Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Кыргыздын кызыл байрагын көтөргөндөр

 

Памирбек Казыбаев,

Алыкул үй-борбору

             

Айтылуу акын Алыкул

 

“Алыкул азыркынын пайгамбары” деген ойго келбес, келсе да даап эчким айткыс сөздү Аксынын Авлетим айылынан келген ардагер аксакал Мырзабек Сарыбаевден укканда: “Катуу айтып койдуңуз го?” деп, мынчалык пикир ашепкелик эмеспи деп бүшүркөгөнүмдү туюндурсам: - Эй, иним, ушул жигитчелик (бечаранын күлгүндөй кезинде өткөнүн эстеп атканым) эл, жерге күйүп, Атажуртту сүйүүгө, коргой билүүгө мынчалык күйүп бышкан ким бар?.. Эбак жазган китептерин окусаң демиңе дем, мээңе кубат эмеспи?!-деп өз оюн огобетер көшөрө тастыктап салбаспы. Аксакал агартуучу акындын бейит башында Куран окуп бүткөндө: - Бу кишинин жакын туугандары, бала-бакырасы калганбы?-деген суроону узатса, шериги, “Кызыл-Туу” совхозунда аарычылык тарабын чоюп келген эмгек ардагери Мамырбек Сыябаев тетири жооп укканда ыңгайсыздана түшкөнүн: - Бирок, мына сиздерге окшогон күйөрмандары, баалагандары бардыгы, сөзү элдин көкүрөгүндө экендиги зор нерсе. Ал үчүн китептерин чыгарып, өзү жөнүндө айтып туруш өкмөттүн, биздин милдет деген ойлору менен жооткотту.

  Ошентип, аксылык аксакалдарга “Ала-Арча” көрүстөнү боюнча кокусунан баяндамачы болуп, эстеликтер баянына өттүм. Экөө Бишкектеги бала-чакаларына жолугууга келип, анан ушул улуу жайды да көрөлү, таанып билгендерге Куран окуйлу деген ниетте жүрүшкөн экен.

 - Атаңдын көрү. Кыргызымдын кыраандары ушуерде экен... Кайран таланттар, не деген асыл адамдар. Өздөрү кетсе да артында нуска сөздөрү, өрнөктүү иштери калганын айтпайсыңбы. Жаткан жерлери жайлуу, арбактары ыраазы болсун!-деген эки аксакал менен жаңы эле казылган жайды, аны казган жигиттерди аста карай өтүп бараттык.

 

“Кыргыз тилиңдин” жүүнү бош, Камбар аке, кайыр кош

 

  - Бардык пенденин барар жайы ушул эмеспи. Буерге дагы бир көрүнүктүү кишини койгон жатышкан го...-деген суроого буйдалып, дароо жооп бералбай турдум.

  ... Анткени, өзүм аза күтүү аземине жетишпей, быякка утурлап келген элем. Алыкулдун чыгармачылыгын изилдеп гана тим болбой, бир кездеги улуу өлкө Советтер Союзуна акындын талантын таанытууга атан төөдөй эмгек сиңирген, эгемендикке жетсек деле эне тилде сүйлөбөгөндөргө жаны кашайа кыргыз тилинин кызыл байрагын бакылдап көтөрүп келаткан асыл агабыз Камбаралы Бобуловдун жайбашы экендигин эзеңгирей айтканымда алиги аксакалдар сүрөп кетишти: - Аа, баягы депутат кезинде, “Кыргыз мамлекетинде кыргыз тили пайдаланылбайт деген күйгүлтүк жеткирбей, улуттук угуттун, элдик дил, ыймандын негизи болгон эне тилибизди - эне сүтүбүздү унутпай жүрөлү деген демдүү Камбаралыбы? Арты кайрылуу болсун! А бирок, анын дымагына тең келер ким бар? Аттиң, ал күйүп, бышып, бакырып-бакылдап жүргөнү менен телки калгандай туюлар эле. Себеби, өкмөттү кой, бу Бишкекте жүргөн интеллигенция деле аны жалгыз кыйкыртып, четте карап тургандай болду го...

  Ушуну эшиткенде эл баарына сынчы, тараза дегенге жана бир ынанып, ушундай элге эч бир жыргаган сөз айталбас, күнкарама, унчукпас, мажирөө катмар көбөйүп баратканын жержебериңе жете туйгандан артык мүшкүл жок экендиги жонтериңе сайылган кокотикенектей сезимиңди сыздатат экен.

  Кыргыздрамтеатрдагы аза аземине катышпай, аерде кандай сөз сүйлөгөнүн эшитпегеним бир тең да, эки аксакалдын эч кошулмасы жок, акдилден айткандары бир тең болду. Чынында эле, асты академик инилерине чейин Камбаралы агага эмне көмөк көрсөттүк? Наам алды, үй бөлүндү, кеселдеп жатканда жардам берилди, дагы башкасы болгондур... А бирок ал кишинин өзөгүндө өрт болуп жанган элим, жерим деген улуу сезимдери,  кыргыз тили деп өмгөктөгөндөрү коомдук, мамлекеттик деңгээлде демдүү колдоо таппагандыктан, күнүмдүк көртирликтин көксөөсүнөн арылбаган сезими арманга басылып, анысы денсоолугун дартка алдыртып койгону ойлонтчу жагдай эмеспи... Ай ким билет? Анткени, ооруп калганда “тигинттик”, “минттик” дегенден көрө, соо кезинде талантын, күчүн, уюштуруучулук мээнетин үзүрлүү пайдаланып калганга шарт түзүүгө эч ким эзели чыгынбайт болушу керек.

  Муну, мамлекетибизде эне тилге жайнаган коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын деңгээлинен ашпаган мамиле жасалып жатканы ырастабайбы... 60-жылдарда чыккан чыгаандардын ичинде Алыкул Осмонов үчүн ак кызмат өтөгөн (алгачкы жыйнагын түзгөн, эстелигин тургуздурткан) алыкултаануу илимине өчпөс чыйыр салган Шаршенбек Үмөталиев агайыбыз дарттын айынан он төрт жыл оюн айталбай, жазалбай төшөктө жатып, көзү ачык, көкүрөгү күйгөн бойдон 2000-жылы жазгы маалда каркыралардын коштоосунда оо дүйнө кеткен эле.

  Эми, 2003-жылдын январында Камбар агабыздан айрылып отурабыз... Акүйдөбү, парламенттеби кыргыз тилинин коңгуроосундай жаңырып турган үнү, күрөшкө тойбой калган балбан сымал кебетеси жана: “Алыкул үчүн менчелик күйгөнүң барбы” (орус тилиндеги жыйнактын түзүүчүсү, омоктуу ойдун автору) дегени, “Бакырчаактын бары жакшы, бакырып турса дагы жакшы” деген накыл кеби далайдын көкүрөгүндө улуттук ар-намыстын уюткусундай кала бермекчи.

... Бирок, Камбар агага топурак салып жатканда кыргыз тилинин мамлекеттүүлүгүнө кошо топурак салынып жаткандай сезилгени селт эттирди. Анткени, Камбар агачалык ага эч ким күйбөстүгү, андай алакөөдөңдүк менен эрдик жасабастыгы, жасаса да бардыгын балакет баскан саясатка ылайыгы келсе да, келбесе да сасыткы кылып бастырып берерлиги безге сайып турду. “Асабасын” чыгарталбай алдастаган Түгөлбай аксакал да кезегинде жалгыз эле - тил, дил дегенде...

  Камбар акенин оргу-баргы ачыктыгы, шашмалыгы, бардык жерде пикирин кыйтың-куйтуңсуз ортого салганы, сынчылык таланты, жазуучулук өнөрү, депутаттык ишмердиги, өзү алгачкы жетекчиси болгон “Кыргыз тили” коомунун аброюн көтөрүп турчу. Ал киши сыркоолоп, колуна таяк алганы жана төшөккө жатып калганы коомдун да ооматы ооп кеткени бул коомдун эле эмес, кыргыз тилинин мамлекеттүүлүгү жөнүндө да ойлонууга, чечкиндүү аракет, жетишерлик кам көрүү тууралуу каймана какшап калганы эмеспи...

  Бул ишти илгерилетүү үчүн Камбар аганын “Алыкулга менчелик кызмат кылганың ким?” дегенин эстей, “Кыргыз тилине Камбаралы агадай кам көрөлү” деген көкүрөк чакырыгын сезип жүрсөк, арбагы бизге ыраазы боло, жаны жаннатка чыгар.

  Ылайым ушундай болсо экен!

  Бул үчүн тилибизди базардан баштап, Ак үйгө чейин сыйлоо, колдоно билүү абзелдир...

  Кыш чилдеде жарык дүйнөдөн өткөн Камбаралы аганын элеси эне тилибиз менен, мамлекеттик маңыз менен айрылгыс экендигин эми минтип мамлекеттүүлүктүн майрамына жакындаган сайын улам даана сездиртип, жайчилдеде жандүйнөбүзгө муздак суу сепкиси, “ойгонгула, кыймылдагыла” дегиси келип, бирок, антерге алы жок, арбагы да бизге ыраазы эместей кайгырып тургансыйт.

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...