Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Кыргыз мамлекетинин калыптанышы жана анын түрк элдеринин
таркалышына тийгизген таасири


Курманалы Матикеев


Түркиянын “Жибек Жолу” журналынын (март 1995-ж.) маалыматы боюнча кыргыз улуттук тамагы болгон бозо мындан 8-9 миң жыл илгери пайда болгон. Геродоттун тарыхында (б.з.ч. 4-к.) “...сактардын Тестук деген баатыры бар” деп берилсе, Кытай тарыхынын башаты болгон “Щуцзинде” (б.з.ч. 14-13-к.к.) “Кыргыз буруттардын жолун тосуп”, “Улуу Кытай сепилин кургандыгы” айтылат. Ал эми темир иштетүү доорунда жашаган “темирдин пири” Дөөттүн төмөнкү байти биздин элде гана сакталып калган:
Азирети Дөөт уста,
Балта кылган эмеспи.
Балтанын пулу бат тийбей,
Теше кылган эмеспи.
Тешенин пулу тез тийбей,
Керки кылган эмеспи.
Керкинин пулу кечигип,
Тулга кылган эмеспи.
Бул “баит” башка бир да элде кездешпейт. Демек, кыргыз элинин байыркылыгы Дөөттүн “байтинин” сакталып калышына шарт жараткан, баладан балага берилип келген.
“Авестада” Заратуштура (зар-пир, тиштира-тоо, тоонун пири, Македонскийден 260 жылдар башта жашаган) картайган кезде “турлар” (сактардын урпагы) менен болгон согушта каза болгон. Азыркы мезилде жергиликтүү эл Алтайдагы кыргыздарды “турлар”жана “гурондор” деп аташат.
Македонскийдин тарыхы А.Навои (Саади Искандарии, 1448-ж), Жами (Хиродномои Искандарии 1448-ж), Г.Низами (Искандарнома, 1222-ж) тарабынан бизге жетип отурат. Бул үч автордун эмгектеринде Манас Мамос деп айтылып, Дашт-Кыпчак талаасынын баатыры болгондугун Македонскийге эскертет. Ал эми Кыдыралынын вариантында Македонскийге Манас жөнүндө:
Эрендин жылы сак эле,
Элув эки жашта эле.
Андыктан биздин сактар деп,
Айтым сөз калды бул элде.
Байыркы “Инжил” китебинде жазылган Дөөт жана Муса пайгамбарлардын доорлорунда азыркы Жакынкы Чыгыш Азиядагы “Манасия жери”, “Эрментоо”, “Туздуу көл”, “Жакыптын кудугу” деген топонимдердин болушу биздин рухубуздун туу чокусу болгон Манастын, ошону менен бирге кыргыз элинин 3000 жылдык тарыхын тастыктап турат. Демек, кыргыз эли бери болгондо 3000 жылдан, ары кетсек 3500 жылдан ашык убакытта калыптанса, анда анын мамлекеттүүлүгү да ошол мезгилдерди камтыйт.
Кыргыз эли калыптанган мезгилден баштап өзүнчө жашоо аймагы, тили жана чек арасы болгондугу талашсыз, мамлекеттүүлүк толук калыптанган десек жаңылышпайбыз. Себеби, мамлекет хандык деп аталганы байыртан бери белгилүү, ал эми ар биринин чек арасы болгону талашсыз.
Кыргыз Шабдан тарыхында (1914), “Түрк санжырасында” (16-17-к.к.) “... кыргыз Мухаммеден 3400 жылдан башта (жаңы стиль боюнча 4700-жыл) дүйнөгө келген деп берилсе, Герилдин тарыхында (б.з.ч. 6-к) Яксарт дарыясынын ары жагында сактар жашайт деп берилет. Птоломейдин картасында Орто Азия чөлкөмүндө сактар менен скифтердин жашаган аймактары көрсөтүлгөн.
Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө негиз кылып алынган Сыма Цзяндын жазганын анализдесек, андан анын жазып калтырган тарыхы Ди Цзян (Книга гор и морей) деп аталып, 4 бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм Уцаншан цзин, экинчи Хайвай сы цзин, үчүнчүсү Хайней сы цзин, төртүнчү Хай-вай-дун же Мо Ди китеби (Модехан, Молтохан) деп аталат, б.з.ч. 8-7-к.к. таандык болгон тарыхтарды жазат. Эгерде “Манастагы” Молоханды же тарыхчылар жазып жүргөн Моде ханды негиз кылып алсак андан кыргыз мамлекети 2468 жылдар башта калыптанган. Эгерде “Уцанщань цзиндеги” Гун-гунду (ган-гун кыргыз эли) негиз кылып алсак, анда кыргыз мамлекетинин түптөлүшү 2800 жылдан башта болгон.
Сыма Цзяндын жазганын толук окубай туруп, мамлекеттүүлүктү 2200 жыл деп Президентке кеңеш бергендер бул тарыхты карап койсо жакшы болмок. Алар 1956-жылы Ченду, 1958-жылы Пекин шаарында жарык көрүп, орус тилине которулган байыркы кытай тарыхынын комментариясы менен тааныш болсо, же алдын ала элге салса тарых алдаганча такталмак.
Кытай тарыхынын башаты болгон щуцзиндеги (“исторических преданий” б.з.ч. XIV - XIII к .) “ ... кытайлар буруттардын жолун тосуп улуу дубалды курду” деген маалыматына таянсак, анда кыргыз мамлекетине кеминде 3500 жыл. Кытай тарыхчысы Чжан Щу Цуендин “Толковании истории” деген б.з.ч. 3-кылымга таандык болгон кытай тарыхынын комментариясында Ман деген баатыр жөнүндө “...Ман сделал сети” деп айтылат. Ошол эле тарыхта Кытайдын түндүк-батышындагы чөлдүү аймак (азыркы Шинжан-Жаңычек) кежир жана коркунучтуу Гун-гундардын жашагандыгы жөнүндө маалымат берилет. Ал эми “Комментарий Цзо” деген кытай тарыхынын чечмеленген бөлүмүндө (б.з.ч. 3-2-к.к.) Маохан жөнүндө айтылса, кытай тарыхчысы Жэнь Фандын б.з.ч. 460-500-ж.ж. таандык болгон “Щу-Цзи” (Описание удиветельного) деген эмгегинде шайтандардын энеси Гуйму “башы жолборстукуна, буту ажыдардыкына, муруту Мананыкына окшош, деп сүрөттөлөт. Ал эми “Манас” эпосунда Манас “...муруту көлдүн камыштай” деп айтылат. Демек, Манасты жеке адам эмес деген пикирибиз орунсуз.
“Шажараи Түрктө” (16-17-к.к., котормо) Огузхандын азыркы күндө белгисиз болгон көптөгөн уруулар менен бирге “кыргыз” уруусу калыптанган жана аларды Айнал (Инал) хандык деп аташкан, алар Эне-Сай кыргыздарынын башатын түзгөндүгү айтылат. Ал эми Огузхан б.э.ч. 4600 жыл илгери жашаган (Сибериа тарыхы, 1911-ж.).
Араб географы Абу Дулеф (Х к.) “...кыргыздын өз жазмасы, сыйынуучу үйү болуп, асабасы жашыл, жазмасы уйгурлардыкына караганда байыркы “Й” деген маалыматты келтирген. Бул маалыматты “Зинат ал-маджидиде” (ХII к.) келтирген “... кыргыздардын эки канаттуу “Уран” деген кайыгы болуп, аны менен Жейкун жана Сейкун дарыяларынан өтүп турушкан” деген жазмасы бекемдеп турат. Ал эми В.В.Бартольд өз эмгектеринде “...кыргыздар эң байыркы элдерге кирет, Орто Азия чөлкөмүндө кыргыздар сыяктуу бир да эл жок” деген тыянакка келет. Абу Дулефтин кыргыз жазмасы жөнүндөгү маалыматы Кытай тарыхы “Таншуда” “... кыргыздардын жазмасы уйгурдукуна окшош, бирок байыркы” деген маалыматы менен бекемделет.
Жазмаларды анализдесек, анда эң
байыркы жазма Шумер клинописи (б.з.ч. 29-28-к.к. 3-1-к.к.), Кытай иорглифи (б.з.ч. 2000-ж), Грек ( б.з.ч. 9-8-к.к.), Ведий (б.з.ч. 1100 жыл башта ), Санскрипт,Манускрипт ( б.з.ч. 1-2-к.), Түштүк Араб тил жазмасы ( б.з.ч. 1 миң жыл башта), Байыркы түрк (рун, б.з.ч. 3-5-к), Уйгур (б.з.ч. 5-к.) Будда (б.з.ч. 5-к.) жазмалары. Эгерде кыргыз жазмасы уйгурдукунан байыркы болсо, анда ал Санскрипт Манускрипт түрүндө болгону ыктымал. “Манас-1000” илимий конференциясында түркиялык профессор Тунжер Байкара “...1953-жылы мен аспирант элем. Жетекчим Абдул Кадыр Инанлы Манускриптеги “Манасты” которгон, мен жардамдашканмын. “Манас” которулуп бүткөндөн кийин, бир күнү котормо да, Манускрип да кабинеттен жоголду. Улуттук деңгээлде иликтөө башталып, Инанлы инфаркттан өлдү. Биз аргасыздан Радловдун вариантын чыгарганбыз, себеби, элге айтылып калган эле” деп доклад жасаган. Бул чындыкты танууга акыбыз да жок. Эпостун өзүндө да “...катчыга катын жаздырып, калдайтып мөөрүн бастырып” деп айтылганы бекеринен эмес.
Бизге келип жеткен байыркы эмгектерди анализдесек анда “Забур” темир доорунда, “Петеис жөнүндөгү аңгеме” 5000, “Тимей менен Критийдин аңгемеси” 3500, “Авеста” Мери Бойстын аныктоосу боюнча 3500-3200, “Төштүк” эпосунда окуялар Геродоттун маалыматына таянсак 2400, Гесиоданын “Эмгек жана күндөр” деген эмгеги 2800, “Илиада, Одиссея” 2900-2800, “Бехустун жазмасы” 2520-2519, “Геродот тарыхы” 2400, “Симбаднамэ” 2250, “Махабхарата” 2100, Сулаймандын “Ырлардын ыры” деген эмгеги 2900, Кытай тарыхынын башаты “Щуцзин” 3400-жылдар башта жазылган. Демек, Манас менен Төштүк бир мезгилде жашаса, аларга чейин көптөгөн хандар өтсө, Геродоттогу жана кытай тарыхтарындагы маалыматтардын негизинде мамлекеттүүлүктү 3000 жыл деп алсак болмок. Бул ойду төмөнкү маалыматтар менен толуктасак болот.
Белгилүү Атилла хан (б.з.ч. 338-ж.ж.) Манастын 11-мууну. Кыдыралынын вариантарында “ойон болсо Манасы, окумуш Адил чагасы” деп берилет. Ал эми Маргиана казылмасынан табылган (б.з.ч. 2-к.) аялдын сүрөтү чегилген медальондогу “Санабар жана падышалардын падышасы” деген сөздөр Каныкейдин өзүнүн аты Санабар болуп, “рабига” деген сөз “катын” дегенди билгизген. Медальондогу “падышалардын падышасы” деген сөз анын урпактарынын бардыгы падыша болгондугунан кабар берет. Медалььондун чегилиши Аттила хандын дооруна шайкеш келип турат.

Сактар жана кыргыздар

Байыркы тарыхтарды анализдесек кыргыз элинин калыптанышы сактар дооруна жакындап келет. Сактар тарыхый булактарда төмөнкүчө берилет: “темир” жана “алгачкы көчмөндүүлөр” доорлорундагы сактар, савроматтар; Хорезиминин маалыматы боюнча (б.з. ч. 8440-ж.) “топон суу” жана “Зулкарнайн” доорлорунун ортосундагы сактар; “Накши Рустам” жазмасында “Орто Азия скифтери сактар”, Кара Деңиз боюндагылары парадрай сактар (заморские); Ахеминдерге чейинки доорлордо (б.з.ч. 550-830-ж.ж.). Алдыңкы Азиядагы скифтер сактар деп аталган; б.з.ч. 8-7-к.к., Кара-Дениз боюндагылары гиммирлер, Орто Азиядагылар массагеттер “шуңшуйган чокулуу калпакчан сактар тиграхауддар; Бухустун жазмасында (б.з.ч. 522-486-ж.ж.) Орто Азия сактары хаумоварга (сары аталып, кол башчысы Спитамен болгон деп берилет; Помпей Троганын маалыматы боюнча скифтер асин, тахас, сахараул (светлые саки) деген элдерден турган; Геродот тарыхында сактар, савроматтар (скуда, шкуда), сколоттор Евразия чөлкөмүндө б.з.ч. 9-3-к.к. жашап, жети тилде сүйлөшкөн. Составында исендондор, масегеттер, савраттар болгон. Сактар менен скифтердин тилдеринде окшоштуктар бар: ассау-азоо, аси-асый, аскыр-айгыр, эсек-эшек ж.б. Ошол эле тарыхта “скиф” деген наамды гректер койгон деген маалыматты келтирет.
Кыдыралы Манасчынын вариантында Македонскийге Миңжашар карыя Манас жөнүндө төмөнкүдөй маалыматты берет:
Эрендин жылы сак эле,
Элув эки жашта эле.
Андыктан биздин сактар деп,
Айтым сөз калды бул элде.
Байыркы араб тарых булактарында келтирилген “сак” же “сидж” элдери кыргыздардын түпкү теги болуп, эбегейсиз зор Евразия чөлкөмүндө чачыранды абалда жайгашып, алардын өлкөсү алгач Сиджстан аймагы, кийинки доорлордо бытырап бөлүнүп “түрк тукуму” деп аталыштын астында түрк дүйнөсү калыптаган. Анын өзөгүн түзгөн эл Азирети тоодо жашап калган.
Байыркы кыргыз каганатынын чек арасы түндүктө Эне-Сайдын Ангара-Тесава куймасы, түштүктө Каратоо (Кара-Корум), чыгышта “Улуу Кытай сепили”, батышта Хазар (Каспий) деңизи аркылуу өтүп, андан алтымыш уруудан куралган Кыргыз Федерациясы турган. Федерациянын составында түрк урууларынан башка ошол аймакта жашаган элдер да кирген (Манжурлар, Тыргооттар, Калмактар ж.б.)

Түрктөр жана кыргыздар

Азыркы мезгилде “түрк дүйнөсүнүн башатында Түрк ата турат” деген көз караш калыптанып калган. Байыркы “Кисаси ал-анбиеде”, “Кисаси Рабгузийде”, “Түркий кавмалар тарыхында” Нухтун Жапас (Ефас) деген уулунун бир баласынын аты Түрк болуп, андан тарагандар “түрктөр” деп аталган деп берилет. Бул маалыматты үстүртөн карап кабыл алууга болот. Бирок, тарых башканы көрсөтөт. Нухтан бери 11,5 миң жылдан ашык убакыт өткөн. Ошондон бери “түрк дүйнөсү жашап келеби”?
Кытай “Вий жылнаамасында” (б.з.ч.
3-к.) байыркы кызыл түрктөрдөн каныллар (каңкылар, арбалуулар) таркалган. Л.Н.Гумилев “Байыркы түрктөр” деген эмгегинде б.з.ч. 420-546-жылдары “Улуу түрк каганаты” түзүлүп, “түрк” деген сөз 1500 жылдын ичинде бир нече жолу өзгөргөн, түрк сөзү “тю-тую”, же бекем, карышкыр дегенди билигизет деп берет.
В.В.Бартольд түрктөрдү VI к. Орто Азияда пайда болгон уруу катары эсептесе, “Тактары древние и современные” деген 1993-жылкы эмгегинде Г.А.Габдрахманов 6-8-к.к түрк каганатынын гүлдөө доору, Орто Азияда түрктөрдүн пайда болуу доору катары карайт.
Карл Менгес (1997-ж.) “түрктөрдүн наамы кытай жазма булактарында “ ту-гуя” же “туркут” деп берилет, 5-6-к.к эки топтон туруп, чыгыштагысы Си-ту-гуя деп аталганын жазат. Ал эми “ Түрк, кыргыз-казак жана хандар шежересинде “...байыркы заманда түрктөрдүн “се”, “сака” деген уруулары Ыйса пайгамбардан 200 жыл башта батышка көчө баштаган. Алардын канлы (арбалуулар) тобун кытай элчиси Чжан Цзян “...120 миң үйлүү эл, аларга беш хандык (Ташкен, Самарканд, Керман, Бухара, Хива), канлыларды еврейлер “скиф” же “сака” деп атайт” деген маалымат калтырган.
Азыркы Осман түрктөрү Надир Шахтын баласы Музафар шахтын, андан кийинки Мухамед Гали шахтын доорлорунан баштап батышка карай көчө баштайт. 1272-ж. бийликке келген Эртогрулдун баласы Османдын мезгилинде азыркы Түркиянын аймагына толук ээлик кылат. Ошол мезгилден баштап Осман түрктөрү үчүн Алатоо атамекенге, Түркия анаватанга айланат. Алардын Алатоодон баргандыгынын күбөсү болуп Түркия жергесиндеги Кыргыз тоосу, Кыргыз
бейиттери, Кыргыз баатырларынын күмбөздөрү саналат.
Кыргыз этноними үч түрдүү чечмеленет: кырк чоро, кырк кол башчы, кырк баатыр, кырк акылман, кырк чилтен (кырк огуз, кырк ууз, кырк аз); кырда жашоочу, көчүп жүрүүчү (кыр-сахро-огуз), чекун, жянкун, жийегу, чийигуу, хегес, шагас, жылыс, булити; кырк кыз (чилгиз). Булардын ичинен так маанини берип, чындыкка жакыны “кырк чоро, же кырк баатыр” деп чечмелениши. Анын негизин “аз” уруусунун аты менен дегенди билгизет жана байыркы “аз” уруусунун аты менен байланыштуу. Азия “аз”, “аздар”, “аздардын жери”; огуздар “ог аздар”, “гуздар”, таздар “те аздар” деген маанини берип турат.

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...