Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Чигучэн - Кыргыз калаасы

 

Кабылбек Жумабаев,

санжыра иликтөөчү

 

Чжан Цянь кытай императору Ву-диге (б.э.ч. 140-87-жылдары) айтат: “В прерывание мое у гуннов слышал я, что усуньский владетель титулуется Гуньмо; отец (по “Хан-шу” - Нантовми) этого гуньмо имел небольшое владение (б.э.ч. 177-жылы К.Ж.) на западных гуннских пределах. Гунны убили отца его в сражении, а гуньмо, только что родившийся, брошен был в поле. Птицы склевывали насекоемых с его тела, волчица приходила кормить его своим молоком. Шаньюй изумился, и счел его духом, поэтому взял его к себе и воспитал, когда же Гуньмо подрос, то шаньюй сделал его предводителем войска. Гуньмо несколько раз отличался в походах: поэтому шаньюй возвратил ему владения отца его и препоручил надзор за караулами при западной стене. Гуньмо приложил попечение о поправлении состояния своего народа и подчинил себе окрестные небольшие города. По смерти Шаньюя гуньмо со своим народом отделился и отказался от поездок (б.э.ч. 126-жылы - К.Ж.) в орду гуннов. Войско, скрытно отправленное гуннами против него, не имело успеха, оно сочло гуньмо духом и  удавилось, почему гунны, хотя имели влияне на него, но не нападали слишком” (А.Н.Бернштам (1910-1956-ж.). Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т.- II, Бишкек - 1998, с.243).

  Н.Я.Бичурин (Йакинф - 1777-1853-ж.) китебинде (Собрание сведений о народах, обитавших с Средней Азии в древние времена. СПб., 1851, ч.1, с.257, 341) көрсөтөт: “Тукиюесцы считали себя, по одному преданию, происходящими от уцелевшего при истреблении хуннов мальчика, от которого забеременела питавшего его волчица. Эта волчица скрылась в пещере и окруженной отовсюду непроходимыми горами долине и родила десять мальчиков, от которых  и пошли тукиюесцы или по крайней мере их ханская фамилия”.

  Айтылып жаткан гунну тилин Хирт, Панов, К.Ширатори өңдүү изилдөөчүлөр түркий тилдүү деп көрсөтүшөт.

  Б.э.ч. 176-жылы гунну шаньюйу Маодунь усунь элин чаап каратып алат. Кытай маалыматына караганда, ушуньдар гунну тилин түшүнүшкөн, бирок, ошол эле усуньдар динлин биримдигине кирип турушса да (К.Ширатори).

  Эгер, илимпоздор гуньмо (гуньми) деген титулду күнбаг, же күнби (күнбий) деп чечмелешкенине ынансак, анда баг, би (бий) дегендин өзү эле усуньдар кайсы тилге жакын экенин туйгузат.

  Балким, “ак калпак кыргыз” деген айдыңдуу жана даңазалуу атак “ак карылуг (ак карлыг баг?) кыргыз” дегенден болуп жүрбөсүн? (мааниси: ак-батыш, карылуг - флангадагы). Огуз уруулары өзү да оң канаты (же оң карысы) - бөрү ок (жазмада: бозок (бузук) деп ката берилген) делип, Күн хан, Ай хан, Жылдыз хан топторуна бөлүнгөн (Муну усунь ханы Күн баг (Күн бий) менен салыштырыңыз), түштүк батышта турган, түндүк чыгышта Көк хан, Таг хан, Деңиз хан топтору туруп, мында Көк хан (чыгыштагы хан) жетекчилик кылган. Гуннулар (оң эмес, солдор?) Көк огуз (кийинки көк түрк менен салыштырыңыз) усуньдар (кыргыздар?) ак карылуг (же үч карылуг?) болуп жүрбөсүн?

  Мына ошол карышкырдын канчыгынан таралды делген тукумдан Ичжини-Нишиду деген чыгып, анын эки аялы болуп, бирин-чи аялынан төрт бала делет:

  1. Куу (ак куу) болуп өзүнчө кетет.

  2. Цигу делип, Афу (Абакан?) менен Гянь (Енисей?) өзөндөрүнүн аралыгын ээлейт (кыргыз?). 3. Чуси (Катунь суусунун куймасы Чүй суусу болуп жүрбөсүн?) суусунун аймагын мекендейт, а жерде бу да өзүнчө хандык түзөт (уйгур?). 4. Надулуше делип аталып, эң улуусу болгон. Басы-чусы-ши деген тоо кыркасында турган. Өзүнчө хандык түзүп, аны “тю-кю” (түрк) атаган.

  Бу түрктөр кытай тарыхындагы маалыматтарга караганда мурда “со” (сол?) аталган журтта турган. Бул билдирүү өңүрүндө “со” (сол?) турса, түштүгүндө хунну (оң?)” турганын каңкуулайт. Алды - чыгыш (көк?) арты - батыш (ак?) болгон.

  “Юан-ши” аталган кытайча тарыхый китепте “качандыр бир убактарда У-си (Усунь?) деген элдер кырк жигит (кырк эр) кытайдын кырк кызына үйлөнгөн экен, ошолордон таркаган тукум - кырккыз - кыркыз - кыргыз аталып кетет деген уламыш берилген.

  Усунь борбору - “баг” делген хан титулунан улам (Күнбаг) - Күнбагкат, же Багкат (Күнкат) делген. Күнбагдын шаары, же ордосу деген мааниде. А.Н.Бернштам (1910-1956-ж.): “баг” титулу түркий тилдүү элдердин ичинен кыргызча гана тиешелүү жазууларда (эпитафия) жолугат - деген (Киргизлар. Манбалар, тарих, этнография. Бишкек - 1999, 152-ж.)

  Элчи жана тыңчы Чжан Цянь (б.э.ч. 114-жылы өлгөн) орчундуу маалымат калтырган. Анын эки жолку (б.э.ч. 128-жылы жана б.э.ч. 116-жылы Үигучэнди көргөн) батышка сапар отчетун Ву-динин сарай тарыхчысы Сыма Цянь (бэ.ч. 145- (135 ?) - 86-жылдары жашаган) “Ши-цзи” (Тарыхый жазуулар) китебин түзүүдө пайдаланган. Китепте Кытайдын өтө байыркы учурдагы тарыхынан тартып б.э.ч. 98-жылга чейинки окуялар камтылган. Тарыхый бу китепти император Сюань-ди (б.э.ч. 73-49-жылдар) учурунда кайрадан акыр-аягына жеткире, биротоло тизмектештирип жана китеп түрүндө жарыкка чыгарган ошол Сыма Цянь тарыхчынын өзүнүн небереси Янь Юнь болгон.

  Мына ушул китепке караганда элчи жана тыңчы Чжэан Цянь усуньдардын Ысыккөл боюндагы бирден-бир баш калаасына кез келип, аны “Чигучэн” деп атаган, же ошентип көрсөтүшкөн экен. Айрым пикирге караганда “Чигучэн” б.э.ч. 107-жылы пайда болуп, же курулуп, б.э.ч. 44-36-жылдары мерчеминде жексен болот, б.а. усуньдардын өздөрү тарабынан эле буздурулуп салынат.

  Чигучэн, же Чигу деген кытайга жазманы окумуштуулар Кигу, Гигу, Кико, Цигу деп үндөш вариантта окуй беришет. Маанисин кытайчадан сөзмө-сөз “кызыл-жар” деп которушат экен.

  Чигу, же Цигу - б ул “гэгунь” (кыргыз) атамасынын эле бир жазылышы окшоп турганы бизди ойго салат. Эгер ушул ой чындыгына ынана карасак, Чигучэн - Кыргызкалаа, же Кыргызшаар деген эле маани, сөз!

  2. Усуньдар - кыргызбы? Кытай тарыхында мындай да кабар бар. “Усуньцы обликом весьма отличны от других иностранцев западного края. Ныне тюрки с голубыми глазами и рыжими бородами, похожие на объезъян, суть потомки их” Н.Я.Бичурин. Собрание сведений... Китепте: Киргизлар (Манбалар, тарих, этнография) Бишкек - 1999, с.131).

  Кытайдын “Танхуйяо” (VIII-Х к.к.) аттуу тарыхый китебинде “цзе-гу” (киргут) делип кыргыз көрсөтүлгөн. Анын тамгасы жагалмай (жаа) түрүндө болгон. Н.Г.Маллицкий (1873-1947-ж.) да цзе-гу тамгасы менен азыркы кара кыргыздын кочкор мүйүз, же чатырча шекилиндеги тамгасы окшош деп жыйынтыкка келген.

  Н.А.Аристов (1847-?) да, В.В.Радлов (1837-1918-ж.) да азыркы кыргыздар байыркы усунь деп көрсөтүлгөн элдин түздөн-түз урпагы, усуньдардын чыныгы түп атагы  дайым кыргыз болуп келген деп көрсөтүшкөн.

  436-жылдан усуньдардын тарыхый дареги үзүлөт. Ошо жылы алар Кытайга өз элчисин жөнөтүшкөн. Соңку түрктөрдүн дүңү чыга баштаганы да алардын байланышы барын көрсөтөт өңдөнөт!

  Чжан Цянь билдирген Усунь-го (Усунь мамлекети) тилдик-генетикалык жактан, албетте, бир тектүү болгон эмес!

  Усунь атоосу Чжан Цяньдын калка котормосу, же сөздү бузуп берүүсү болушу мүмкүн. Ал: 1) оң-сол, 2). үч оң. 3). үч он (отуз). 4). огуз оң деген өңдүү жалпылама саясий бирикмелик атоодон болушу да ыктымал. Усуньдар ар бири 10 миңден кол чыгара ала турган үч тутумдан (карыдан!) турган. Андыктан кээде “үч карылуг” деп да аталган сыяктуу? Карылу баг - карлыг баг - каллыг баг (ак каллыг баг) дегенден калпак - ак калпак жана кара калпак деген саясий этнонимдик атоо чыгат шекилдүү?

  Чжан Цянь докладында айткан:

  “... и вступить в брачные родство с домом Хань, то можно надеяться успеха в том, а если успеем, то сии самым отсечем правую руку у хуннов. Когда же присоединим к себе усунь, то в состоянии будем склонить в наше подданство Дахя (Бактриана) и другие владения на западе”.

  Байыркы огуздар: а) уч ок (китептерде учук (уч ок) - “три стрела” деп ката берилет), мааниси: тышкы (уч) огуз, б) бөрү ок (китептерде ката: бузук (бозок) - “сломанная стрела”) мааниси: бөрү огуз деп бөлүнүшкөн. Ич бөлүгү, же түштүк (бет маңдай) бөлүгү - “кыргу огуз” (кызыл огуз), б.а.борбордогу, же түштүктөгү уруулар делинген.

  Түрк каганатынын ички тандамал (регулярдуу) колу “фули” (бөрү) делген. Хакастардын тилинде бөрү (карышкыр) - пуур делет.  Ага көптүк мүчө - т кошулса - пуурут (буурут) болору бышык. Кыргыздын экинчи тарыхый аты (бурут) да ушундан келгендей:

  “Түп” деп борбор калаа, ордонун хан турган, так орногон аздек жана саясий борбору айтылган. Чигунун бир аты да “Түп” болушу - анын сууга которулган атынан (Түптүн Суусу) улам байкалат.

  Түп суусунун боюна жакын Сары-Булуң байыркы Чигунун аймагы экени бүгүн аныкталууда!

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...