Исаков: "Күрөш өлкөбүздө алгылыктуу түрдө өнүгүүдө"

28-Фев. 2018, Шаршемби, 10:31

Кечээ, 27-февралда премьер-министр Сапар Исаков Азиянын спорттук күрөш боюнча 31-чемпионатынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы өз сөзүндө чемпионаттын катышуучуларын жана конокторун иш-чаранын ачылышы менен куттуктап, жалпы өнөктөштөргө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү ири масштабдагы жаркын майрам биздин мамлекеттин сергек жашоо образын жайылтуу, дени сак муунду тарбиялап чыгаруу, ошондой эле мамлекетибиздин эл аралык спорттук аренадагы аброюн жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Спорттук күрөш өлкөбүздө алгылыктуу түрдө өнүгүп жаткан спорттун түрүнө кирет. Учурда аны менен машыккандардын саны 20 миңге жетет. Жана бул акыркы чек эмес», - деп билдирди Исаков.

Өкмөт башчы белгилегендей, 20дан ашуун мамлекеттин 700дөн ашуун өкүлдөрү катышкан Азия чемпионатынын биздин өлкөдө өткөрүлүүсү спорттун бул түрүн жайылтуудагы чоң кадамдардан болуп саналат.

Белгилей кетсек, Азиянын спорттук күрөш боюнча 31-чемпионаты Бишкекте 27-февралдан 4-мартка чейин өтөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!