Кар көчкү түшкөн аймактарга галерея куруу сунушталды

15-Март 2018, Бейшемби, 16:13

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров кечээ жакында эле Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү көп түшкөн аймактарга атайын галерея куруу керектигин билдирди.

Анын айтымына караганда, акыркы учурда аталган жолго түшкөн кар көчкү жаңылык деле болбой калды. Мындай көрүнүш жыл сайын эле кайталат.

“Канча жылдан бери Ош-Бишкек жолундагы көчкү түшүп жаткан аймактарды так аныктап, жүргүнчүлөрдүн убактысы менен убаракерчилигин эске алып, ал аймактарга галерея куруу керек. Керек болсо галерея куруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кыска убакыттын ичинде кабыл алуу зарыл”, - дейт Бакиров.

Ашуулардагы жыл сайын жаралган көчкү көйгөйүнө депутат Калдарбек Баймуратов да токтолуп, ал техникасы жок, күрөктөрү менен ыкчам топ түзүлгөнүн сынга алып, техникаларды топтоп, мындай жерлерге нөөмөт уюштурууну сунуш кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!