Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Ак өргөөгө кут түшкөндө

 

[Башы өткөн санда]

 

  Тойчубай Субанбеков

 

 Бири-бирибизге кастык отун жага берип, акырында ушулардын таз кейпин кийип калбайлык. Шондой болбос үчүн кара санатайлардын тилине кирүүнү,

жайыттарды басып алууну токтотуп, киндиктеш урууларга, кабырга туугандарга эле эмес, ары тектеш, ары канатташ, ары өзөктөш элдерге бирдей Түп ордону курган эзелки баатыр ата-бабаларыбыздын насаатын аткаралы. Керээзди аткаруу керек го. “Кошулгандын колу узун, кош кербендин жолу узун” дегендей, эгерде ушинте турган болсок, кастарын тиккендер бу силер менен бизден сезденип, жортуул жасаштан коркушаар. Эгерде ушинте турган болсок, бу силер менен биздин ордобуздагы туубуз далай жылдары желбиреп турар... Канат-бутагыбыз дагы көбөйүп, биримдигибиз абдан бекемделип, жылдызыбыз кайрадан баркырап жанаар, кайрадан ак өргөөбүздө кут толоор. Силердин, биздин каганатыбыз даңкталып, кайрадан алтын казынабызда сан байлык абдан көбөйөр, кулачыбыз узарар, элибиз жыргалга батаар...

 Койкулардын ары дөөлөттүү, ары даңазалуу төрөлөрү Жагылакар хан Атанын абдан орундуу, абдан таасирдүү сөзүнө жүрөктөрү жылып, ийги кебин бөлгөн жок. Шондон улам берилгендик, муйугандык менен угуп олтурушту. Атүгүл алардын айрымдары: “Бу тилинен бал тамган, жүзүнөн нур жанган, көзүнөн мээрим төгүлгөн, сырттандыгы сында жок Жагылакар хандын бактысы опол тоодой болуп турган кези экен го. Кыргыздардын таалайына жаралган тура!”-дешти ичтеринен, айрымдары: “Эгерде карлуктар, эдиздер, басмылдар, курыкандар, татабилер, төнкаралар, эчжендер, байыркулар, таранчылар, меркиттер, туксылар, чөмүлдөр бөлүнүп-жарылып турганын токтотушса, ары кандаш, ары тектеш көчмөн уруулар менен өзөктөш, тагдырлаш элдердин эбегейсиз зор каганатын курган Адил хандай болуп, аларды канатына калкалап, чеңгэли кандууларга кор кылбай багып алчудай экен, баарынын бактысына бүткөндөй болгонун көрсөтчүдөй экен. Жана да азууларын айга жанышкан кара кытайларга, кыжылдаган көп манжуларга талатып-тонотуп турбай, эли-жерин коргоп алчудай, жер жайнаган канзулардын төбөлдөрү, кол башчылары менен тең ата болуп, букараларынын таламын талашып, ажыдаардай оп тартууну каалагандарга булардын жемин тарттырып жибербей турган түрү бар экен. Мындай шер чанда туулат го,”-дешти ниетинде, дагы айрымдары: “Бул биздин элдин каганы болуп калгандачы. Ой, анда элибиздин башына кайрадан күн тууйт эле,”-дегендей  болушту. Беделдүү билгелер хандын ийги кебин коштоп коюшту. Ошонун эртеси Жагылакар хан Ата айкөлдүк кылып, койкулардын сөөлөттүү төрөлөрүнүн ар бирине карышкыр ичик жаап, тулпар чалыш ат мингизип узатты. Айтор, ошондонбу, алардын баары ыраазы болушуп, көрүшкөн урмат-сыйын айтышып, Оркун дайрасынын бойундагы Ордобалык байтагын көздөй көңүлдөрү чалкып баратышты... Бирок, булардын кебин ордодогу кагандын жан-жөкөрлөрү анчалык деле таназар алышкан жок. Ал турсун текеберчилик кылышып, сыртын салышты. Кеп ооздору менен тыңсынгандары: “Кыр-кырдагы кыргыздардын бизге теңелгиче төөнүн куйругу жерге жетет. Ушуну билишпей, алардын билермандары дөөрүй беришет. Бу силер ушуну туйбай жатасыңар. Куш өмүрдүн баркын кут кечкен билбейт, от кечкен билет. Ал силер кечкен жоксуңар да,”-дешип күпүлдөштү.

Кыргыздардын ордосуна барып келишкен дөөлөттүү төрөлөрдүн жылдызы жерге түштү. Шондон улам алар менен кер-мур айтышпай, Жагылакар хандын абдан орундуу, абдан таасирдүү кебине маани беришпегендерге нааразы болушуп, алтын чатырдан маанайы пас чыгышты. Ошо бойдон өздөрүнүн үйлөрүнө тарап кетишти да, кайрадан чогулушкан да, кайрадан ордого келишкен да жок.

  Аскар тоодой заңкайып, кыраан куштай кымпыйган Айбугу чоро муну билбеди, анткен менен түпүттөрдүн шумкар кабак, жылдызы ысык, уруштун сырын жакшы билген, убадага бек кол башчысы Шан-Шацзанга жолугуп, анын жанында бир аптадай болуп, кең-кесири сүйлөшүп, башка мүшкүл түшкөндө жардам берүү керектигин бышыктап, Ата журтуна аман-эсен кайтып келди. Ары адил, ары айкөл, ары шер Жагылакар хан Атанын, ак көрпө жайыл, ай чырайлуу, акылдуу байбичелердин, эр жүрөк чоролордун сүйүнүшкөнү ай! Айбугу чоро баары менен жайдары ырайлашты. Алтын согончок, жез шыргыйдай болгон каныша анын башына суу айлантып чачты да, алтын чөйчөктү кемегеге көмкөрүп койду. Алты канат, тогуз канат ак өргөөлөрдүн ары жагында ойноп жүрүшкөн балдар, кыздар ойунун токтотушуп, кара чаар кабыландын сөлөкөтү түшүрүлгөн байрактын түбүнө топтолушкан аттуу-баштууларды, мырзаларды, инабаттуу жакшыларды карай жүгүрүштү. Көңүлү курсант Айбугу чоро бажыраңдап сүйлөгөнүн токтотуп, биринен-бири ашып, чымын-куйун болуп келатышкандарды карап калды.  Анан аларды утурлап басты да, биртикеден кийин бардыгынын маңдайынан өптү. Балдар, кыздар кыт-кыт күлүшүп, көк жал чорону курчап алышты.

  - Айбугу чоро балдарды жакшы көрөт,-деди ажардуу каныша жаркылдап.

  - Балдар да аны жанындай көрүшөт-деп, балпайган байбичелердин бирөө канышанын кебин коштоп койду. Инабаттуу жакшылар күлүп калышты да, андан соң Жагылакар хандын артынан баары он эки канат ак өргөөгө киришип, беймарал олтурушуп, беймарал сүйлөшүп, беймарал казы-карта жешип, бал кымыз ичишти. Көөндү эриткен көрөңгөлүү кеп көнөктөп төгүлө берди эле, Жагылакар хан Атанын дүргөйү көлдөй чалкыды. Айбугу чоро ушуну туйду бейм, жылдыздуу балдарды, нурдуу кыздарды тамашалап, кайрадан күлдүрдү да, андан соң он эки канат ак өргөөнү карай жөнөмөкчү болду эле, жеткинчектердин бирөө:

  - Бизге табышмак айтып бериңизчи,-деди бадылдап.

  - Табышмакты табаласыңарбы?-деп Айбугу чоро аларды кыдырата карады.

  - Табалабыз,-дешти балдар.

  Айбугу чоро жылдызы ысык булардын көңүлүн калтырбай, өтүнүчүн орундатмакчы болуп туруп калды. Баарынын сүйүнүшкөнү ай! Айбугу чоро күлүмсүрөп башын чайкап койду да, анан табышмак айта баштады: - өйүзгүнүн жылкысы, бүйүз өйдө куйуккан. Топчу кулак боз уйук, айдай албай буйуккан. Тапкылачы, бул мине?

  - Бул деген кыраан бүркүт эмеспи,-дешти балдар.

  - Кызыл ат туруп кеткен, кара ат жатып калган. А бул мине?

  - От менен күл да,- дешти кыздар.

  - Ай-айга багышат, алтын табак кагышат. Күн-күнгө багышат, күмүш табак кагышат? Тапкылачы, бул мине?

  - Бул деген күндүн күркүрөшү, чагылгандын чартылдашы эмеспи,-дешти балдар. Айбугу чоро ыраазы болуп: - Айланайын балдар! Кагылайын кыздар! Эми силер ойной бергиле. Мен ак өргөөдө уй мүйүз тартып олтурушкандардын, айкөл хандын жанына барайын,-деп аларды калтырып, салабаттуу көрүнгөн он эки канат ак өргөөнү карай басты. Чарчаганы жүзүнөн байкалбайт. Жүрөгү туйлап кубангандай. Ак өргөөгө кирип, чечекейи чеч болгон хандын оң жагына олтуруп, чучуктан кыйа кесип жеп, бал кымыздан ичти да, ширин кепке кулагын төшөдү. өргөөнүн ичине алам заматта кут толо түшкөндөй болду. Мына ушуну аксакалдар менен байбичелер да, билгелер менен мырзалар да, чоролор менен айымдар да туюшту. Оомат келип турса ушундай болот эмеспи. Көкө теңир ушуну ыроолоду окшойт. Ырыстуу энелер менен ыкыбалдуу аталар ниетинде ушинтишти. Бирок, эмнегедир кубаныч көп күнгө созулган жок. Ары кашкөй, ары сүрдүү, ары жылдыздуу Жагылакар хан башында турган кыргыздардын Түпүт каганатындагылар менен кайрадан ымаласын жакшыртышып, кайрадан биримдигин бекемдей баштаганын жактырышпаган койкулардын кол башчылары, тархандары жаалданышып, шылтоого шынаа табылып калганына кудуң-кудуң этишти. Анан дагы кандуу жортуулдарды жасашып, далай айылдардын будуң-чаңын чыгарышып, боз үйлөрдү өрттөшүп, келин-кыздарды олжолошуп, малды айдап кетише турган болушту. Кенге да, кайберенге да, илбээсинге да, асыл ташка да бай Алтын тоонун койнундагы, малга жайлуу Миңсуу ойдуңундагы, ажайып кооз Төбө өрөөнүндөгү, Байкөл менен Ысыккөлдүн жээгиндеги, Теңиртоодогу киндиктеш кыргыз урууларынын баатырлары, найзакерлери, журт бийлеген бийлери, эр жүрөк бектери койкулардын бул жоругуна кыжырланышты. Шондон улам баарынын каны шакардай кайнап, аларга болгон жек көрүүсү күчөп, кастык отун жаккандардан өч алууга бел байлашты. Бөтөндөр сыртын салышканы менен, а бул кыргыздардын жапырт көтөрүлүүсүнө тамызгы болуп бергенин сезишти. Кан төгүлгөн уруш, айыгышкан айкаш күчөп, эки-үч аптада басылбастан, далай жылга созулуп кетти. Ошенткен менен айдагардай айбаттуу, кабыландай кайраттуу Жагылакар хандын черүүсү Көкө теңир колдой берди болуп, акырында жеңишке жетишти. Ушундан

кийин кырк уруулуу кыргыздар өздөрүнүн каганатынын аймагын кеңейтишип, ордосун  Энесайдагы малга жайлуу, пендеге жагымдуу өрөөндөн түштүккө, тагыраагы Селенге дайрасы жактагы Лоошан, Туман тоосунун койнуна көчүрүп барышты да, аерди байыр алышып, Таң каганаты менен болгон алаканы күчөтүшүп, байланышты мурдагыдан дагы чыңдаша баштады. Даңазалуу каган Таң Фузуң кыргыздардын бул ымаласына ыраазы болуп, аларга өзүнүн Лий Ши деген ишенимдүү элчисин жиберип, даңкы таш жарган Жагылакар ханга көп белекти тартуу кылды. А турсун алтын сарайдагы эл төрөлөрү, кол башчылары, кеңешчилери менен масилеттешип, мындай пайдалуу учурду текке кетирбөө керектигин алардын эсине салып, кырк уруулуу кыргыздардын жүрөгүндө сырттандай мол кайраты бар ханына “Ата-бабасы баатыр, өзү адил, эр жүрөк каган” деген атак бере турган болду. Ошондой болгон менен, а кээде ойуң оңунан чыкпай калат эмеспи. Баарынан жаманы шум ажалдын айтып келбегени. Шондуктан ажал жолу чилдин арышынан кыска экени ырас го! Күтүүсүздөн эле даңазалуу Таң Фузуң каган каза болуп, бу атак өз убагында Жагылакар ханга жеткирилип берилбей калды. Жарык дүйнө менен коштошуп, көзү жумулган Таң Фузуңдун ордун ээлеп, алтын такта олтуруп, бийлик жүргүзө баштаган Таң Шуанзуң каган ой толгоп, акыл таразалап көрдү да, акырында маркум кагандын жолун улантууну чечип, көчмөн уруулардын, көчмөн элдердин көк жалдары, сырттандары менен алаканы күчөтүүнү каалап, Жагылакар ханга “Баатыр, адал жүрөк каган” деген даңкты берүүнү жан-жөкөрлөрүнө айтты. Алар кагандын айтканын эп көрүшүп, эч кимиси каршы болбоду. Бул жакшы кабар талаадагыларга, токойдогуларга желдей тарады. Шондон улам бул касын тиккендердин канын кайнатса, алыс санагандардын көңүлүн курсант кылгандай болду. Айбугу чоронун кубанычы койнуна батпай чыгып, жүзүнүн жаркыганы, көзүнүн оту чачыраганы ай!

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...