Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Көчмөндөр ойчулу Асан Кайгы качан туулган? 

 Кабылбек Жумабаев


Олуязаада Куркут Ата өлүмдөн желмаян минип качса, дилин күйүт пири жылоологон Асан Кайгы желмаян минип “кой үстүнө торгой жумурткалаган” Жер-Уюкту издейт!

Баланчанын түкүнчө жылдыгы, же юбилейи деп эле келатабыз. Атагы аңызда калган Асан Кайгыны антип эскере элекпис! Неге? Себеби, анын өмүр датасы, чыгармачылыгы, философиясы жөнүндө так маалымат жок. Антели десек, кыргыз окумуштуулары аны Жаныбек хандын тушунда жашаган деп болжол кылышат! Кайсы Жаныбек? Бири - Алтын Ордодогу Жаныбек (1342-1357-ж.ж. хан) деп. А бири айтат казак хандыгына негиз салышкан Аз-Жаныбек (1417-1477-ж.ж. жашаган, 1470-1477-ж. хан) деп. Окумуштуулар өздөрүнчө изденүүдөн көрөкчө, эл оозундагы “Асан Кайгы - Жаныбек хандын тушунда жашаптыр” деген эле уламыш кепти ээрчип калышкан!
Куйругу жок, жалы жок
Кулан байкуш, кантти экен?
Аягы жок, колу жок
Жылан байкуш кантти экен?-деген саптарды Асан Кайгынын көздөй ыры катары көрүшөт. Анткени, мында жеке Асан Кайгыга гана таандык көркөм - философиялык почерк туруп жатат. Бирок, бул - Асан Кайгынын эч кандай өз ыры эмес! Анын бир кайрым оюн гана кыргыз жана казак акындарынын руху жакын бирөөсү өз дареметине жараша чүргөп койгону!
Азыркы учурда башаты белгисиз Асан Кайгы кимге керек? Эмнеге керек? Рухий ойду байытыш үчүнбү? Адабият, же көчмөнчүлүк философиясы үчүнбү? Асан Кайгынын философиясы эмнеге такайт? Табиятты сүйүүгөбү, боорукерликкеби, же жалпы эле гуманизмгеби? Эгер анын өз тексти болбосо - анын ой толгомолору аны улап айткан ар кимдин инерциясына түрткүнчүлүк да. Бул анык Асан Кайгынын сөзү, же ою деп кантип кармайбыз? Дегинкиси, Асан Кайгыны көчмөнчүлүктүн философиясы, же сентименталисттик көрүнүшү катары кантип окутабыз? Деги, Асан Кайгынын чыгармачылык турпатын ачып бере турган нак чыгармасы барбы? Жок! Жазылып калынды делген Кулкожо Акмат Жасовийдики да күмөндүүлүктөн кур эмес! Жоромолун гана кармоодобуз! Анын эрбең-сербең сөлөкөтүнүн артындагы философиялык данеги анын өзүнүн заманынан гана табыла алат!
Казак окумуштуулары аны XV кылымда жашагандай, 1361-1370-жылдары ичинде Эдил боюнда туулгандай жоромол кылышат. Кийин Асан Кайгы аталып кеткен тарыхый Хасан Сабит уулу катары да санашат. Алтын Ордодогу Жаныбек хан эмес эле, Улуг-Мухаммеддин (1421-жылдын ичинде жана 1424-1428-жылдарды хан) ишенген бийлеринин бири болгонун боолголошот! 1465-жылы ал али тирүү болгондой, кийин Сары-Аркада өлгөндөй көрүшөт (Бес гасыр жырлайды. 1-том, Алматы, “Жазушы”-1989). өркөнү өскөн казак боордоштордун дагы бир дарегинде 1291-1418-жылдары 127 жашка чыга өмүр сүргөнүн эскеришет (Арыстан өтеулин, Мухамеджан Алимбекоув. Казак шежиреси. Алматы, “Ана тили”-1992). 1232-1313-жылдары жашаган деген да билдирмелер бар!
Кыргыз уламыштарында анын Ысыккөлдүн боюнда өлгөнү билдирилет!
Асан Кайгыны өзгөчө адам
(уникалдуу феномен) болгонун ал жөнүндөгү өлбөгөн аңыздар эле аныктайт! Демек, ал тарыхта болгон адам! Тарыхый аңыздарга караганда анын атасы мүнүшкөр да болсо керек!
Деги, Асан Кайгынын тарыхта, же ишенимдүү даректерде изи барбы? Бул суроого жоопту “ким издесе өз денесинен табат андан душманын” деп ырдаган суфист акын Юнус Эмре (1240-1320-ж.) береби дейм. Ал айтат (өз колу менен жазып кеткен): “Тот Хасан Кейикли как бы слово сказал от самого себя, но ведь слово от бога, так что значить его слово” (Хасан Кейикли сөздү өзү эле айта калгандай тамшана сүйлөйт, Кудай оозуна сала бербесе анын сөзү неге жарасын!) Мында биринчиден Хасан Кейиклиде өзгөчө акындык кудурет, жандуу сөздүн устатчылыгы жана өз алдынча философия жатканы байкалса, экинчиден анын Хасан Кейикли делгени - Асан кейикчээл, Асан кайгычыл, Күйүттүү Асан, Кор Асан Ата, Кожо Асан делген эле атоолордун бир варианты экени көрүнүп турбайбы!
Эмесе, Асан Кайгы Юнус Эмреден (1240-1320) саал гана мурда, же экөөнү куйрук улаш жашаган дешке болот! Бул учур суфизмдин өзүнчө бир өр алып, балкып, бутактанып гүлдөгөн маалы эле! Суфизм - чылк дин эмес, синкреттик жана диний-этикалык өз алдынча агым болгон! “Суфи” - дербиштин суп (сурп?) чепкени эмес, “философия сөзүндөгү “софи” (даанышман) деген мааниде эле! Суфизимдин көздөй апогейи - Кулкожо-Акмат Жасовий (1097-1166-ж.) болгон. 7 жашынан тартып Арстан Бабадан таалим алган! Анын даңазасы ушунчалык: “Мединада Мухаммед, Түркестанда Кожо Ахмет” деп, пайгамбарга теңештирилип бекер айтылып калбаган! Суфизмдин дагы бир кылда чокусу Жалалиддин Румий (1207-1273-ж.) эле! Ашынган “крайнийи” - Аналхак (? - 992-ж.). Мына ошолордун катарында көчмөндөр арасында Асан Кайгынын эгер бирди -жарым жазмасы болсо, ал да артка жетпей жоголгон! Ооздогусу желдей көчүп жүрүп калган!
Тарых менен улама кептин буташканын кара. Кадимден берки “Манас” дастаныбызда “Манастын Олуят чалды бүктөгөнү” деген тема бар. Мындагы Олуят кадимки эле Хасан Ата. Анын теги алты аталуу “олуят” экени (!) жөн салды байланыш эмес! Хасан Атанын 19-урпак мууну Туван - 1900-жыл ченде, Чары - 1913-жылы, ал эми Тувактын уулу Жары - 1930-жылы туулган! 600 жылда 20 муун чыгат! Ары, артка алсак, 1300-1400-жылдар аралыгында Асан Атанын учуру болуп чыгат. Санжырада, албетте, бир же бир нече атаны түшүрүп кетүү, же кошуп көбөйтүп айтуу болушу толук ыктымал! “Ар түндү Кадыр туюн, ар кимди Кадыр туюн” деп сүйлөп өткөн Сулайман Бакырганий (1186-жылы өлгөн) менен Хасан ата ага-ининин уулдары экенин эске алсак, анда Хасан Атабыз Жасовийден соң көзү өткөн киши деп айта алабыз.
Эгерде биз Асан Кайгы айтылып өткөн даанышман Хасан Кейикли экенине ишенсек, анда ал XII кылымдын 2-жарымы менен XIII кылымдын I жарымында чыгармачыл өмүр сүргөн тарыхый инсан экенин көрөбүз! 1129-1130-жыл ченде төрөлгөн деп да боолголоого болот!

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...