Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


“Кыргыз элине берейин дегеним көп эле, колум жетпеди”

же Жайнак Саадаевдин жаркын элесин эстеп...

 

[Башы өткөн санда]

 

 Токторбай Урманбетов

 

 Кыйла мезгилден бери согуштун, кийинки тап күрөшүнүн кылычын чапкан Жайнак эми саясий-уюштуруу багытындагы окуунун да “кылычын” талбай, таасын чапты. Жашырганда не, Жайнактын орусча так сүйлөй да, жаза да билиши айрыкча Украина, кийин Россия жергесиндеги революциялык духка аралашып, көзү каныгып келгендиги өбөлгө болуп, башкаларга салыштырмалуу Ташкенттен билим алуу үчүн оңой болду. Бирок, өзүн көтөрө чаппай, дайыма сыпайы кармаган Жайнак өз артыкчылыгына мактанган жок. Ал турмак курстун аягындагы комиссиянын берген “отлично” деген баасы турса да өзүнүн жазган анкетасында “мало-грамотен”, “образования, почти ни какого  не имею”, “самоучка” деп көрсөткөн. Бул өз алдынча жүрүп, сабатсыздыгымды жоюп алганым менен базалык жогорку билимим жок деп кыйыта айтылган сөз. Бирок, колдо болгон тарыхый документке караганда Жайнак Саадаев табийгый туюму абдан күчтүү, эрудициясы бай, чарчап-чаалыкпаган ишмер экендиги көрүнүп турат. Анын жеке тажырыйбасы өтө бай. Европа менен Азиянын жашоо мүнөзүн салыштыра билген, ар бир нерсеге сын көз менен карап, анын жакшы жактарын көрө билген, элдин жүрөгүндөгү купуя сырды илгиртпей түшүнүп, алардын сезимин туюнта турган акыл-насаатты айта билген инсан эле. Эл арасында мындай адамдарды “эл билги, эл билерманы, таланттуу жетекчи” деп коюшат. Ал эми ушул мүнөздөмөгө анын жөнөкөйлүгүн, сыпайкерчилигин, токтоолугун кошсок, 20-30-жылдарда Жайнактын кадыры, аброю калк арасында өтө чоң болгондугу көз алдыга элестей түшөрү бышык. Дал ушундай атуулдар бүгүнкү күндүн фундаментин түптөгөндүгү ырас.

 

Жаңы заман өзүнөн өзү курула койбойт эмеспи

 

 Ал түгөнбөгөн түйшүктү, эрдикти, керек болсо курмандыкты талап кылуучу нерсе. Муну жакшы түшүнгөн Жайнак күнү-түнү тыным алган жок. Анын үстүнө курбалдаш, нары идеялаш, жаңы замандын алгачкы кирпичин коюуга белсенишкен Тыныстанов, Исакеев, Сыдыков, Абдырахманов, Айтматов, Орозбеков, Жээнбаев, Көлбаев, Кулматов, Шооруков, Жолдошев, Эсенаманов, Алиев ж.б.лар менен үзөңгүлөш иштешип калуу Жайнактын дагы бир кыйла өсүшүнө шарт, өбөлгө болгондугунда талаш жок. өз колу менен толтурулган биографиялык анкетада жөнөкөй солдаттан отряддын командири, ГПУнун начальниги, райкомдун секретары, “кошчу” союзунун председатели, Пишпек шаарынын мэри, Кыргыз автоном облусунун текшерүү комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин экинчи секретары болуп иштегендиги жазылып турат. Отуз жашка чыгып-чыкпай жатып, ушунчалык даражага жетсе да, Жайнак жалпы эле аткарылып жаткан иштерге купулу толгон жок. Кайра нааразы, ичинен түпөйүл. Ачыгын айтуу керек, жаңы замандын келишине каршы эмес, аны кубаттап, күнү-түнү камчысын чаап жүргөнү ошол. Бирок, жаңы турмуштун келечекке карата алган багыты аны ойлондура коюп жүрдү. Чогулуш, жыйын же айрым бир маселелер боюнча жолуга калганда Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахмановдор менен бирге кыргыз журтчулугунун келечеги, экономикалык маданий өсүш, жергиликтүү бийликти күчөтүү, анын өз алдынчалыгына жетишүү, орус эли менен бирдикте, бирок өз алдынча эриш-аркак өнүгүү тууралуу ой толгошуп, түн оокумуна дейре отурушар эле. Айрыкча “бөрк ал десе, баш алмай” принциптин күч алып баратышы, падыша тактан куласа да анын “кыңк” эттирбей башкарган режиминин сакталып калышы, тымызын ушакчы-чагымчылдардын күчөшү жаңыдан телчиген Кыргыз Республикасынын жаш жетекчилерине кыйла тоскоол болду. Каргаша болуп, дал ошолордун үстүнөн арыз түшүп калбаспы. Аны

“отузчулар” атанган (арызга отуз адам кол койгон) бай-манаптардын тукумдары жаңыдан телчигип келаткан республиканын жаш жеткинчектеринин иштерин көрө албагандыктан жазышкан болучу. Алардын максаты - жалгыз гана “эл үчүн, элдин жыргалчылыгы үчүн” деген идеяга сугарылган жаштарды иштен сүрүп чыгып, ордуна өз кишилерин коюу эле. Арызда минтип жазылган: “Туземное крыло нового состава исполбюро обкома далеко не работоспособно. Товарищ Саадаев - секретарь обкома РКП (б) - ранее не работавщий не посредственно на партийной работе, малограмотный, притом в вопросах партийного строительства малопонимающий, без широкой инициативы в деловых вопросах”. Бул арыз боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага Москвадан Зеликсон, Орто Азия боюнча уполномочен Манжара, Павловский, өзбекстандан Мавлянбеков, Түркмөнстандан Мамедов катышат. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей текшерүүнүн жыйынтыгында Ж.Саадаев өз ордунда калат да жалаа жапкан ушакчылардын бети ачылып, аны уюштурган Бабаханов 10, Худайкулов 7 жылга эркинен ажыратылат.

  Бир жабышса, сасыктумоодой чыкпаган ушак-айың, тымызын жүргүзүлгөн чагым ушуну менен эле токтобойт. Ал Жыйнакты өмүрүнүн акырына дейре коштоп жүрүп олтурат. Аңгыча “продразверстка” деген компания чыга калса болобу. Кыргыз журтчулугунун тагдырына 30-жылдардагы кургакчылык туш келди. Мурун мал менен күн көргөн эл жерди иштетүүнүн ыгын түшүнө бербей, дренаж, планировка, канал куруу, сугат системасын тартипке келтирүү колго алынган эмес. Колхоздоштуруу кампаниясы, коллективизацияга өтүү саясаты Борбордук Комитеттин экинчи секретары Жайнак Саадаевдин түздөн түз милдети болсо да, анын бул ишке байланган дагы бир жагы бар эле. 1927-жылдын июль айында партиянын областтык комитети составы он жети адамдан турган Борбордук жер комиссиясын түзгөн. Анын башында Ж.Саадаев турган. Ошондо бул иштин түпкү багытын туура деп эсептегени менен Жайнак Саадаев карапайым элди мажбурлап, кыйнап колхозго өткөрүүгө Ж.Абдрахманов менен бирдикте каршы чыккан. Анын пикири боюнча бир эле мезгилде жеке чарбага да мүмкүнчүлүк берүү менен коллективдештирүүнү жай, акырын, түшүндүрүү аркылуу жүргүзүү керек болучу. Бул өңдүү саясий кампанияны чукул, тез арада ишке ашырбагандыгы айрым “ичинен тап” адамдарга жага бербей, алар ыңгайлуу учурду күтүп жатышкан. Мына эми, дан тапшыруунун планы аткарылбай, маселе Москвада чечилип жаткан учурда Саадаевдин үстүнөн көнүмүш арыз да түшүп калат. Арызда Ж.Саадаев областта бир эле учурда жер комиссиясын жетектеп, партиянын эл чарбасы боюнча түздөн түз жооп берүүчү областтык комитетинин экинчи секретары болуп иштеп турса да саясий зор мааниси бар кампанияны атайылап үзгүлтүккө учуратты деген ушак-айың жазылган. ВКП (б) Борбордук Комитетинин бюросунда Ж.Саадаевден минтип сурашат:

  - Оокаттуу жашаган жана бай адамдардын короосун эмне себептен кыдырган жоксуңар же бул силердин милдетиңерге кирбейби?

  - Биздин Кыргыз Автономиялуу областыбызда бай-манап деген жок. Аларды небак эле тап катары түп тамырынан бери жоюп, алыска сүргүнгө айдап жибергенбиз. Орто деңгээлдеги дыйкандар бар. Алар өздөрүнө тиешелүү үлүштөрүн өткөрүп беришкен. Калганын келерки жылга үрөн катары сактап калышты.

  - Бизге келген маалыматтар боюнча контрэлементтерге жан тартат көрүнөсүз? Муну кандай түшүндүрөсүз?

  - Бул жерде контрларга жан тартуу жок. Маселе - иштин көзүн билген сарамжал, чарбачыл адамдарды сактап калуу. Алар - келечекте биргелешкен чарбанын өзөгүн түзгөн адамдар.

  - Сиз калыбы коллективизациянын маңызын жеткире түшүнбөйт окшойсуз?

  - Эгерде чынын айтсам, мен мындай ишке каршымын. Коллективизация биздин келечегибиз экендиги анык. Бирок, аны зордоп жүргүзүү, карапайым элдин тапканын бүт тейден тартып алуу туура эмес. Мындай ыкма менен элди ынандыра албайбыз. Ачка калган эл колхоздон баш тартышы мүмкүн. Ансыз да областтын элинин жарымынан көбү бир сындырым наны жок олтурушат. Менин жүрөгүмдү өйүгөн нерсе - эмдиги жылы талаага эмне эгебиз. Колубузда эч нерсе жок.

  Бюродо ушул өңдүү суроолор менен Жайнак Саадаевди кыйнашты да акырында аны кызматынан бошотушту. Ага кошулуп обкомдун бөлүм башчысы О.Алиев да кызматынан ажырады. А.О.Шахрай, Ж.Абрахмановго катуу сөгүш жарыяланды.

 

“Мен жөнүндө

балдарыма айта жүр”

 

  Кызматынан бошогондон кийин ар кайсы райондо партиянын райкомунун секретары болуп иштеп турду да 1935-жылдын 17-ноябрында партиянын катарынан “жат элемент” катары таптакыр чыгарылды. Анан аны өзгөн районуна финансылык иштер боюнча жөнөтүп жиберишти.

  Оштун ысык аптабы. Ага Жайнак да, үй-бүлөсү да көнүп калган. Бул жерге келгени менен республикалык масштабдагы чоң иштерге катышпаса дагы, ар бир ишке көз кырын салып, көнүмүш адатынча жан-дүйнөсүндө аларга аралашып жатты. Жакшы иштерге уул тапкансып сүйүндү, көңүлүнө жакпаган нерсе болсо өзүн коерго жер таппай, аң-сезими, ички туюму уйгу-туйгу. - Сен эми баягы Жайнак эмессиң, азыр карапайым адамсың. үй-бүлөңдүн келечегин ойлоп, тынч жашасаң боло-деп, жан тарта сүйлөгөн кемпиринин сөзүнө кол шилтейт:

 - Жок дегенде сен туура түшүнчү бай болгур! Биз кыргыз журтчулугун падышачылык колониалдык режим үчүн түптөдүк беле? Түз жолдон адашып калдык, ошого жаным ачыйт,-деп буркулдаганы бар. Деген менен ал иштеп да жарыткан жок. ГПУ деген уюмдун ийнесинен жибине дейре жакшы билген Жайнак аны күтүп жатты. Ал да Жайнакты узак убакыт күттүргөн жок.

  Түн ортосу ооп калган мезгилде эшик тыкылдады да: - Жолдош Саадаев, эшикти ач!-деген өкүм угулду. Жайнак буйрукту негедир токтоо кабыл алды. Корккон да жок. Бир гана бут кийимин кийип-кийбей көз жашын тымызын агызган аялына боору ооруду. Болгону органдын өкүлдөрүнө: - Мен даярмын. Балдарым уктап жатат. Уйкусун бузбайлы-деп, күрмөсүн кийине эшик тарапка жөнөй берди да кайрадан токтолуп, көз жашын көлдөткөн аялын кучактай чекесинен өөп: - Аман болсом, кайрылып келем. Балдарды жакшылап тарбияла. Эл жүзүн аркалаган эр азамат болуп өссүн. Мен жөнүндө балдарыма айта жүр. Кыргыз элиме берейин дегеним көп эле, колум жетпеди. Аз болсо да ошого элим ыраазы болсо болду. Мен эли-журтума ыраазымын-деп, шарт жөнөй берди. Бул 1937-жылдын аптаптуу август айынын 19-күнү эле.

 

Түрмө...

 

 Бир кишилик тар бөлмө. Анда Саадаев 1937-жылдын 20-августунан 1938-жылдын 9-февралына дейре күн көрбөй, таза абадан дем албай кыштын кычыраган суугунда ачка тоңуп жатты. Сурак 1938-жылдын 9-январында башталды. Ага партиялык, советтик багытта күнөө кое алышкан жок. Экономика, маданият, социалдык тараптан да издеп эч нерсе таба алышпады. Айлалары кеткенде үчилтиктин (“тройка”) чечими менен: “1922-жылдан бери “Ур-Токмок” уюмунун жашыруун жетекчиси, “Алаш-Ордо” уюмунун жетекчилери Бабаханов менен Худайкуловдор соттолгондон кийин аны да тымызын башкарып келген. Максаты - совет бийлигин кулатып, көз карандысыз “Туран” мамлекетин түзүү болгон” деген жалаа жабылып, 1938-жылдын 21-февралында атууга өкүм чыгарылат. Чындык акырында жеңип, 1956-жылы 18-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун чечими менен акталат.

  Кыргыз үчүн башын канжыгага байлап коюп иш кылган, эл арасынан суурулуп чыккан чыгаан инсан Жайнак Саадаевди эл-журту унуткан жок. Бүгүн кыргызым Жайнак сыяктуу көзү өтүп кеткен эр азамат атуулдарга таазим кылып, баш ийип турган учуру.

 

Балтыркан күндө көп көргөм, Жайнак аганы.

өзүнчө сөз күрөштөгү кайраты,

өзүнчө сөз эл алдында сайрашы.

Али эсимде жаркылдаган күлкүсү,

Али эсимде ар бир баскан кадамы.

 

  (К.Маликов)   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...