Төрага мекемелердин абалы менен таанышты

21-Фев. 2018, Шаршемби, 12:38

Кечээ, 20-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл аймактык ооруканасына барып, “Алтын-Көл” пансионатынын абалы менен да таанышты. Ошондой эле Чырпыкты айылындагы мектептин курулушун да көрүп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты да оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал үчүн 13 млн. сом акча каражаты керектелери эсептелген. Андан тышкары, лабораториясын да тиешелүү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылчылыгы айтылды.

Төрага андан ары “Алтын-Көл” мекемелик пансионатынын абалы менен таанышып, Чырпыкты айылындагы курулушу токтоп калган мектептен да кабар алды. Он жылдан бери курулушу уланып келе жаткан мектеп имаратын толугу менен бүткөрүү үчүн 22 млн. сом керектиги белгиленди. Бирок, бюджеттен жыл сайын аз өлчөмдө гана акча каражаты которулгандыктан, курулушу дагы деле уланууда.

Төрага Дастанбек Жумабеков аталган көйгөйдү чечүүгө көмөктөшөрүн убада кылып: “Социалдык мекемелер биз үчүн өтө артыкчылыкка ээ. Мектептер менен ооруканалардын бардыгы заманбап шартка ылайыкташтырылып курулушу керек”, – деди.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл аймактык ооруканасынын негизги имараты 1975-жылы салынып, ишке берилген. Бирок, 33 жыл аралыгында имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2011-жылы гана Ысык-Көл өнүгүү фондусунун каржылоосу менен 18 млн. сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталып, оорукананын эшик терезелери, канализация жана электр жарыгын берүү системалары жаңыртылган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!