Япония Кыргызстанга 6.2 миллион доллар бөлөт

7-Март 2018, Шаршемби, 10:48

Премьер-министр Сапар Исаков Япониянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, Кыргызстандагы БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Юкиэ Мокуо жана Борбор Азиядагы БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Аймактык өкүлү Ашита Миттал ортосундагы алмашуу ноталарына кол коюу салтанатына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Натыйжада, Япония Өкмөтү БУУ Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан ишке ашырылчу эки программаны: «Трансулуттук кылмыштуулукка, терроризмге жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу» жана «Эне жана баланын ден-соолугун коргоо тутумун чыңдоо» программасын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 6.2 миллион долларды бөлмөкчү.

Сапар Исаков өз сөзүндө Япония Өкмөтүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, аталган келишим алкагында ишке ашырылчу программалар кыргыз Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттары менен үндөш экендигин билдирди.

«Аталган программаларды ишке ашыруу баңгизаттын жана баңгизаттан көзкарандылыктын жайылтылышы менен күрөшүүү, саламаттык сактоо кызматтарын камтууну кеңейтүү, сергек жашоо мүнөзүн киргизүү жана башка маселелер боюнча 2030-жылдын күн тартибин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетүү жолунда Кыргызстанды алдыга жылдыруудагы салым кошот», – деди премьер-министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!