Кыргызмын деп сыймыктанган Александр (видео)

20-Фев. 2018, Шейшемби, 14:38

Интернетке Александр менен Маисей аттуу орус улуттундагы балдардын жагымдуу видеосу тарады. Бул видео 101KG булагынан алынды.

Тасмада көрүнүп тургандай, белгисиз жигит 13 жаштагы Александр менен 8 жаштагы Маисей аттуу орус улуттундагы балдар менен кыргызча пикир алышып жаткандыгын көрүүгө болот. Башкача айтканда, видоедогу белгисиз жигит Александрга кыргызча кайрылып, аны менен учурашып, анын кайсы тарапка баратканын, жашы менен кай жерлик экенин жана улутун тамашалап сурап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле белгисиз жигит Александрдын инисине ушул сыяктуу эле суроолор менен кайрылган.

Учурда соцтүйүндүн колдонуучулары бул видео тууралуу жагымдуу пикирлерин билдиришип, чала кыргыздардан көрө ушул балдар чыныгы кыргыз, ата-мекенин мына ушул өспүрүмдөр коргойт деген пикирлерин жазышып, аларга бекем ден-соолук, узун өмүр каалашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!