Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Бабалар баскан из менен

Султан Абдырахманов

 

  Кылымга сиңип кеткен ата-бабалардын баскан изи, ташка тамга кылып коюп кеткен көөнө мурастары менен таанышуу аракети башта илим адамдарынын жекече демилгелери менен илимий түз багыттар боюнча гана ишке ашырылып келсе акыркы кездерде мамлекеттик деңгээлде маани бериле баштады. Буга 2002-жылы президентибиз Аскар Акаев өзү жетекчиликке алган официалдуу топтун Монголиядагы “Кыргыз Нур” көлүнө, Хакасиядагы “Алтын көл” жакасына барып, ошол жерлерде дөөлөт күткөн, ордо курган байыркы жана орто кылымдардагы Кыргыз ата бабалардын өрүш кылган жайыктарын көрүп, зыярат кылып келгендиги олуттуу мисал болсо, быйыл, 2003-жылдын 15-июнунан  29-июнуна чейин Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылынын урматына Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин демилгеси менен уюштурулган Кыргыз-Россия тарыхчы окумуштууларынын биргелешкен чалгындоо экспедициясы экинчи далил. Россия Федеративдүү Республикасынын курамындагы Хакас, Тыва, Тоолуу Алтай республикаларынын бүгүнкү бизге көп анча коошо бербегени менен байыркы баатыр мүнөз бабалардын баскан издеринин таржымалдары калган аймактар экендиги талашсыз тарыхый чындык. Булар тууралуу башта эле илим ааламында бир далай мисалдар, фактылар айтылып, тастыкталган. Мына ошондуктан чалгындоо экспедициясынын иш аракети ушул максаттын өзөгүнө багышталып, топко И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин ректору, тарых илимдердинин доктору, профессор Аблабек Асанканов жетекчилик кылып курамына Хакас Республикасынын мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын башчысы, профессор, тарых илимдеринин доктору Виктор Яковлевич Бутанаев, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору, археолог, тарых илимдеринин доктору Юлий Сергеевич Худяков, Кыргыз улуттук университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Олжобай Каратаев, И.Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Сынару Алымкулова жана жалпы маалыматты табылгаларды тасмага түшүрүп материал топтоо тапшырмасы Кыргыз Улуттук Телерадиокорпарациясынын жетекчилиги тарабынан тапшырылган мен, Султан Абдыракманов, кошулган атайын топ алдын ала түзүлгөн маршруттук багыттар боюнча Хакас Республикасынын борбору Абакан шаарынан жумушубузду баштадык.

  Хакас Республикасынын аймагы кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхый маалыматтары өтө көп сакталгандыгы менен башка коңшу республикалардын аймактарынан айырмаланат экен. Бүгүнкү тарых изилдөөчүлөргө, тарыхка кызыккандарга көнүмүш болуп калган бейит башына коюлган таштардын Уйбат, Сары Жазы, Аскиз, Кыргыз жазы, Алтын көл, Шира, Оңло (Сандык) ж.б.өрөөндөрүндө жүздөп эсептелип тургандыгына өзүбүз күбө болдук. Археолог, Новосибирь университетинин профессору Юлий Сергеевичтин берген маалыматы боюнча Хакасияда эле жүз миңден ашуун кыргыздарга тиешелүү таштан тургузулган эстелик белгилер бар. Шира көлүнүн жанындагы Оңло өрөөнүндө байыркы кыргыздардын жаралыш тарыхы боюнча маалыматты берген легендарлуу жер бар экендигин, о.э.ушул аймагы эң бийик чокунун “Кыргыз обсерваториясы” деп бүгүнкү күнгө чейин атааларын белгилеген профессор, хакасиялык илимпоз Виктор Яковлевич Бутанаев, байыркы кыргыздарда асман таануу илими кандай өнүккөндүгүн ушул жерден адистер иликтесе жаңылышпас эле деген пикирин билдирди. Экспедициянын сапарында тарыхый маалыматтар катылган аймактардагы өзгөчө маалыматтарга көңүл бөлүү изилдөө аракеттеринин жемиштүү болгондугунун бир далили башта тарых илиминде жалпы кыргыздарга тиешелүү деген пикирден ары узабаган жалпылаштырылган маалыматка тактоо киргизилгендиги болду. Профессор, экспедициянын жетекчиси Аблабек Асанканов менен эн-тамга таануучу Олжобай Каратаев “Уйбат чаатастар” же болбосо “Согуш таштары” аталган таш балбалдарга чулганган көрүстөндөр шаарчасынан 40ка жакын бүгүнкү Кыргыз-

 

стандагы уруулардын, уруктардын эн-тамга белгилеринин ташка чегилгендигин табышты. Уйбат өзөнү ортосунан жарып өткөн Сары жазы аймагынын койнундагы бул таш эстеликтердин айланасы 840-жылдары кыргыз дөөлөтүнүн жылдызы жанган мезгилинде ордо болгондугу тарыхта белгилүү. Ал эми ошол айланада эле бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүргөн “Умай эне”, “Кыргыз эне” таш эстелиги, Кыргыз айылдарынын ордулары тарыхый маалыматтарга кошумча болоор. Тарыхчылардын далилдүү пикирлерине караганда ушул эле көрүстөндөр шаарчасынан көп алыс эмес жерде 1930-жылдарга чейин өтө бай, оокаттуу кыргыздардын чоң айылы болгон, колхоздоштуруу мезгилинде айыл элинин малы ортолукка тартылып өздөрү бай-манап катары туш тарапка сүргүнгө айдалып таратылган. өзөн жээгиндеги ал айылга ошол убакыттан баштап орустар отурукташкан. Ал эми “Уйбат чаатастарын” же болбосо кыргыз жоокерлеринин аскер башчыларынын  бейит башына коюлган таш эстеликтерин алгачкылардан болуп 1721-жылы Петр I дин тапшыруусу менен Мессершмидт аттуу илимпоз аныктап, изилдеген.

Ушундай эле мүнөздөгү башта россиялык, чет өлкөлүк окумуштуулар маани бербеген эн-тамга белгилердин Хакасиянын Аскиз, Сары Жазы ж.б.жерлеринен, Тыва Республикасынын бир топ өрөөндөрүнөн, Тоолуу Алтай Республикасынын үч Эмчек, Кең Көл, Оңгудай аймактарынан табылгандыгынын өзү ата-бабаларыбыздын кеңири мейкиндикдерге ээлик кылуу менен өчпөс изин калтырып кеткендигине далил болот.

  XIX кылымдын акыр чениндеги орус меценаты Мартьяновдун демилгеси менен Алтын көлдүн жанынан табылган биздин доордун 711-жылында түрктөрдүн капилеттен кол салган баскынчылыгынын натыйжасында салгылашууда шейит кеткен Барсбек баатырга жана кыргыз элчиси Эрен Улукка тургузулган кыргыз тарыхынын бир үзүмү жазылган таш белгинин музейде коюлушу тарых таануучулар үчүн чоң олжо. Кыргыз дөөлөтүн бийиктеткен, айланасындагы эрез талашкан мамлекеттер менен тең ата мамиле жасаган дөөлөттүү кыргыздын Энесай Абакан дарыяларынын жээктерин конуш кылган бир бутагынын журт ээси болгон Барсбек баатырдын таржымалы катылган таш эстелик Минусин (Мөңгү суу) шаарындагы Мартьянов атындагы музейдин “Улуу Кыргыз державасы” бөлүмүндө бүгүнкү күндө  сакталып турат.

  Этнографтардын далилдөөлөрү боюнча кыргыздар өз мезгилинде көчмөндүк, жоокерчилик менен эле эмес ири өндүрүш, саясий-экономикалык карым катыш, дыйканчылык менен да даңазалуу тарыхка эгедер болушкандыгына бир канча мисалдарды байкап, тарыхты жаңыча кайра кароо зарылчылыгын тастыкташты.

  Буга мисал катары тарыхта үзүл-кесил учурап жүргөн Улуу жибек жолунун сапары, соода-карым катышы, VI-XIII кылымдардагы кыргыз дөөлөт ээлеринин башка мамлекеттегилер менен элчилер аркылуу байланыш жасап, саясий ынтымакчылыкты бекемдеп тургандыгы жөнүндө айтпаганда эле бүгүнкү күнгө чейин душманга каршы, турмуш тиричиликке пайдалануучу курал-жарак, шаймандар жасалган темир иштетүүдөн калган тоо болуп үйүлгөн күлдөбөлөрдүн, данды майдалоочу “Кыргыз тегирмендери” аталган көлөмү өтө зор таш тегирмендердин сакталып калышы, археологиялык казуулардан чыккан баалуу экспонаттарды кошсок болот.

  Хакасиянын баштагы “Аргыстар” айылынын тургуну, 80 жаштагы Мака апа Ак Кыргыз тукумунан экендигин сыймыктануу менен белгилеп, “Ак сөөктөрбүз” деген дымак канында ойноп турганын көргөнүбүздө тили бурулганы менен дилинде патриоттук бийиктик сакталып калгандыгына ыраазы болдук. Ал эми абышкасы санжырасын көтөрүп чыгып ата-жотосуна чейинки маалыматты саймедиреп олтурганда чоң атасынан аркысын даана билбей калган биздин Кыргызстандагы көп замандаштарга сабак болоор мисал экен дедик. Анткени, элибизде “жети атасын билбеген жетелеме кул болот” деген акылман кеп бар. Муну акыл эстүү окурман өзү түшүнүп алаар. Ушундай эле бир далай этникалык жактан түпкүлүктүү тарыхыбызда жакындык, биримдик бар экендигин тастыктаган маалыматтарга Тыва жана Тоолуу Алтай республикаларында болгон чалгындоо аракеттерибизде туш болдук.

  өзгөчө, Тоолуу Алтай Республикасынын түштүк тарабындагы Оңгудай районундагы жакшы жөрөлгөлөргө көңүлүбүз тоюп, жүздөгөн жылдар бою улам тепсендиде калып жүдөгөн элде кайра жаралуу башталгандыгына кубандык. 75 миңге жакын түпкүлүктүү эл сакталып калган алтайлыктардын канында бизге окшоп уруулук жакындыкка көбүрөөк маани берген жагдай бар экен. Биз барган райондо Төрдөш, Төөлөс, Мундуз, Кыпчак урууларынын жашай тургандыгы айтылды. Кайра жаралуу дегенибиз башаттагы унутулуп бараткан жакшы жөрөлгөлөрдү жаңыртып бүгүнкү турмуш ыргагы менен чогуу сактап калуу, үрп-адат, улуттук оюндар, салттык өзгөчөлүктөр эртеңки урпактар үчүн зарыл деген изги ойдун ишке ашырылып жаткандыгы. Улуттук этно-парк атап 62 миң гектар керемет жаратылышы бар улуу тоо, токой, мөлтүрөп аккан булак, өзөндөр шоокум салган кокту-колоту бар аймакка бейуруксат эч кимди киргизбөө, жерин казуу эмес жапайы жемишин бейчеки ысыраптабоо аракеттери да бүгүнкү күндө кара курсак үчүн нарк-нусканы, абийирди четке коюп жарыбаган тыйынга жүздөгөн жылдар бою араң жетилген жаңгактарыбызды баш кылып, ыйык көлүбүздүн тарпын чыгарган табиятка кыянатчылык жасап жаткандарга - бүгүнкү кыргызстандыктарга мисал болчу сабак экен. Ошол этно-парктын жетекчиси Данил Иванович: - Табият, жаратылыш байлыктары элдин нарк-насилине жараша болот. Элди сактоо үчүн эң биринчи ошол элге түнөк болгон жерди сактоо керек, - деген маек арасындагы дымактуу сөзүн бул жерде айтпай кетсек болбос. Данил мырзанын айтымында узак убакыттар бою ар кимдин көзүн караган элдин арактан башы көтөрүлбөсө акылы ордуна келбесин түшүнүп, ошол этно-парктын аймагында жашаган айылдардын бардыгына сергек жашоо принциби киргизилген. Улуттук оюндардын көбүн ордуна коюшкан. Бүгүнкү күндө ата бабалар тартып жүргөн “Улак тартыш” оюнун жандандырсак деген ниеттери бар экен. Жашоо мүнөзү, тили, үрп-адаты бүгүнкү Кыргызстандагы түпкүлүктүү элге өтө жакын алтайлыктардын жөө жомокторунан баштап чоң эпикалык чыгармаларына чейин окшоштугу “Алп Манаш” баянынын мисалында Жакыптын жайыты, Манастын чоң жана кичине тоосу, Манас суусу аталган өрөөн бар экендиги келечекте көп изилдөөлөргө негиз болуп берээр. Ал эми жети жүз жылдан ашуун монголдордун кол алдында туруп калган Тыва аймагындагы түпкүлүктүү элдин жашоо тиричилигиндеги биз менен болгон жалпылык, кармаган-туткандындагы, ооз комуз баш болгон өнөр аспаптарына астейдил мамилелериндеги, мүнөздөрүндөгү окшоштуктардын сакталып калышы илимпоздорго изилдөө үчүн түгөнбөгөн акыл азыгы болчудай.

  Топонимикалык аталыштар, жаратылыштын бүгүнкү Кыргызстандын булуң бурчунун элесин кайталаган окшоштугу, үч республикадагы түпкүлүктүү элдердин негизги эсинде улуу Кыргыз атанын урпагы экендигин танбагандыгы, баалуу мурастардын сакталып калышы, археологиялык-этнографиялык маалыматтар экспедициялык топтун эң негизги олжосуна айланды.

 Жыйынтыгында тарыхчылардын курамында чалгындоого катышкан мен үчүн илимпоздордун иликтөө маалыматтарына көп коошо бербеген Кыргыздар Энесай, Саян, Алтай аймагынан көчүп келбей эле Ала-Тоо, Теңир тоону өзөк тутуп, келкели келген учурда бүгүнкү Монголия, Кытайга чейинки аймактарга өз туусун сайган деген пикир бекемделди. Эл ичинде тегин жерден:

Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган,

Кыр-жон барбы, кыргыз буту баспаган,

Кокту барбы, кыргыз сөөгү жатпаган!..-деген улуу маалыматты ичине сиңирген айтым калбагандыр.

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...