Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


«Жети жаргы» 

ата-бабалардын ыйман эрежеси

 

Кабылбек Жумабаев

 

Атам Жумабай Эржан уулу (1926-1997-ж.ж.) айтып калчу: «Сенин жаргыңды жармак түгүл, мени угаар киши жок» деп. Мындагы «жаргы» - маселе, тагдыр, проблема маанисин берип турат. «Жаргы» түбү барып Чыңгыш хандын «йаса» заңыты менен үндөшөт. Байыркы түрк сотту «йаргучи» деген. Калмак-монголдор «ехэ дзарга» деп Улук Сотту (Жогорку Сотту) айтат. «Жети Жаргы» качан жаралган? Анын жаралуусунун негизги себепчиси төрт алаштын башын кошкон Аз Тооке болгон. Алты Алашты билген Эшим хандын (1576-1643) Жаангеринен (1621-1680) Аз Тооке (1641-1718) менен Валий (Убалий). Аз Тооке 1680-1718-жылдары хан болот.

«Шыгайдан орун басып Тооке калды,

Кезиде Аз Тооке деп атак алды.

Казыбек (1665-1758), Төлө ((1663-1756), Айтаке (1666-1722) акылын таап,    

«Жети Жаргы» аталган заң чыгарды», -

деген экен кийин кепке жорго Кожоберген (1663-1762).

 «Жети Жаргынын» негизин «Эшим хандын эски жолу» деген нарк жобо ээлеген. Ал нарк жобонун түп казыгы «Касым хандын кашка жолу» эле. Буларга «Кодекс куманикус» да таасирден тыш эмес. Себеби, ал казак хандыгын түптөгөн Аз-Жаныбек (1417-1477) менен Моголистанга келиши, анын уулу Касым хандын кашка жолу аталып кеткен нарк жобо топтомуна негиз түзүшү айгине. Касымдын ал эрежесин анын да бир уулу Акназар хан (1494-1580) колдонгон. Касымдын иниси Жадиктин Шыгайынын (1580-1582-ж. хан) уулу Эшим ханга ал жоболор андан ары калган. Ал түгүл монгол эстелиги «Халха Жирум» (1709), калмактын түп мыйзамы «Их цааз» (1640) буларга типтеш.

  «Жети Жаргы» Аз-Тоокенин хандыгынын башында, 1680-1683-жылдарда жалпы жыйында кабыл алынган. 1702-жылы да бир сыйра толукталган!

«Жети Жаргынын» кыргызга тиешеси канчалык? «Бир хандыкка Эшим хан, бир бийликке Төлө бий жеткен» деген кеп калган. Кезинде, калмак үстөмөндөп турганда Эшим хандын этегинде кыргыз да болгон. Кыргыз багыш көрөңгөлүү Көкүм бий Эшим ханды терең урматтап колдогондордун бири эле. Экөө эки жамаат элдин биримдигин символдоштуруп, Эшим-Көкүм биримдигин түзүшкөн. Айтымда, Көкүм бий киши колдуу өлүп, ага арнап Ташкендин чыгыш четине айтылуу «Көкүмдүн көк күмбөзүн» Эшим хан өзү салдырткан. Ошо Көкүмдүн даңкынан улам: «Казак болсоң жаныш бол, кыргыз болосоң багыш бол, аргын болсоң алтай бол, алчын болсоң адай бол, булардын бири болбосоң ташка минген малай бол» деген кеп калган.  Карачородон Көкүм, Күржү, Көнөк, Бадам Көкүмдөн Куттуксейит (1561-1643), Иман Доскулу, Куттуксейиттен Сапалак (1583-1650), Күчүк, Элтинди. Эшим-Көкүм биримдигин андан ары сактоого аракет болгон. Көкүмдүн иниси Күржүнүн Түлкүсүнүн уулу Тейиш хан да Тооке менен жанашат. Тооке монгол алтынхандар уругунан Нурбайкени алып, андан кан ичээр Абылай төрөлөт. Чынында Нурбайкени адегенде Тоокенин эрте өлгөн иниси Валий (Убалий) алып, анан жесирди Тооке алганда эки айлык бойдо келген кан ичээр Абылай (Абылай султан) төрөлгөн. Кан ичкич Абылайга Тооке өзүнүн кеңештеш-кептеши Тейиш хандын жашы он төрттөгү Зерен деген кызын алып берип, куда-сөөк болот. Кийин айтылып калган Тооке-Тейиш бирдигин түзүшөт. Тейиштин уулдары Аккочкор, Каңкылар Жаңыл мырзанын чатагында мертинишкенде Тооке да кун куушкан. Зеренден эгиз уул - Валий (сулуу Валий) менен Балхы. Мунун Валийинен кадимки Абылай хан (Абылмансур - 1711-1781). Абылай хан калмак коңтаажысы Цэван-Рабтандын Хочи деген кызын алып, андан Касым (1746-1841), Касымдан Кененсары (1802-1847) менен Ноорузбай (1822-1847) Хочинин агасы Цаган хандан Амурсан (1718-1752) менен Чебдар.

Эгер Көрөңгөлүү Көкүм бий «Эшим хандын эски жолун» түзүүгө катышып, бир хандыктын бир бөлчөгү катары ал жобону өзү да тутунса, кийин Тейиш хан да ошол таризде «Жети Жаргынын» түзүлүүсүнө жана кабыл алынуусуна катышат деп ойлоого болот. Айтканга караганда, кырк уруудан төшүн каккан кырк ири бий, (1663-1756), орто жүздөн Каз добуштуу Казыбек бий (1667-1758), кичүү жүздөн Айтеке бий (Каражигит - 1666-1722), каракалпактан Сазык бий, Орто жүз тобыктыдан Анет баба (1649-1723), кичүү жүз жети ата жагалбайлыдан Шеген бий, орто жүз аргындын шакшак тукумунан ары баатыр, ары чечен Жаныбек тархан (генерал-фельдмаршал), о.э. Эсет бий ж.б.арбын билгилер, эл тагдырын калчагандар катышат. «Жети Жаргы» ар урууну бир наркка, же ынтымакка кармап туруш үчүн керек болгон. «Жети Жаргынын» толук үлгүсү сакталбаган. Анын фрагменттери гана аргындан чыккан Абай Кунанбай уулунун (1845-1904) ары тектеши, ары замандашы Бакан уулу Саккулак бийдин мурас калган кол жазмасында чагылтылат.

Эмне себептен «Жети Жаргы»?

Эшим хандын агасы Тобоккел (1586-1598-ж.) орус падышасына кат жөнөткөн. Катында өзүн өзбектин (өзбек казактын) жана калмактын (ак калпак менен кара калпактын ханымын деп көрсөткөн. 1598-жылдан анын хандыгын кара калмак менен (жана Алты Шаар менен да) чектешкен чыгыш өңүрүн Эшим хан, батыш бөлүгүн  Ташкенде өз атынан эле тыйын чыгарып, бирок Бухара хандыгына вассал таризде турган Турсун хан бийлеген. 1928-жылы Турсун ханды өлтүрүп, Эшим хан Бухарга баш ийбеген өзүнчө бир хандыкты түзөт, борбору негизинен Ысыккөл, Иле бою болот. Иленин бир аты Жетисуу, же Жети өзөн делген. Андыктан хандык да эски аталыштан улам Жетиш, Жете, Чете, Жите, Жийдели делип, Тооке да өз учурунда чачкындуу элди жыйымдуу ураан менен кармаш үчүн мыйзам топтомун «Жети Жаргы» (уложение жетинского государства) атандырган!

  «Жети Жаргыдан» барчалар:

  Адамдын дене мүчөлөрүнө, өмүрүнө келтирген залал үчүн жаза:

  1. Бирөөнүн бир көзүн чыгара чапса - кундун чейреги, эки көзүн соолтсо - жарым кун төлөнөт.

  2. Бирөөнүн бир кулагы кесилсе - айыбы бир кыз, же ошо кыздын калыңы толук төлөнөт.

3. Бирөөнүн бир колу сындырылса - беш кара, бир буту сындырылса - алты кара айып төлөмөр болот.

4. Аял кишинин кош өрүм чачынын бирөөсүн кессе, же маңдайкы кашка тишинин бирин сындырса - чейрек кун, эгер кош өрүм чачы бүт кесилсе, же муруну кесип алынса - жарым кунга жыгылат.

  5. Бирөө айылын таппай адашып өлсө, же минген күлүгүнөн жыгылып өлсө, же суукка тоңуп, же ысыкта чаңкап өлсө, же сууга агып, же отко күйүп өлсө, анын бөөдө өлүмүнө эч кимдин деле түз же кыйыр күнөөсү, же кастыгы болбосо да, а кишини ошол тарапка жумшаган кишиден жарым кун алынат.

  6. Минип келген атын, же төөсүн, же ылоосун андан түшүп жатып атайы мамыга эмес, өзү кирген, же кирбесе деле, өзү каалап бой үйдүн кырчоосуна байласа, үйдөн чыккан бирөө ошол күлүктүн тепкисинен же урундусунан өлсө, анда ылоосун байлагандан алынчу айып бул: а) босогого байланса - толук кун, жапсарына байланса - жарым кун, боз үйдүн артына байланса - ат-тон айып тартат.

  7. Бирөөнүн малайы мөөнөтү бүтө электе качып чыгып, жолдо өлсө, никелүү зайыбы өзүнчө качып чыгып жолдо өлсө, мал уурдаган ууру өзүнүн ууручулугу үстүндө кармашта өлсө, эгер булар тиешелүү болгон тарап даңазалуу, зоболосу жогорулардан болсо, анда жоопкер болуп чыккан тарап - үч тогуз, эгер маңы пас, карапайым адамдардан болсо - ат-тон айып менен кутулат.

 

Ууру айыбы

 

 Уурдалган мал үчүн, эгер ууру кармалса жети эселеп айып төлөгөн. 1. Бир кара үчүн айыбы: алчактаган ат жана бир чапан, үстөк төлөнөт.

 2. Он карага чейин уурудан үстөк айып: ат-тон.

  3. Ондон ашык кара (бодо мал) уурдаганга, эгер кармалса, же мойнуна түшсө, далилденсе - «мойнуна кошок, көтүнө тиркөө» эки кара үстөк алынат.

 4. Эгер мал уурдаган бир нече киши болсо, ар бири бирдей күнөөлүү, бирок айыпты бөлө төлөшөт. Эгер ууруларды бирөө атайылап жумшаган болсо, уурулар эмес, ошо, уюштуруп жумшоочу жоопкер.

  5. Мал, мүлк уурдагандар уурулугу үстүндө кармалса - кийимдери сыйрылып, ат-көлүгү тартып алынат, өздөрү кордолуп таңылып, сабалат, ыдык көрөт, антип ыдык көрсөткөн тарап жооп бербейт.

  6. Ата-энеден энчи алып бөлүнүп кеткен баласы дагы жашырыкча мал-дүнүйө алып кетсе - уурулук саналат.

  7. Балакатка жете электин майда уурулугу айыпка коюлбайт. Уяткарылат.

 8. Жээн аяк кармап кетүүгө үч ирет жол берилет.

 

Жесир доо

 

  1. Бирөөнүн никелүү зайыбын зордоп тартып кеткен өлүмгө буйрулат.

  2. Эри көзүнө чөп салып жаткан аялынын үстүнөн чыкса, аялын да, көңүлдөшүн да өлтүрүп коюуга эрктүү.

 

Мусулмандык тартип

 

 өзүн өзү өлтүргөндөр жалпы көрүстөнгө коюлбайт, өзүнчө көмүлөт. Динден чыккандар эгер жети адам күбө өтүп берсе - таш бараңга алынып өлтүрүлөт.

 

 

Мураскерлик

 

  1. өлгөн кишинин энчи алып өзүнчө бөлүнүп кеткен уулдары менен эрге кеткен кыздарынан башка колунда калган бала болбосо, же бирге турган  кичи токолу төрөбөсө, анда өлгөндүн жылы толгондо, ашы берилет да баягы уулдары менен кыздарына жана сөөк чыккан үйдөгү токолго кайтадан энчи үлөштүрүлөт. Ал мындай: уулдарына эки эседен, кыздарына жана төрөбөгөн токолуна (же токолдоруна) алардын тең өлчөмүндө, өгөй балдары болсо, аларга ошо теңдин теңи, эшигинде эмгеги сиңген кулу болсо, же күңү болсо, өгөй балдарга тийгендин да жарымы шыбага катары тиет.

  2. өлгөндүн балдары жаш болсо, аларды төрөгөн, же баккан энеси турса, анда мал-мүлк эч тарапка бөлчөктөлбөйт, чогуу калтырылат.

 

Кун деген эмне?

 

  1. Эркектин куну - 100 төө, же 2000 сом (ошончо баадагы алтын-күмүш), же 1000 кой.

  2. Аялдын куну - ушу келтирилген кесимдин тең жарымы. Калың мал да ушуга тушташ.

  3. Төрө, же кожо куну - букаранын, же кара адамдын кунунан эки эсеге көп.

  4. Султан, же пир куну - карапайым адамдын кунунан жети эсеге көп.

  5. Хан кол алдындагы букаралашып кеткен тең тууганынын колунан өлсө, куну аткез, кунсуз калат. Анткени, ошол теңтууган да эл башкарууга, бийлик тизгинин чоюуга толук укуктуу. Мындайда кол алдындагы кара калк (колу жеткендери) «хан таламайга» барса болот. Бул кийинки кыркылышууну азайткан жол.

  6. Мал бере албаган учурда кун үчүн кыз да берсе болот. Кээде бардар, бакыбат тарап (бий, бай дегендер) кун үчүн катары менен төрт кызга чейин төлөшөт. Кедей жаат бир кыз менен деле кутулат. Кун доо бий кесиминен кийин да бүтпөсө (ж.б.орчундуу-олуттуу доо болсо), ачык барымталоого барса болот. Керней-сурнай тартуу, мылтык атып доош берүү менен ошо бүтпөй создугуп бараткан доону төлөтүү, же чегерип алуу максатында барымта (үйүр-үйүр жылкы) ачык алынат. Кийин талаштары, же доосу сүйлөшүү менен бүтсө, билингендерин изи, өңү менен берип, билинбей калгандарын «сыйрымта» кыла алышат.

  7. Кээде кундуу кедей тууганы үчүн бай тууганы төлөп койсо ага сөзү үстөм болот, же кедей тууганын көпкө акысыз жумшап, бекер урунса болот.

  Саккулуктын саргайган кол жазмасында калган саптардан дагы бир барча:

  1. Адам өлтүрүлсө, эркек үчүн 1000 кой, ургаачы (зайып) үчүн - 500 кой кун төлөнөт.

  2. Уурулук, тоноочулук, зомбулук - өлүм жазасына, же эр кунун төлөө менен теңделет.

  3. Денеге залал келсе - бармак сынса 100 кой, чыпалакка - 20 кой айып төлөнөт.

  4. Аялы эрин өлтүрсө, ага өлүм жаза, эгер өлгөндүн агайын-туугандары кечирсе - кун төлөө менен кутулат. Эгер боюнда бар аял муну жасаса - жаза жок.

  5. Эри аялын өлтүрсө, кунун төлөйт.

  6. Ата-энеси баласын өлтүрүп алышса жооп бербейт, энеси өлтүрүп койгон учурда өлүмгө жазаланат.

 7. өзүн өзү өлтүргөндөр көрүстөндөн өзүнчө коюлат.

  8. Атчан бирөө боюнда бар аялды койдуруп кетсе, бойдон бала түшсө, беш айлык бала үчүн беш ат, беш айдан тогуз айга чейинки бала үчүн ар айы үчүн бир төөдөн төлөйт. 100 төө - 300 атка, же 1000 койго жүрөт.

  9. Аялды зордуктоо киши өлтүргөнгө барабар. Бул кылмыш үчүн аялдын эрине, же кыздын ата-энесине кун төлөйт. Эгер жигит өзү зордуктаган ургаачыга үйлөнүп алса жазадан кутулат.

  10. Бирөөнүн аялын ала качкан өлүмгө жазаланат, же эр кунун төлөйт. Эгер аялдын макулдугу менен ала качса, анда калтырылган күйөөсүнө калың төлөйт да, үстөгүнө калыңсыз кыз берет.

  11. Аялды ызалаган эркек андан кечирим сурашы керек, сурабаса арсыздыгы үчүн айыпка жыгылат.

  12. Жети ата өтмөйүн кыз алышуу (үйлөнүп алуу) өлүмгө, же агайыңдары белгилеген жазага тушугат.

  13. Кудайды сөккөн, эгер буга жети адам күбө өтсө, таш бараңга алынат.

  14. Каапыр болгон адам мал-мүлкүнөн ажыратылат.

  15. Кул - кунсуз. Эрки кожоюн колунда.

  16. Ата-энесине тил тийгизген уулдун мойнуна кара көө жабылып, кара уйга тескери мингизилип, камчыга алынып, айыл аралата айдалат, кыз болсо - колу-буту маталып, эненин колуна салынат.

  17. Ууру үч тогуз үстөк төлөйт.

  18. Уурулукту да, киши өлтүрүүнү да катар жасаган эки бир дей жазага калат.

  19. Эринин уурулугун жашырган, айтпаган аял, же атасыныкын жашырган уул жазага илинбейт, себеби, уулунун үстүнөн чагымчылык адепке сыйбайт.

  20. Осуят, же керээз агайын-тууган менен молдо катыштырылып айтылат.

 21. Барымтадан кайтарылган мал төлү менен алынат.

  22. Доону бийлер менен аксакалдар чечет.

  23. Күбөгө эки, же үч адам жетет.

  24. Бийлерге кесилген кесимдин ондон бир үлүшү тиет.

 25. Эгер айыпкер кесилген айыпты өз эрки менен учурунда төлөбөсө, анда ал айып кесими барымта менен да алынат.   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...