“Оскар”: “Эң мыкты фильм” аныкталды

22-Дек. 2017, Жума, 10:01

Американын кинематография өнөрү менен илимий академиясы "Оскар" сыйлыгынын “Эң мыкты фильм" номинациясына үмүткер фильмдердин тизмеси жарыялады.

Аталган тизмеде 341 фильм бар. Алардын арасында “Чудо-женщина”, “Бегущий по лезвию 2049”, “Пираты Карибского моря: Мертвецы не рассказывают сказки”, “Дюнкерк”, “Кингсман: Золотое кольцо”, “Все деньги мира” фильмдери бар. Бул тизмекке дагы 5-10 тасма кошулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2018-жылдын 4-март күнү Лос-Анжелесте өтөт.

Киноакадемиянын эрежелерине ылайык, “Оскар” сыйлыгына катышуу үчүн фильмдер бир нече талаптарга жооп берүүсү керек. Тактап айтканда, тасманын узактыгы 40 мүнөттөн кем эмес; Лос-Анжелестеги ар бир коммерциялык кинотеатрда 31-декабрга чейин көрсөтүлгөн; прокатта жети күндөн көп убакыт көрсөтүлүшү тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!