Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Кыргыз мамлекеттүүлүк идеясы «Курманбек» дастанында

 

Курманбек баатырды эл трагедиялуу учурга алып келип жараткан,

башын жерге салып турган калкты баш көтөртөр жигит деп эсептешкен

 

Абдыкерим Муратов

 

2001-жылы белгиленген Курманбек баатырдын 500 жылдыгы кандай негизде кабыл алынды деп сурагандар көп, өзүбүздөн да болду, сырттан да айтылды. Чынында биз “Курманбекти” кыргыз элинде кеңири тараган элдик оозеки чыгармалардын бири катары гана санап келгенбиз да, анын кайсыл бир жылдыгын белгилөө тууралуу ойго келген эместир.

  Адегенде “Манас” эпосунун маарекесин белгилөө ою өткөн кылымдын 40-50-жылдарында пайда болуп, анан ал ой ал мезгилдеги катаал саясатка байланыштуу белгисиз мезгилге калтырылып, эпостун 1000 жылдыгын салтанаттоонун сааты 90-жылдарда гана - Кыргызстан эркин өлкө болгондон

кийин чыкты. Ошол тойдон кийин элибиз бир топ рухий канааттануу алды: көп өлкөлөрдөн коноктор келди, “Манас айылы” жана “Манас-ордо” деген эң сонун курулуштардын комплекси бүткөрүлдү, бир топ китептер, кинофильмдер чыкты, айкелдер коюлду. Демек, эпостун маарекеси кыргыз элинин маданий мурасынын бир мартабалуу мактанычына айланып, жаамы кыргыздык той өзүн өзү актады.

  Ошондон кийин дагы бир эпостун чоң тоюн өткөрүүгө шерденген кыргыздар Курманбек тууралуу баатырдык дастанды көтөрүп чыгышты. Анан анын 500 жылдыгын өткөрүү тууралуу демилгелер көрүлө баштады.

  А бул 500 жыл деген сан чын эле кайдан алынды? Курманбек палан жылы палан жерде туулуп, палан жерде өлдү деген так маалымат бар беле?

  Жок, кыргыз тарыхы көбүнчө жазмага түшкөн эмес, оозеки адабиятта гана айтылган. Демек, анын 500 жылдыгы кыйла шарттуу алынган цифра. Деги эле Курманбек баатыр тарыхта болгонбу, болгон эмеспи деген маселе да кыйла адамдын бүйүрүн кызытып келет.

  Кытайлык кыргыз санжырачысы, тарыхчысы Үсөйүн ажы кыпчактар тууралуу жазат: “15-кылымда Мисирди башкарып туруп дүйнөгө таанылган Катпай, Тооманбай, 16-кылымда чыккан Курманбек, 19-кылымда чыккан Дилде баатыр, Сыдыкбек, жакынкы заманда Таш-Коргон көңтөрүшүнө башчылык кылган Мамет Айса, Аким Шерип Аамат, Кожомкелди сыяктуулардын бардыгы зулумга каршы күрөш кылган жоокер баатырлар болуп эсептелет” (“Кыргыздар” деген китептен. Түзгөн К. Жусупов, Ф.:”Кыргызстан”, 1991, 111-б.). Андан ары автор минтип улайт: “Курманбек. Бул баатыр зулумга каршы күрөшкөн жоокер. Ал кыргыз элинин тарыхтан берки өчөгүшкөн жоосу муңгул баскынчыларына каршы күрөш кылган. Кыргыз элинин мурунку жөрөлгөсү боюнча 40 жигит кармаган. Ал өзү муңгулдардан коргонуу үчүн Үч-Турпанга сепил соктурган. Өзүнүн Телтору атын байлап сактай турган орун жасаткан. 16-кылымдын аягында Кашкарда кан болуп турган. Адилеттик оор басырыктуулук менен элине жаккан Ак кан же болбосо Аппак кан (өз аты Абдлитин кан, 1618-жылы дүйнөдөн кайткан) менен чыныгы дос болуп, бул эки улут биригип туруп зулумга каршы күрөшкөн. Акыры Кара-Шаардагы муңгулдар менен болгон бир урушта жөлөгү жок жалгыз болгондугунан, душман колдуу болуп дүйнөдөн кайткан” (жогорудагы китеп). Демек, Үсөйүн ажынын жазуусу боюнча Курманбектин анча-мынча бүдөмүк болсо да тарыхый инсан экендиги, башкаруучу болуп өткөндүгү айтылат. Азыркы Кытай тараптагы бир топ аймактарга өкүмдарлык кылганын билдирет. Ушундай эле ойду санжыра изилдөөчү аалым С. Аттокуров да бекемдейт: “... Курманбек, Шырдакбек өз убактарында Кашкардын, Жаркенттин акимдери болушкан” (С. Аттокуров “Кыргыз санжырасы”. Б. “Кыргызстан”, 1995, 183-б.).

   Ал эми 2003-жылы 20-февралда И.Арабаев атындагы университетте өткөргөн конференцияда биз кытайлык тарыхчы Макелек Өмүрбайга: “Курманбек баатыр менен Кашкар ханы Аккандын достугу тууралуу айтылат. Сиз кытайлык тарыхчы катары бул эки образды тарыхый инсандар деп айта аласызбы, алар тууралуу тарыхый булактардан окуганыңыз барбы?”-деген суроо узактаск, кытай жана кыргыз, анан калса дүйнө тарыхын жакшы билген ал минтип жооп берди: “16-кылымда Кашкарда чоң бир окуя болгон - Аппак кожо менен Кара кожонун кагылышы. Биздин жоромолубузда ошол Аппак кожо деген Аккан болушу мүмкүн. Кашкарда “Аппак кожонунун күмбөзү” деген күмбөз бар, ал жерге уйгурлар жүгүнбөйт. Мусапырлар барып байырлашат, “Аппак кожонун умачыбы” деген бар, ошону жасап коюшат, кечкалгандар, оокаты тартыштар аны ичип жансакташат. Ошого кыргыздар барып сыйынат, ошондон Аппак кожо ушул Акканбы деген ойго кетесең. Курманбек деген бектин ошол жерден өткөнүн билбейбиз, бирок, анын уруусундагы Сыдыкбек, Шырдакбек деген сыяктуу бир нече бектер айтылат, бирок Курманбек айтылбайт”.

  Мына ушундай ача пикирлер.

  Бирок, канткен менен санжыра деген - санжыра, ал так тарых эмес, ошентсе да бул фактыларды элес албай коюуга болбойт.

  Ал эми кыргыз эпосу “Курманбектин” бештен ашык варианттары жазылып калган. Алар Түштүктөн да, Түндүктөн да, а түгүл Памир жактагыларда да табылган, мунун өзү аталган чыгарманын эл арасына кеңири сиңгендигин айгинелейт. Алардын көпчүлүгүндө Курманбектин Үч-Турпан, Кашкар тараптагы хандыгы айтылбайт. Анын бийлик чөйрөсү азыркы Фергана өрөөнүндө болгондугу боолголонот.

  Калык Акы уулунун варианты боюнча анын турагы Жазы деген жер, бул аймак Анжиан багытында делет. Муну Кокондун үстүндөгү Жазаван чөлү турган жер (азыркы Өзбекстандын Фергана вилаятында) дегенди айткандар бар, алар карманган далил - айрым варианттарда Курманбектин атасынын Коконго бийлик кылгандыгы. Экинчи бир пикир - бул азыркы Кыргызстандын Өзгөн районуна караштуу Жазы суусунун алабындагы бир жер болушу мүмкүн дегендер. Оозеки айтымдарда азыркы Өзбекстанга өтүп кеткен Кара-Дарыя боюндагы Хан-Абад шаарынын бир жеринде Кош-Коргон деген болгон экен, ошол жерде Телтору ат суу ичкен булак азыр да бар деген сөздөр айтылат. Мындан ошол Жазы суусу Кара-Дарыяга куйганын эске алсак, Курманбектин ордосу болжолу азыркы Өзбек Республикасына өтүп кеткен Хан-Абад шаарында же Анжиан суу сактагычы басып калган жерде деп болжолдоого да мүмкүн. Ал эми анын өлгөн жери, күмбөзү деп айтылган жер ошол жерден көп деле алыс эмес, Сузак районунун Калмак-Кырчын деген тоосунда. Айтмакчы, ошол күмбөздү казып да көрүшкөн, ошондо андан сөөк чыккан, анын бою 1 метр 98 см (айрымдар 2 м 8 см дешет) болгон. Муну да Курманбек баатырдын сөөгү деп айткандар көп. А түгүл ошол жердеги бир топ жер-суу аттары (топонимдер) Курманбек окуясына байланышат.

 Анан дагы бир факт: Кытайдагы уйгур калкы жанагы биздин эпостогу Аккандын прототиби болгон Аппак кожонун (дагы бир тарыхый булактарда Аппак хан, өз аты Абд ал-Латиф деген 1602-жылы төрөлгөн отуз жашында Кашкарда хан болгон тарыхый инсан деп да айтылат) 500 жылдык маарекесин 1992-жылы өткөрүптүр. Курманбектин 500 жылдыгын да ошол окуядан алгандар болду.

   Канткен менен мунун баары эле Курманбектин тарыхта толук жашап өткөндүгүн так-даана тастыктабайт. Бирок, жокко да чыгаруу кыйын. Анан “Курманбек” эпосунун тарыхта жазылып калган бүт варианттарын карап чыкканда дагы бир карама-каршылыктарга туш келебиз. Айталык, 1923-жылы М. Мусулманкуловдон жазылган вариант боюнча Курманбек Молотия деген шаардын ханы. Дале бул вариант эпосту тарыхтан алыс кылат. Баатырдын аялы учуп жүрөт, анын энеси кайберен. Тотемдик түшүнүктөр бул варианттын өзөгүнө өтө терең сиңдирилип, реалдуу окуяларга караганда мифологиялык окуялар басымдуулук кылат. Буга карап Курманбектин таржымалын тээ байыркы убакка - “Эр Төштүк”, “Кожожаш” дастандары жаралып, калыптанган убакка алып баргың келет.

  Ал эми Сарыкунан Дыйканбаевдин варианты баатырдын ат сурап турган жеринен гана башталат, анда абдан трагедиялуу учурлар арбын, көркөм каражаттары бай, менимче бул комуз менен аткарууга бапташкан вариант болуш керек. Буга К.Акиевдин варианты кыйла жакын. Аталган вариант дастандын жазылып калган варианттарынын ичинен эң көлөмдүүсү (5500 ыр сабынан турат) жана окуянын толуктугу, бүтүндүгү, образдарынын жеткилеңдүүлүгү жактан мыктысы.

   Жогорудагылардан улам айтуучу нерсе - Курманбек баатыр окуясы кыргыздарга тарых баяны катары эмес, көбүнчө көркөм адабият, элдик дастан катары жеткен, анын ушуга чейинки муундар тарыхтан издөө түйшүгүн тартып убара чекпеген, ал эми дастанды угуучулар болсо аны ар кандай кабыл алган: бирөө жомок дегендир, бирөө чындык дегендир. Мындайга бир топ туура ойду фольклор изилдөөчү

Т. Танаев айткандай. Ал минтет: “... Курманбек баатырдын ким болгондугу, качан туулуп, кайда өлгөндүгүн, карт тарыхтын белгилүү бир жылында жашап өткөндүгүн тактоо эч мүмкүн эмес. Анткени, кыргыздардын калмактар, кара кытайлар менен болгон карама-каршылыгын аныктаган жазма тарыхы али элимде такталбагандыктан, экинчиден, андай жазма өнөр кыргыздардын тагдырында болбогондуктан, бул узакка созулган тарыхый процесстер оозеки гана формада - оозеки жашаган көркөм чыгармачылыктын өлбөс-өчпөс күчүндө сакталып, алар эл арасында ооздон оозго өтүп, нечендеген көркөм өнөргө ээ болгон чыгармачыл атуулдардын акыл туюмунда, көркөм өнөр салтында жашап, кайрадан байып, улам өнүгүп, атадан балага, укумдан тукумга, доордон доорго агылып, өзүнүн өлбөс-өчпөс түбөлүктүү өмүрүн кечирген” (“Zaman Кыргызстан”, 7.09.01).

  Демек, Курманбекти мына ушул аспектиден түшүнүү оң. Ооба, аны тарыхтан издөөгө болот, балким, кытай тарыхчыларында бир нерселер бардыр, бирок, ал тарыхый инсан дастанда бир канча адамдардын бейнесин өзүнө сиңирип, өзгөрүп кеткен, ал элдин үмүт-тилегин, ушундай болсо деген мүдөөлөрүн чагылдырууга кызмат кылган.

  Мына ошолордун ичинен эң башкы ой - кыргыз жерин коргоо, бытыранды хандыктардын башын кошуп, аларды бирдиктүү бир мамлекетке бириктирүү. Ырас, тарыхта эчен жолу Кыргыз мамлекети аябай чыңалып, толуп-ташып, кубаттанып турган жылдар болгон. Ошол эле кезде мамлекет ыдырап бөлүнүп, ички саткындардан жана көзарткан сырткы жоодон эл-журт бүлгүнгө учурап турган кездер да арбын учураган. Курманбек баатырды эл ошондон трагедиялуу учурга алып келип жараткан, атайын эл башын жерге салып турганда баш көтөртөр жигит деп эсептешкен.

  Курманбекке да “Эр” деген эпитет көп убакта кошо айтылат. Кытайлык тарыхчы М.Өмүрбай бул сөз тууралуу мындай бир кызыктуу оюн ортого салды: “Кыргыздын эң алгачкы жазуулары кытай жазма булактарында учурайт, алардын бири “Эр” деген сөз. Кытай тарыхнаамаларында кыргыздын эң башкы кишиси “Эр” деп аталып келген, а муну “Ажа” деп которушкан. А “Ажа” болсо башка бир доордо жашаган мансап кишиси. “Эр” - башкиши, бүт элдин биринчи кишиси деген мааниде. Мисалы, “Эр Табылды”, “Эр Манас”, “Эр Төштүк” ж.б. “Каган” деген сөзгө “Эр” дегендин кошулуп, “Эр Каган” болгон учурлары бар. Ошентип, кытай тарыхнаамаларында “Эр” деген сөз 9 жерде колдонулуп, башкишинин кандай тамак жегендиги, башкийими тууралуу да айтылат жана бул сөз кыргыздарга гана таандык болгондугу белгиленет. Кытай тарыхчысынын бул иликтөөсүнөн көңүлгө алуучу жагдай: байыркы мезгилде кыргыздардын мансап титулундагы биринчи киши “Эр” балким, кийин биз билген жана биз түшүнгөн “эр” (кайраттуу, баатыр деген маанилердеги) дегенге ооп кеткендир, же тескерисинче болгондур.

  Байыркы тарыхты абдан терең түшүнгөн Т.Сыдыкбеков “Көк асаба” романында бекеринен башкаарманын Эр Киши деп атабагандыр...

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...