Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Жаңы жыл кайдан чыккан?

 

Орозобек Айтымбет, жазуучу, Ысыккөлдүн Сарыкамыш айылы

 

Кыргыз телекөрсөтүүсүнөн “Нооруз - 2002” аттуу оюн-зоокту карап отуруп, өтө ыңгайсыз абалда калдым. Ошо салтанатка Иран өкүлчүлүгүнөн бирөө келген экен, ал: “Новруз майрамы биздики,-деди да, бирок, тегерегиндегилердин көңүлүн улап: - Ал мусулмандардыкы”,-деп, жымсалдап кетти.

 “Нооруз -биздики” дегенде көкүрөктөгү тарых түпкүрүндө жаткан көп нерсе туйлай түштү! Ушул “Нооруз” тууралуу айтчу сөзүмдү элге эбак эле айтып койсом болмок экен, чыгымсыздык кылдым.

  Күн түн теңелип, көк ийненин учундай кылтыйганда бабаларыбыз Жаңы Жыл тозгон экен. Бул мындан сегиз миң жыл мурдагы жөрөлгө. Өзүбүздүн элдин жыл санагы боюнча азыр 8097-жылда өмүр сүрүп атабыз. Ошо жылы Чычкан жылдызы Таңкы Чолпон менен тогошкон экен, андыктан жыл башы “Чычкан” аталып калыптыр. Бул тогошуу жүз миң жылдан ашып барып кайталанчу керемет өңдөнөт...

  Эл алгачкы Чычкан жылы - биздеги эң тунгуч Угус бий (кан) шайланган жыл! Ошол Угус бий байыркы кыргыздарды уругуна карап улус улуска бөлгөн жыл! Бизде “Улустун улуу күнүндө” деген аңыз бар го, бу да так ошол эң илгерки доорлордон калган. Алиги Угус бий аярлары менен билгелерине ай-жылдыздарды тактатып, ар бирине ат бердирген жыл! Күн түн теңелген чакты аныктаттырып, Жаңы Жылды эң алгач ирет тозгон жыл! Куттуу жыл! Эли-журтубуздагы жыл санак башталган жыл!

  Мына ушундан тартып бабаларыбыз Жаңы Жылды үзгүлтүксүз тосуп келген. Анда азыркы март айы “кулун татаар” деп аталган. Айдын аты эле айтып тургандай, ушул айда кулун тутулуп, бээ саалып, саба-саба кымыз ачытылып, Жаңы Жылдын береги улуу күнүндө элге быйылкы жылдын алгачкы кымызы сунулуп, каардуу кыштан чыккан жамы журт кымыз даамын таткан экен! Ушу күнү айтылуу тай казандарга “чөө көжө” жасалып, Жаңы Жыл тосуу элдик тойго айланып кеткен тура! Дасторконду  тогуз түркүн ашка толтуруу да бизге так ошол көөнө замандан калыптыр.

 Анда эмне болду? Баатыр бабаларыбыз туш-тушка чапкын кылды, тыягы Серепке (Европага), чыгышы Кытайга дейре кетти. Сол кары кыргыздарынан чыккан бий (илгерки кытай санжырасына “Юй” деген менен түшкөн) кандайдыр бир себептер менен Кытайга барып, аяктагы суу ташкынын жөнгө келтирип, ошо учурдагы Кытай падышасынын купулуна толуп, кийин тигинин эрки боюнча кытай тагына отурду да, укум-тукуму менен беш кылым бою (б.э.ч. XXIII-XVII к.) эзелки  кытайларды бийледи. Бизди элдин эң байыркы философиясы, каада-салты, жыл санагы, маданияты ж.б.илгерки кытайларга ушундай жагдайда өттү. Тигилер да баатыр көчмөндөрдү туурап, Жаңы Жыл тосту! Бизге Жаңы Жыл (күн түн теңелүү) көк кылтыйып чыккан кезде белгиленди. Ошондуктан, алар береги майрамды январдын аягында майрамдады, не дегенде, биз кыркынчы-элүүнчү параллелдердин аралыгында жатсак, алар ал заманда кыркынчы-отузунчу параллелде экваторго чукул турган, демек, жаз аларга бизден алда-канча мурда келген...

  Мындан 6000 жыл илгери Алатоо койнундагы бабаларыбызды пикир келишпестик аралап, топ-топ болуп туш келди бытыроо башталды. Кеңгерден кеткендер айтылуу Эки Дарыя аралыгындагы Масейилде (Месопотамияда) түштүк-батыш Азиянын тарыхында алгач ирет өз мамлекетин негиздеди. Ал кийин Алдыңкы жана Кичи Азияда илим-билимдин, маданияттын, өнөрдүн очогуна айланды. Алатоо койнунан ала кеткен эзелки жазуусун алар дагы өркүндөтүп, калыптандырды. Бул эң илгерки жазууну батышы Мисирден (Египеттен) тартып, чыгышы Индияга чейин колдонду. Ошо кеңгерликтердин (шумерлердин) Алатоодон ала кеткен бүт каада-салты, өнөрү, жыл санагы ж.б.лары тегерегиндеги элдерге ар кандай жолдор менен тарап атты. Жаңы Жылды алар да алатоолук бабаларынын салты боюнча күн түн теңелгенде тосту. Бу да батышы  Мисир менен Тайыптарга (гректерге), чыгышы Индиге дейре так ушул очоктон тарады. А береги парсылар шумер маданиятын, жазуусун, анын ичинде алиги Жаңы Жыл тосуу салтын кабыл алган аяктагы ондогон элдердин бири эле. Кантсе да, “Жаңы Жыл” деген түшүнүктү булар “Жаңы күн” (Новый руз) деп, туурамес ат менен кабыл алды. Тактап айтканда сак, “жаңы күн” деген күндө же ар бир таң аткан сайын келет го, бир жылда 366 (365) күн болсо, ошончо “жаңы күн” бар эмеспи?! А Жаңы Жыл деген ошо 366 күндө бир келчү керемет го! Мына ушунун өзү береги Ыйык Жаңы Жылдын түпкү теги таптакыр эле перстердики эмес экендигин, бул жөрөлгө аларга башка элден ооп келген кирме каада экендигин кыйкырып турат...

  О, кийин, же б.э.ч. IX кылымда Алатоо койнундагы эрендер кайрадан толкуду. Ошондо эки ири тайпа өзүнүн негизги тобунан бөлүнүп чыгып, бири түштүктү беттеп, Гиндукушту ашып түшүп, Дрангиана аттуу өлкөнү басып алды да, дүйнөлүк тарыхка “Сакастан” (сактар өлкөсү) деген ат менен түшкөн жаңы дөөлөттү түзсө, экинчиси түштүк-батышты беттеп, Урмия көлүнүн түндүк жактарын жоолап алды да, тарыхка “Сакасена” (Жең жериндеги сактар) деп жазылган өлкөнү пайда кылды. Берегилерди “Сакастан”, “Сакасена” деп, ир алды, так ушул перстер менен ассириялыктар, урурту менен мидиялыктар атады. А чындыгында булар нукура кыргыздын эки кандыгы эле. Санжыра-эпосубузга караганда бири “Музбурчак кандыгы”, экинчиси “Жанаалы-Карач кандыгы” деп аталса керек. А кылымдардын өтүшү менен мобу эки кандыктын эли да кумга сиңген суудай болуп, алиги перстерге аралашып кетти. Илгерки перс маданияты, өнөрү, тили түндүктөн ооп келген мобу байыркы кыргыздардын каада-салтынын, маданиятынын, өнөрүнүн, тилинин эсебинен дагы ого бетер байыды. Жаңы Жылды тосууда жаңы каадалар пайда болду. Перс салтына береги майрамда курмандыкка чалынган малдын майына боорсок баш болгон тогуз түркүн нан бышыруу салты кирди. Жаңы Жылды жөн гана белгилебей, аны чоң той кылып, шаан-шөкөттүү тосуу салты пайда болду. Эң башкысы, алиги эки кандыктын элинин тили жанагы перс сөздөрүнө аябай аралашты. Азыр, перс сөздүгүн ачкан эле жерден кыргыз сөздөрү кыйкырып чыгат. Менин иликтөөмө караганда, учурдагы перс сөздөрүнүн ары болгондо -бештен бири, бери болгондо - төрттөн бири биздики!

 

  Бир нерсеге таң калам да, “Жаңы Жыл” деген куттуу сөз турса, “Новруз” деген бөтөн

сөзүн кабыл алып, ушул башка сөздүн астында Жаңы Жыл

тособуз?

 

Ой, биздин ата-бабаларыбыз ушул улуу күндү “Нооруз” дебей эле, Жаңы Жыл тосуп келбеди беле?! Ушул ыйык күнү эл арчага аябай ышталган сабадан жаңы кымыздын даамын татып, арча жагып аластанып, “чоң көжөсү” менен дасторконундагы жайнаган даамын татып, этин жеп, атын чаап дегендей... Анан, мобу “Нооруз” деген бөтөн сөз менен оозанган кийинки топ кайдан чыга калды? Биздин тил мобу перс тилине караганда алда канча байыркы, аксакал тил го?! Ата-бабадан калган эне тилди тебелеп-тепсейт деген ушул эмеспи?!

  Экинчиден, алиги телекөрсөтүүдө кыргыз уландары башына чүпүрөк байлап алыптыр. Биздин кайсы кинону карабагын, башына чүпүрөк байлап алган аткаруучулар толтура. Башын чүпүрөк менен таңып алгандар спектаклдерде да жетишерлик. Бул, бизде кечеле киночу менен театрчылар таңуулаган эң жат көрүнүш го?! “Чүпүрөк” деген сөз байыркы тилибизде, орусча түшүндүргөндө, “тряпка” дегенди билдирген да, аны тээ эзелки заманда кыргыздын кулдары гана салынган, не дегенде, алардын калпак же тебетей кийүүгө акысы жок болгон. Ушул эле салт тээ илгерки  Бийдин (Юйдун) тушунда эзелки кытайларга да ооп, алар да кулдарына “тряпка” салындырган. Тигилердин кулдары да кытайдын улуттук баш кийимин кийүүгө укугу жок болгон. Илгерки кытайдагы, жанагы “Кызыл жоолукчандардын же көк жоолукчандардын көтөрүлүшү” деген сыяктуу тарыхый окуялар бар го, ал так ошондой түстөгү жоолук салынган кулдардын көтөрүлүшү болгон. А жоолук түстөрү кулдун кимге тиешелүү экендигин аныктап турган. Кулдарга “тряпка” салындыруу деген ошол кулдардын ургаачынын деңгээлине түшүрүп кемсинтүү, нары кордоо болгон. Башына “тряпка” салынган неменин киши сыягы же “сайда саны жок” бирөө болгон. Аны ээси өлтүрүп койсо да жооп бербеген. Байыркы замандарда кулдарды жергиликтүү элден (кыргыздардан) ушундай жол менен айырмалаган. Баатыр бабаларыбыз батыш менен чыгышты баса калып турган доорлордо аларга багынган ошол эл-журттардын баары тең, баатыр көчмөндөрдүн эзелки салты боюнча,  жоолук чалынган. Бул - кулдуктун белгиси эле!

  Үчүнчүдөн, береги телекөрсөтүүдө кыргыздын балдары жагылган оттон ары-бери секирип атат. Бул таптакыр туура эмес! Ата-бабаларыбыз Көктеңирге, анын ыйык элеси катары Улуу Күнгө сыйынган. А от ошо Ыйык Күндүн жердеги символу болгон. Аны аттоону мындай кой, ошо от четинде отуруп жаман ойлоого тыюу салынган. Очок кашында отуруп курал жалаңдатуу өтө чоң күнөө болгон. От ыйык болгондуктан биздин байыркы элде ушу отту пайда кылчу жыгач абдан кадырланган. Ага отуруу, булгоо эбегейсиз күнөө эле. Ошо оттун күлүн да тебелеп-тепсөөгө, аны булгоого тыюу салынган. Жанагы “отун” деген сөз да бизге “от” дегенден калган го?! Оттун тазалоочу касиети болот деп, башка өлкөлөрдөн келген элчилерди ар кай жерде чатырап күйгөн арчаны (батыш жазмаларында “ливан”) аралатып алып өткөн. Атактуу Семетей (жазмаларда “Истеми” ) каганга Румдан келген элчи Земархты мына ушундайча “тазалашкандан” кийин гана аны түрк (кара кыргыз) эгесине жолуктурушкан го! Бул жөнүндөгү маалымат Менандрда бар эмеспи! Элибиздин салтындагы ушундай жөнөкөй нерселерди эмки кыргыздар биле жүргөнү дурус го?! Кыргыз баласы эч качан отту (очокту) аттаган эмес, жанагы арча күйгүзүп үй ичин аластоо ошол жердегилерди тазартууга тете болгон.

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...