Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Ак өргөөгө кут түшкөндө

 

“... Кыргыздар байыркы эл экендигин дүйнөдөгү залкар чыгыш таануучулар өздөрүнүн баа жеткис илимий эмгектеринде далилдеп койгондугуна карабастан, сенектик мезгилде айрым “утурумдук” окумуштуулар Эне-Сай кыргыздары менен Теңиртоолук кыргыздардын тарыхын бөлүп кароого аракет кылышпадыбы. Тилекке каршы, алардын чындыктан алыс турган көз караштары силерде да, бизде да колдоого алынган. Мындай тымызын колдоонун аракасында алардын көкүрөккө токтобогон көз караштары коомчулукка таңууланып, кыргыздардын VI-ХII кылымдардын ортолугундагы болуп өткөн Эне-Сай доорундагы улуу державасы жөнүндө атайын айтылбай келди. Бирок, мезгилдин калыс таразасы андай “утурумдук” окумуштуулардын калпыс ойлорун чөлдөгү тамыры бошоң тикенектей учуруп кетти. ... аны жөн эле Кыргыз державасы дебестен, Байкөлдөн Теңиртоого чейинки созулган аймакта бийлик жүргүзгөн Кыргыз империясы деп айтсак туура болот. Тарыхта ошол мезгил болуп өткөн!”       [ В.Я.Бутанаев ]

 

  “... Вождем и знаменем борьбы у киргизов был Яглакар-хан, имя которого символизировало эту бежудержную силу (Яглакар по древнетюркски - “снежный вихрь”, “буран”).                           [ А.Н.Бернштам ]

 

... Кыргыздардын каганынын буйругу (баш вазири) жетимиш миң атчан кошуунду баштап барып өге каган жашырынган кара арабалуулар менен шивэй элин алсыратып, ал жерден койкуларды туткундап, түндүккө карай көчүрүп, Чулун дайрасынын боюна алып кеткен экен.  [ Кытай булактарынан ]

 

Тойчубай Субанбеков

 

... Күн чырайлуу айалдардын үчөөсү жаркылдап, канышанын жок экенин билдирбей, бапырактап сүйлөшүп олтурушкан беделдүү бектердин, беделдүү билгелердин, койкулардын жеринен келген ары дөөлөттүү, ары даңазалуу төрөлөрдүн алдына дасторкон жайып, казы-карта, чучук, керчөө, уча, куурулган кыргоолдун, тоодактын, каракурдун этин, боорсок, көмөч, алтын чөйчөктөргө салынган бал менен каймакты, күмүш чөйчөктөргө салынган сары майды, чөбөгөнү коюп, түрдүү тамак-ашты жайнатып, абдан кооз көөкөрдөн бал кымызды арча кеселерге мелт-калт куюп, меймандарды жадырап-жайнап тейлей баштады. ... Сөөлөттүү төрөлөр ыраазы болушту бейм, күн чырайлуу аларды суктана карап коюшту. Тигилер ыйбаа кылышып, барктуу меймандарды тике карашкан жок. Куурулган тоодактын, кара курдун, кыргоолдун этинен жешип, чучук менен казы-картадан эки-үч сугунушуп, бал кымыздан ичкенден кийин эле кылгырышып, ары ыйбаалуу, ары сарамжалдуу, ары ажарлуу аялдарды жанагыдай суктана карашпай калышты. Айтор, ошондонбу, эмнегедир жайнаган тамак-аштан алып жегилери, ичкилери келбей да калышты. Чөлдө, ойдо жүрүшүп, мындай даамдуу оокатты көбүрөөк жегенге көнүшпөгөндөр да. Беделдүү билгелер антишпей эле бажыраңдашып, бирде чучуктан, бирде казы-картадан, бирде тоодактын этинен кыя кесип жешип, бал кымыз ичип, куйулуштура сүйлөшүп, коноктордун дүргөйүн өздөрүнө бурушту. Күн чырайлуу айалдар үн катышкан жок. Кыйладан кийин меймандардын бир тобу койкулардын башына күн тууп, алтын чатырына кут толуп, ооматы жүрө баштаганда карлуктар, басмылдар менен биригип, көк түрктөрдүн каганатына селдей каптап кирип, черүүсүн кыйратып

 (Эскертүү: Бул 742-жылы болгон. Мына ошентип койкулар, басмылдар, карлуктар экинчи Түрк каганатынын бийлигинен биротоло кутулган. Күч кубаты дайрадай ташкындаган басмылдардын жүрөгүндө сырттандай кайраты бар башчысы Этерис ыңгайлуу учурдан пайдаланып, өзүн каган деп жарыялап, алтын такта олтурган. Бирок, арадан үч жыл өткөндөн кийин койкулар биримдигин бекемдеп, карлуктар менен бирге болуп, басмылдардын Элтерис каганын алтын тактан түшүрүп, бүткүл бийликти өздөрүнө алышкан. Көчмөндөрдүн кең талаасында ары жаңы, ары кубаттуу Койку каганаты пайда болгон. Бул 745-жылы эле.), ордосун кылганын жана казынасындагы байлыктарга байлык кошулуп, ханзулар да салык төлөр кез болгонун, казыр андай болбой баратканын айтып, оор улутунуп койушту, бир тобу кепке кулак төшөп, ордунан козголуп койушпады. Жагылакар хан ыйбаалуу айалдардын илбериңкилигине, кадырлуу конокторду астейдил тейлегенине жүрөгү жылыгандай болду, анткен менен анысын билдирбей, байистүү сүйлөп, кээде кымыз ичип, кээде казы-картадан жеп, беймарал олтурду. Бир маалда күн чырайлуу аялдар кетип, ак өргөөдө беделдүү билгелер, койкулардын даңазалуу төрөлөрү, кырк уруу кыргызга кадыры артык хан эле калды. Сырттан эч ким кирген жок. Ортодо өрттөн кайра тартпаган, өлүмдөн кайра качпаган Айбугу чоро, Тану Алп Сол, Тутун Ынанчы, Чугу Алп Сол, Удгу Алп да жок эле. Дөөлөттүү меймандар анын казатта, жортуулда жасаган эрдигин биле турган. Бирок, ал мындан бир нече жыл мурда: “Койкулардын өлкөсү чындыгында чакан өлкө. Бир кезде мен бул өлкөгө жортуул жасап, алар менен урушканмын. Бирок, капысынан эле падыша каза болду деген суук кабарды угуп, өзүмдүн жеримди карай кайтууга аргасыз болгом”-деп, өкүнгөндөй айткан (Эскертүү: Ал эми бул 821-жылы болгон. Түпүт каганатынын кол башчысы Шан-Шацзан жетектеген азар түмөн черүүсү Оркун дайрасындагы өрөөндү басып кирген. Ушул кыргындуу жортуулдун айынан койкулардын каганаты аз жерден кыйрап кала жаздаган. Буга көйкашка кол башчы Шаң-Шацзандын күтүүсүздөн ордого шашылыш жөнөп кетиши себеп болгон. Мындай болбосо, койкулардын ойрону чыкмак. Ошол учурда боз улан чагы эле, Алтын тоонун койнундагы Алтын көлдүн жээгинде черүү өнөрү менен шугурланып жатышкан боз уландардын арасында болучу.) түпүттөрдүн кол башчысы Шаң-Шацзан менен жолугушканы кечээ кечинде жөнөп кеткен. Мына ушуну даңазалуу меймандар билишпей турган. Эгерде билишкен болсо, кыргыздардын ханынан сурашмак. Антишпей олтурушканы да ушундан. Беделдүү билгелердин бири да бул тууралуу ооз ачпады. Бирок, баары сыпаалыгын, кеп кадырын, тууган кадырын, жер кадырын, эл кадырын биле тургандыгын көрсөтүштү. Койкулардын төрөлөрү да ушуну сезишкендей болушту. Баштарынан далайды өткөрүшкөн эмеспи. Анын үстүнө өздөрүнүн жеринде эмес, кыргыздардын ата журтунда, Жагылакар хандын ак өргөөсүндө. Күн чырайлуу үч айал кайрадан кайтып келген жок. Даңазалуу төрөлөр эмнегедир жүзүндө сүйкүм да, сүр да бар Жагылакар хандан сүрдөшкөндөй болушуп, текеберчилик кылышпай, кээ бирөөсү ак өргөөнүн көздүн жоосун алган ички жасалгасына суктана караса, кээ бирөөсү тартылган абдан кооз туштуктун үстүнө илинген алтын комузду, алтын кылычты, алтын калканды, дагы бирөөсү бетине түгөйлүү илбирстин, түгөйлүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп, чылк күмүштөн жасалган каалганы, дагы бирөөсү босого жактагы алтымыш айры ак бугунун башын, чамгарагы чылк алтын түндүктү жана жолборс менен сүлөөсүндүн терисин, кыраан бүркүттүн текөөрүн, эки капшыттагы эки алтын ала бакандагы ханга таандык жоо жаракты, жоо кийимди карашып, ичтеринен ой толгошту. Бирок, боор толгошкон жок. Далайды көргөн, далайды билген, башына кыргагы алтын чөгөрүлгөн, төбөсү бийик, ажолук ак калпак, үстүнө ажолук ак кементай, бутуна кончу кең, өкчөсү бийик, боз, ажолук өтүк кийген (бул ордо кийими болгондуктан, нооча бойуна, москоол денесине, жылдыздуу жүзүнө, алп мүчөсүнө куп гана жарашып калган) Жагылакар хан Ата куду ушуну сезди. Сезгени менен каардана кабагын бүркөбөй, күп-күп эте күпүлдөбөй, кайрадан казы-картадан жеп, кайрадан бал кымыздан ичти да, кыйладан кийин сөөлөттүү төрөлөрдү карап:

  - Бу силердин кол башчыңар менен тархандарыңар (Эскертүү: Тархандар - аксөөктөрдүн мансап наамы, чакан аймактын башкаруучулары) Мойун-Чур кагандын (Эскертүү: Ал 758-жылы кандуу жортуулдарды жасап, Кыргыз каганатынын кыйла жерин басып алган. Мына ушундан тартып, кыргыздардын элчилери Таң каганатынын алтын сарайына каттай алышпай калган.) камчысын чапкандарга окшоп, кабырга тууган экенибизди эстеринен чыгарып, кырк уруулуу кыргыздарга кастарын тиккендердин, Кыргыз-Атанын кулундарынын кайрадан бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу үчүн бириге баштаганын көрө албагандардын тилине кирип, “Кыр-кырдагы кыргыздарга кара уйсундар менен кызыл уйсундар, сары уйсундар кайнаса каны кошулбайт. Кыпчактар да ушундай эле” дешет. А турсун айрымдары ата-бабанын жоокердик салтын бузуп, далай жолу күтүүсүздөн кол салып, тынч жаткан айылдарыбызды чаап, жайыттарыбызды басып алышты. Эл тегин Бука кагандын, Төлүш кагандын (Эскертүү: Эл тегин-Бука кагандын (759-780), Төлүш кагандын (789-790) тушунда койкулардын каганаты өтө күчөгөн. Булардын кошуундары Таң каганынын черүүсүнө жардамдашып, буларга каршы көтөрүлгөн тополоңдорду басышкан. Каратып алышкан аймактарда койкулардын үстөмдүгү жужаңдардын, түрктөрдүн запкы көрсөтүүсүнөн да азаптуу, абдан оор болгон. Шондуктан кыргыздардын бектери, бийлери далай жыл түштүктөгү хандыктар, каганаттар менен карым-катнаш жасай алышпаган.) колу кандуу жан-жөкөрлөрүнүн жолун улантышып, ашкере таш боордук кылышты. Шондон улам карылар менен жаштарыбызга запкы көрсөтүштү, малыбызды айдап кетишти. Кайнаса каны кошулбагандарды ылым санашып, кара санатайлардын шайысына, жибегине, алтынына, күмүшүнө алданышып, алардын айдактаганына көнүшүп, бизди теңине албай турган болушту. Көгөргөн көктө Көкө теңирдин каарына калган жаман болот. Ушуну туйушпай өздөрүнчө жаңылып жатышат. Силер булардай эмессиңер. Ким жат, ким кас, ким өз экенин билесиңер. Ажыдаардын оп тартканынан коркуу керектигин, журт бузарлар менен табакташ болбоо керектигин билесиңер. Шон үчүн менин ордомо келип, менин кебимди угуп олтурасыңар да. Бул болсо, силердин эзелки ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлаганыңар. Мен силерге ыраазымын. Силердей эстүүлөр көп болсочу! Тебекердүүлөрдүн, күчү менен байлыгына чиренгендердин, кан төгүүнү самагандардын катары азайар эле. Ичинде кара кылы айланбагандар сүйдүрүп, көңүлүндө кыпындай кири жоктор күйдүрүп айтат эмеспи. Кыпчактар бизге бөтөн эмес. Алар менен биздин каныбыз бир, жаныбыз бир. Эр Төштүк кыпчактардын эле эмес, биздин да бабабыз. Биз да, кыпчактар да Кыргыз-Атанын кулундары болобуз. Күнбосун деген ажо бабабыз уйсундардын даңкын чыгарып, Хан каганатындагылардын жүрөгүн түшүрүп турган. Далай уруу, далай эл ага баш ийген. Ары сырттан, ары шер Күнбосун ажо бабабыз: “Жайыттуу болсо - төл өсөт, ынтымактуу болсо - эл өсөт. Бириккен эл озор, бирикпеген эл тозор” деген накылды такай айтчу экен. Даңкы дабандарды ашкан Күнбосун ажо бабабыздын (Эскертүү: Талас, Иле дайраларынын ортосунда, Теңиртоонун батышында, Ысыккөлдүн кылаасында көчүп-конуп жашаган уйсундар биримдигин бекемдешип, б.э.ч.160-жылдан тартып, кайрадан күчтөнө баштаган. Булардын эң чоң ажосу Күнбосун болгон. Ары акылдуу, ары шер Күнбосун ажонун ордосу Ысыккөлдүн түштүк тарабындагы Кызылкоргон деген шаарда жайгашкан. Далай жылдары Ата журтун жоодон коргоп келген. Жоокерлери жүз миңден ашкан. Азар түмөн черүүнү оң канатка, сол канатка бөлүп, жалындан жалтанбаган жоокерлердин арасында тартипти катуу, абдан катуу сактаган. Ал эми Хан каганатынын кол башчылары, журт бийлеген төрөлөрү уйсундардын күч-кубаты дайрадай ташкындап баратканын туйушуп, алар менен алакада болуу үчүн эки-үч жолу элчилерин жиберишкен. Атургай шоораты далайга жеткен Күнбосун ажого тектүү жердин ай чырайлуу кызын берүүгө барышкан. Шондуктан уйсундар менен Хан каганатындагылардын байланышы мурдагыга караганда кыйла жакшырган.) бул айтканын силерге мен жөн айтып олтурган жокмун. Бул жашоодо байлык эле байлык эмес, а биримдик байлык! Ушуну сезели баарыбыз. Жоолаша бергенден эч пайда жок. Биримдиктин бекем болбогондугунан, ынтымактын ыдыраганынан, өз ара чабыша бергенден улам түргөштөрдүн каганаты кыйрап калды (Эскертүү: Түргөштөрдүн каганаты 704-жылдан тартып, 766-жылга чейин болгон. Ушул жылдардын аралыгында түргөштөрдүн эр жүрөк кагандары бөтөн жерлик баскынчылар менен тайманбастан далай жолу салгылашкан. Алардын эрдиктери тарыхка белгилүү. Ал эми сыр-тардуштар 627-жылы көп түрктөрдүн кагандарына каршы күрөшүп киндиктеш уруулары менен биригип, булардын каганатынан бөлүнүп чыккан, 629-жылы койкулар, байыкулар менен бирдикте кандуу жортуул жасап, Чыгыш түрк каганатынынын ордосу жайгашкан өткөн тоону ээлеп, өздөрүнүн каганатын курган. 630-жылы ордосун өткөн тоодон Тугла өрөөнүнүн бойуна көчүрүп, абдан кубаттуу каганат болуп калган. Кийинчерээк сыр-тардуштардын жоокерлери Таң каганатынын түндүк аймактарына жортуулга барып турган. 645-жылы булардын бийлигине баш ийген койкулар, баркуттар, тоңзалар төкөрүнө жасап, Таң каганатынын черүүсүнө жардам беришкен. Шондон улам сыр-тардуштардын каганаты 646-жылы кыйроого учураган.).

 

[ Уландысы бар ]

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...