Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Улуу ойчул аалым

Абу Наср Аль-Фараби

 

Мурзапар Үсөн

 

  Орто Азияда маданияты гүлдөгөн орто кылым шаарларынын бири Отрар. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей бул шаардын азыр орду түбү жок. Казак Республикасына караштуу Сыр боюнда болгон деген божомол айтылат. Оо, адам баласынын колунан, оюнан, көкүрөк дилинен жаралган не деген асылдыктар каар заман сапырыктарында, жер жарылткан жапырыктарында күлү көккө сапырылып жер менен жексен кылынбады. Ошондой шаарлардын бири Отрар болчу. Орто Азияда маданияты гүлдөгөн илимпоз аалымдардын бешиги болчу. Даңктуу Отрар кутбуканасы (китепканасы) Египеттеги Александрия китепканасынан кийинки илимпоз-окумуштуулардын уясы аталган. Мындан Орто Азиянын даңктуу

аалымдары Авеценна, Беруний, Рудаки, Фирдоси, Аль-Фараби, Низамилер окушкан.

  Бул шаардан кыпчак окумуштуулары Аль-Фараби баш болгон төмөнкү аты аталган аалымдар чыгышкан: Исхак ал-Отрари, Исмаил ал-Жаухари, Жамал ал- Түркстани, Ал-Сыгнаки, Ал-Кыпчаки ж.б.

  Бирок, орто кылымда гүлдөгөн ак шаар Отрар 1218-жылкы Чыңгызхандын Орто Азияга жасаган жапырыгында күлү көккө сапырылган. Китепкананын төрт миңден ашуун булгаары китептери Монголияга ташылып кетилген. Бул шаар жөнүндө казак акыны Олжас Сулейменов эң сонун “Отрар” деген ыр жазган. Ырды окуп отуруп Чыңгызхандын жапырыгында кыйраган шаарды көз алдыңа тартасың. Орус тилинде жазылган ырды кыргызчалаганга тил жетпеди, табиятын бузуп албайын деп кол да барбады. Балким, көкүрөк дүйнөсү төгүлгөн котормочу да чыгар. Азыр орусчасын бере туралы:

Города возникали как вызов полоской природе.

И гибли в одиночку. Старики,

Я хочу знать, как погибли мои города!

... Сырдарья погоняет ленивые, желтые волны.

Белый город Отрар,

где высокие стены твои?

Эти стены полгода горели от масляных молней,

Двести дней и ночей здесь осадные длились бои.

Перекрыты какалы -ни хлеба, ни мяса, ни сена,

Люди ели погибших

и пили  теплую кровь,

Счет осадных ночей,

Майским утром прервала измена,

и наполнился трупами длинный извилистый ров.

Только женщин щарили

Великих, измученных, горьких,

Их валяли в кроваво грязи

Возле трупов детей,

и они, извиваясь, вонзали

в монгольские горла,

иступленные жала

изынутых тонких ножей

Книги, книги, горели,

Большие лохматые книги,

По которым потом затоскнует спаленный Восток,

Не по ним раздавались

протяжные женские крики.

В обожженных корнях затаился горбатый росток.

  Аль-Фараби биздин замандын 870-жылы Сырдарыяга Арыс дайрасынын куя беришиндеги Фараб шаарында кыпчак үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Фараб шаары кийинчерээк Отрар деп аталып калган. Ал азыркы Чимкент облусунун Шаульдер районунун аймагында жайгашкан. Бекеринен байыркы Отрар шаарынан улуу ойчул Аль-Фараби чыкпагандыр. Көзүнүн тирүү кезинде Аристотелден кийинки адамзаттын экинчи окутуучусу деп аталбагандыр. Тилекке каршы, аалымдын өмүр таржымалы биздин күндөргө жеткен эмес. Аль-Фараби жаш чагынан эле сапар жолдо көп жүргөн. Өмүрүнүн бир топ бөлүгүн Араб халифатынын саясий жана маданий борбору болгон Багдадда өткөргөн. Өз доорунун белгилүү окумуштуулары менен тыгыз байланышта болгон. Анын каныккан көзкарашы Мисирдин (Египет) Александрия китепканасында түптөлгөн. Эркин ой жүгүртүүлөрү дин кызматкерлерин чогулткан. Аргасыз Багдадды таштап кетүүгө мажбур болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Алеппо жана Дамаск шаарларында өткөргөн. 950-жылы декабрда 80 жаш курагында көз жумган.

  Илимпоздун ар тараптуулугун анын бардык илимдер менен байланыш бардыгын далилдейт. Араб, фарсы, латын, грек, түрк тилдери анын эне тилиндей сүйлөшө алгандыгы менен илимге жол ачып отурган. Бирок, Аль-Фараби мурда, б.а. биздин замандын 1960-жылдарына чейин араб ойчул-илимпоздору катары бааланып келинген. Кийин совет доорунун алтымышынчы жылдары гана окумуштуунун теги түрк, гуздардын жети кашка (кыпчак) уруусунан экендиги такталып казак жазуучусу Ануар Алимжановдун “Возвращение учителя” (“Устаттын кайтып келиши”) деген романы жарык көргөн. Анын эл оозунда айтылып калынган укмуштуудай музыкага болгон жөндөмдүүлүгү төмөндөгүдөй сүрөттөлөт. Аль-Фараби окуган окуу жайы шаардын чок ортосунда таш майдан аянттарынын четинде экен. Ары-бери өткөн адамдар күнүгө таң эртеде жаңырган кыпчак-саздын авазына кулак төшөп басылганча кетпей тура беришчү экен. Бул ким, кандай керемет үн деп таң калышчу. Бир күнү эл таш майданга жыкжыйма чогулушуп, окуу жайынан жанагы кыпчак-сазык черткен жигити чакыртышып ойноп берүүсүн суранышат. Жапжаш жигит эгиз секичеде туруп ушунчалык бир жан дүйнө ышкысы менен чертип кирет. Алгач чертилген күү муңдуу эле. Турган элдин баары өткөн азаптуу күндөрүн эстеп ыйлашат. Анан шаттуу күү ойнолгондо тургандар жан алдары калбай бийлешет. Анан эле мемиреген күү көшүлтө жан жыргатып, бийлеп чарчаган эл отуруп угушат. Канчалык узак чертилген күүнүн басылганын да билишпей уйкуга кетишет. Ошондо жигит акырын кыпчак-сазын секичеге коюп “Бул кыпчак жигити Аль-Фараби” деп жазып кеткен болот. Кийин жаш илимпоз жигитти Отрардын эли таппай калышат. Ал билимин улантканы Египетке кеткен болчу. Элдин көкүрөгүндө өмүр бою унутулбай калган күүнү черткен ошо фарабилик жаш жигит Абу Наср эле.

  Ырас, Аль-Фараби илимде идеалист катары бааланат. Ал эркин ой жүгүрткөндүктөн, анын философиясынын негизги предмети догмага же кандайдыр бир нерсеге ишенүүгө эмес, акыл-эске негизделген.

  Аль-Фарабинин илими “Акыл-эстин (сөздүн) мааниси тууралуу окуудан” турат. Ал эми “Химия искусствосунун зарылчылдыгы жөнүндө” жана  “Галенге каршы туруу жөнүндө” трактаттары Отрардын бул улуу ойчулунун илимий кызыгуучулугу ар кайсы тармакты камтыгандыгын көрсөтөт. Аль-Фараби кайсы гана илимдин тармагы боюнча алектенбесин жаратылыш жана аны таануу процессинин бүтүндүгүнө таянган “Илимди классификациялоо тууралуу”  трактатында азыркы доорго шайкеш келген жалпы илим, логика жана тил илими боюнча окуулар бар.

 

  Аль-Фарабинин акыл-эс жөнүндөгү окуулары философиядагы зор жетишкендиги. Мында акыл-эстин ар кандай маанилери “потенциядагы”, “чыныгы көрүнүштөгү”, “үйрөнгөндүктөгү” жана “ишмердиктеги” акыл-эс иликтенген. Ал объективдүү-идеалдуулук түшүнүккө таянган адамзаттын акыл-эси менен бытьенин биримдигинин диалектикасын ачып берген. Аль-Фарабинин “ишмердик акыл-эси” бул жашоонун жөн гана кыймыл-аракети эмес, бул бүтүндөй дүйнөгө таандык болгон акыл-эс.

  Акыл-эс бул - түбөлүктүү. Ал эми индивид өтмө, өлөт да кайра жаралат. Адам жанынын өлбөстүгү маселесине келгенде улуу ойчул орток пикирди карманган, мында кайрымдуу, ырайымдуу асылзаада адамдар гана өлбөстүккө ээ, ал эми зөөкүр, зулум адамдардын жаны жашабайт экен. Ошол эле учурда Аль-Фараби Пифагордун жандын өтүп кете тургандыгы тууралуу түшүнүгүнө каршы чыгып, жан денеден мурда жашабастыгын айткан. Бул маселе диний ортодокс менен философиянын ортосунда курч күрөштү пайда кылган.

  Диний ортодокстун көз карашына ылайык келбеген дагы бир маселе Аль-Фарабинин бардык адамдардын бирдейлиги жөнүндөгү гумандуу, демократиялык окуусу. Адамдын жарык дүйнөгө жаралганда кошо келген акыл-эсинин болбостугу жөнүндөгү гносеологиялык принципти өнүктүрүп, адам акыл-эси менен төрөлбөстүгүн, акыл-эске кийинчерээк гана жетишерлигин айткан.

  Аль-Фарабинин теория менен практиканын байланышы тууралуу ой жүгүртүүлөрү теоретикалык жана эмпирикалык илимдердин тарыхында зор роль ойногон. Мында ал физиолог-экспериментатор Галендин жалаң гана практикалык тажрыйбаларга таянып жыйынтык чыгаргандыгын четке каккан.

  Улуу ойчул чындыкты практика менен теорияны байланыштырып изилдөө менен гана табууга болот деп айткан.

  Аль-Фараби илимдерди квалификациялоодо негизинен беш бөлүккө бөлгөн: тил илими, логика, математика, физика жана метафизика, граждандык илим. Бул тармактардагы анын окуулары адамзат доорлорун камтыган илимдердин өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген. Даңктуу илимпоз-окумуштуунун эмгектери азыркы күндө да өз күчүн жоготпой Египеттеги Александрия китепканасында сакталуу:

  1. “Толим ас-сани” (“Экинчи окуу”)

  2. “Илимдерди категорияларга бөлүү жөнүндө”

  3.  “Кең пейилдүүлөрдүн шаары”

  4. “Философиялык трактаттар”

  5. “Математикалык трактаттар”

  6. “Логикалык трактаттар”

  7. “Потоломейдин Альмагестасына түшүндүрмөлөр”

  8. “Акыл-ой жана илим жөнүндө”

  9. “Китаб ал-мусик” (Музыка жөнүндө китеп) 

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...