус Шваб сөз сүйлөдү.

Бүгүн, 23-январда, экономикалык форумдун ишинин алкагында өкмөт башчы беш сессиянын ишине катышат. Мындан тышкары, Колумбия университетинин улук аткаруучу вице-президенти Джеральд М. Росберг, Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар, Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили, ошондой эле ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, делегация башчыларын кабыл алуу алкагында премьер-министр Сапар Исаковдун Швейцариянын президенти Ален Берсе менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Эскертке кетсек, Давос форумуна быйыл 60тан ашык өлкөнүн жетекчилери, 1000ден ашык эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. 48-жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк форумда дүйнөнүн келечеги талкууланат.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган делегациянын курамында Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси Данияр Мукашев, Премьер-министрдин кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Торалиева, Өкмөт Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана «Кыргызтелеком» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаевдер бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!