Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Атилла – Адилкан

 

“Теңирдин камчысы” Европаны камчылаган ошондо. Эми Атилланы токтото турган күч дегеле калбагансыды

Мурзапар Үсөн

 

  Атилла (Адилхан) 395-453-жылдарда өмүр сүргөн түрк уулу. Гуздардын жетикашка уруусунан. Ал Чыгыш Рим империясын да, Батыш Рим империясын да чөгөлөткөн, кол башчы. Атилла - “теңирдин камчысы” аталган. Ал Мунжуктун уулу болгон.

  Улуу гунн (хунн) империясынын бир учу Кытайда, бир учу Европанын киндигинде жаткан. Чыгыш Рим империясы да, Батыш Рим империясы да көзүн карап, алык-салык төлөгөндүктөн Мунжук “бейпилчилик аманатын” берип, келишимди орундап, кандуу жоругун токтоткон.

  Мейкин талаанын уулу болгон Атилла Римде тил, кол куроо өнөрүн үйрөнүп, саясатты жүргүзүүгө каныккан. Ошону менен катар римдиктер хунндарды (гунн) көзүндө огу болсо аткыдай жек көрүшкөн.

  Алгач Атилланын атасы, ага удаа акеси дүйнө салат. Ошентип, Атилла үкөсү Бледа экөө Батыш хунндарынын тагына отурушат. Атиллага караган аймактар Византия империясына кошуна жайгашкан. Андыктан аны менен тынчтык келишимине кол коюшкан. Атилла хунндарга караган калктар менен өлкөлөрдүн бири борборго баш ийишин камсыз кылууга, мамлекетти күчөтүүгө өмүрүнүн 6-7 жылын жумшаган. Өз өлкөсүндө темирдей бекем тартип орноткон соң коңшусу менен келишимди бузган. Селдей каптаган атчан колу менен Византиянын сепилдерин биринин артынан бирин алып Таракияга дейре жеткен.

  Византиялыктар хунндарга (гунн) туруштук бере албай багынышып, аргасыздан келишимге кол коюшкан. Бирок, Атилла кийин келишимди нечен жолу бузуп, алсыздарга мурдагыдан бетер катаал шарттарды таңуулоону адатка айланткан. Византиялыктарда Атилла өлсө гана кордук-зордуктан кутула тургандай ой пайда болуп, ага астыртан кол салууларды уюштурушкан, бирок тилектери таш каап турчу.

  Атилла Азия менен Европаны хунн (гунн) байрагынын алдына бириктирүүгө аракеттенди. Ошол оюн орундатуу үчүн Азияда мамлекеттик түзүлүштү күчөтүүгө чара көрө баштаганда үкөсү Бледа (442-жылы) өз черүүсүнөн мертинген. Ошентип, бүткүл хунн (гунн) империясын Атилла жалгыз бийлеп калган. Ал мурда деле күчтүү, Европаны чөгөлөткөн, эч ким тең келбес кубаттуу мамлекет эле. Антсе да Атилланын тушунда гана темирдей бекем тартип орногон империяга айланды. Айрым тарыхчылар Атилланы бүткүл ааламга үстөмдүк кылууну самаган уюштургуч жана улуу император катары көрсөтүшкөн.

  Ал маданиятка зор маани берген батыштагылар аны мыкаачы, наадан (варвар) сыяктуу көрсөтүүгө аракеттенишет. Бирок ал жоолоп алган элиндеги илимпоздорго аябай көңүл бургандыгын, грек жана латын ойчулдарын, адабиятчыларын айланасына жыйгандыгын жашыра алышпайт.

  Атилла өзү шаман дининде болгонуна карабастан, бардык диндерди, динчилерди урматтаган. Кошуна Рим калаасынын капкасына таяган кезде, Папа аларды ичкери киргизбөөнү суранып чыгат. Атилла анын сөзүн жерге таштабай, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган калдайган колун алып кайра тарткан. Адамзаттын төрт миң жылдык тарыхынан мындай мисалдарды табуу өтө кыйын.

  Жердин жети казнасы колунда турса да Атилла карапайым турмуш кечирип, сепилде черүүлөрү менен кошо туруп, аларга берилген эле тамак-ашты ичип, жеген. Батыштын изилдөөчүлөрү Атилланын ушундай карапайым турмушун эч бир түшүнө албаган жана Улуу хунн (гунн) империясынын “кийиз үй маданияты” деген ат менен кемсинткилери келген. Ал эми кийиз үйдүн өзүндө кылымдарга кымбат маданият бар экендигин бүгүн гана билип отурушпайбы.

  Атилла римдиктер менен готтордун арасын ажыратууну өз империясынын келечегине пайдаланган. Бирок, готтор жалгыз калса Атилла туруштук бере албасын жакшы түшүнгөндүктөн римдиктерден бөлүнбөй, кайра алар менен ынтымакташып кетишкен. Андыктан Атилла жарым миллионго жакын кошуну менен готтордун Батыш чек арасына жетип, Орлеан калаасын камайт. Орлеандыктар алсырап багынганы калганда күргүштөгөн рим-гый кошуну жакындаганын угат. Жоо менен өзүнө ыңгайлуу жерде беттешүү үчүн Атилла Камоолду таштап, Шалкон өрөөнүнө барып, салгылашты күтөт. 451-жылы жазында бул жерде дүйнөнүн эң алаамат согуштарынын бири болуп өткөн.

  Хунндар (гунн) жер жарган ураан менен жоону карай албуут бороондой каптаган. Римдиктердин черүүсү дароо эле талкаланып, байрактары аттардын алдында калды. Батыш гот черүүсү кандай күнгө дуушар болгонун аңдай албай эси оогон. “Теңирдин камчысы” Европаны камчылаган ошондо. Эми Атилланы токтото турган күч дегеле калбагансыды. Дүйнөнү өзү жалгыз бийлей турган сыяктанды. Бирок, Теодористин уулу Торисмунд кошундун тизгинин дароо алып согушка кирген. Жаралуу жолборстой жаны ачынган готтор жаш королунун деми менен кайра чабуулга чыкты. Жеңишине магдырай түшкөн хунндар капыстан урулган катуу соккудан улам эси эңгирей түшкөн. Антсе да Атилла бул жолу да көсөмдүгүн көрсөтүп, колун кыйроодон сактабастан ал гана турсун, жеңишке жеткирген.

  Кийинки жылы ал Римди кайра камаган. Рим багынганы калганда Папа Леон эки консул менен Атиллага келип, римдиктердин кашык канына арачы түшкөн. Папанын өтүнүчүн Атилла эмне үчүн орундаганынын себебин тарыхчылар ушул убакка дейре түшүндүрө албай келишет.

  Атилланын эмики ниети Кытайды жоолап Азия менен Европада аалам кагандыгын куруу эле. Бирок 453-жылы Бургундиянын королунун кызы Илдикага үйлөнгөн түнү мүрт кеткен.

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...