​Мурашев убада берди

7-Март 2018, Шаршемби, 12:22

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Ала-Бука аймагындагы Орто-Токой суу сактагычынан суу келбегендигине байланыштуу түзүлгөн кырдаал тууралуу толук маалымат алган соӊ жооп берерин билдирди.

Министр бул кырдаал боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө убада берди.

Ошондой эле ал аталган суу сактагыч боюнча эки тараптуу келишим ушул тапта өзбек парламенти тарабынан ратификациялануу жол-жоболорунан өтүп жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйында депутат Исхак Пирматов Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан бир тамчы суу келбегендиктен, бул аймактагы 3 айыл өкмөттүн эли сууну Сумсар сайынан чакалап ташып келүүгө аргасыз болуп жатышкандыгын жана абал өзгөрбөсө, ал аймакта эпидемия жайылуу коркунучу бар экенин айтып чыккан. Ошондой эле депутат Орто-Токой суу сактагычы толугу менен кыргыз тараптын башкауусуна өткөрүү үчүн парламент эки тараптуу келишимди ратификациялап бергени менен тилекке каршы, азыр андай болбой жатканын жана эмне үчүн суу келбей жатканын тез арада тактоо керектигин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!