Чет элдик туристтер үчүн жаңы карта жарык көрдү

6-Март 2018, Шейшемби, 21:12

Кыргызстанга саякаттагысы келген чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы карталар жана маршруттук каттамдардын маалыматтык баракчасы жарыкка чыкты. Бул тууралуу USAIDдин Бизнести өнүтүрүү долбоорунан билдиришти.

Туристтер үчүн сунушталган карта колдонууга ыңгайлуу жана жеңил болуп түзүлгөн.

Өз алдынча саякаттаган туристтерге эң ыңгайлуу болушу үчүн:
• көпүрөлөр кайсыл жерде жайгашканын,
• саякат канчалык оор экенин
• кайсыл жерлерде уктоо жана тамактанса боло тургандыгын
• кайсыл жерге жеткенде кандай кооз жерлерди көрүүгө боло турганы тууралуу толук маалымат камсыздай турган карталар жарыкка чыкты.

Жыргалаң, Бөкөнбаев, Кочкор менен Караколдун ортосундагы тоо өрөөндөрүндө жайгашкан укмуштуудай кооз көлдөрдү өз алдынча бойлоп өткөнгө, жайлоого чыккан, нукура көчмөн элдин жашоосун чагылдырган маданиятын көрүп, жашаганга жана 4000м бийиктиктеги асман чапчыган тоолордун эң кооз жерлерин басып өтүүгө жол ачкан, жалпысынан алганда 2000 чакырымды түзгөн 20дай маршрут түзүлгөн эле.

Бул маршруттарды чагылдырган жаңы чыккан карталарды колдонуу боюнча тренинг 5-6 март күндөрү Каракол, Тескей жээк жана Жыргалаң дестинациялардын мүчөлөрү үчүн өтүп жатат. Андан тышкары катышуучулар ат үстүндө жана жөө жүрүү үчүн марштруттарды түзүү жана картага киргизүү ыкмаларын дагы үрөнүштү.

Маршрут жана карталарды Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси долбоору чакырган эл аралык деңгээлдеги туристтик блоггерер менен биргеликте #DiscoverKyrgyzstan жана дестинациялардын аракети менен ишке ашырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!