Бишкек ТЭЦ электр кубаттын төмөндөттү

27-Янв. 2018, Ишемби, 11:59

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунун электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка караганда, 26-январда аталган ишкана саат 18.00дө Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугун 350дөн 154 мегаваттка чейин төмөндөткөн.

"Учурда борбордун электр кубаттуулугу 180 МВтты түзүп жатат. Адистер кечээ саат 18.00дөн тарта борбордогу көйгөйдү жоюу үчүн толук режимде иштеп жатышат. Өлкөнүн түндүк тарабын ГЭСтен иштелип чыккан электр энергиянын эсебинен толук камсыздалып жатат. Азыр Бишкек ТЭЦтин ишин толугу менен калыбына келтирүү милдети турат",- дейт ал.

"Ошондой эле авариянын себептери аныкталып жатат",- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!