Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


“Кыргыз элине берейин дегеним көп эле, колум жетпеди”

же Жайнак Саадаевдин жаркын элесин эстеп...

 

Душмандарды коммунисттик

жүрөк менен

чапкандын бири,

Чапаевдей дүмөк менен

Кара жүзүн ачкандын бири.

Көөрүктөн чыккандай илеп менен

Дөшүгө жанчкандын бири.

Көзү от болуп жайнап,

Ар бир сөзү кара ниеттерди чайнап,

Партиялык чөйрөдө турган сайрап,

Жолдош Саадаев Жайнак!

 

(К.Маликов “Большевик Жайнак Саадаев”, “СК”, 1977-жыл, 14-август)

 

Токторбай Урманбетов

 Бул ыр саптары элибиздин көрүнүктүү акыны Кубанычбек Маликовдун кыргызымдын дагы бир чыгаан уулу Жайнак Саадаев жөнүндөгү даңаза ырынан алынды. Деги айтылуу акындын жан дүйнөсүнө тынчтык бербей түйшөлткөн, минтип даңаза ырды жаратууга себепкер болгон Жайнак Саадаев деген ким өңдүү суроо көпчүлүктү

түкөшөмөлдөтөрү турган иш. Эмесе сөз өз ирети, өз ыргагы менен болсун.

 

Кут түшкөн жердин Саадайы

 

  XIX кылымдын акыры... Күн чыгыштан күн батышка карай боюн кере төшүн күнгө кактап, керилип жаткан Сары-өзөн Чүй өрөөнү. Тигил атам замандан бери кут түшкөн жер нечен доор, кыйла мезгилдерде дал ошол мал-жандын жашоосуна ылайыктуу болгондугу үчүн колдон колго өтүп, зор талаштын чордонуна айланган Бурана, Баласагын шаарлары, бери жагы Нарын, нары жагы Улуу Кытай тарапты байланыштырып, Улуу Жибек Жолунун бир нугуна айланган Шамшы капчыгайы...

  Жайы салкын, кышы жылуу тартып, жер шарты дыйканчылыкка да, малчылыкка да ылайыктуу келгендиктен, кыргыз, дунган, өзбек, татар, уйгур,

кийинчерээк орус сыяктуу элдер мекендешип, карапайым элге падышалык Россиянын астыртан жүргүзгөн саясаты кысым көрсөтүп жаткан учур. Бир тобу бай-манаптардын малы менен талаа-түздө, ой-тоодо көчүп-конуп күн көрүшсө, колунда жоктору дунган, орус байларына жалданып күн көрүшкөн. Алардын бири - ата-бабасынан жокчулуктун азабын тарткан Саадай.

 

Жай толугунда

төрөлгөн Жайнак

 

  Сары-өзөн Чүйгө жай эрте келет эмеспи. Толукшуган июнь айы. Шамшы айылынын эли жапа-тырмак чөп чабыкка чыгышкан. Саадай ай-күнүнө жетип, бүгүн-эртең деп турган аялынын көңүлүн көтөрө: - Мен анча деле алыс барбайм, чукул арада болом, коркпо-деп, коңшу кемпирди жардамга чакырып, өзү көпчүлүктүн шары менен байдын чөбүн чабууга чыгып кеткен. Бирок, эки ою, эки көзү үй тарапта. Күткөнү - коңшу кемпирдин белгиси. Түш оой бергенде гана кемпир тоо тарапка кол булгалагандай болду. Дал ошону күтүп турган Саадай колундагы чалгысын ыргыта, үйүн көздөй чуркады. Ошондогу анын абалын сүрөттөө кыйын белем, айтор, сүйүнгөнүнөн андан-мындан бир аттап, демиге жетип келди. Алгач көзүнө урунганы: кубанычы койнуна батпай, жүзү албырган аялы, “бул менин колум эмес, Умай эненин колу” деп, балага май оозантып жаткан кемпир, маңдайы жазы ымыркай... ошол замат тышка чыгып, эки колун көтөрө Көкө Теңирге карата: - Уул бергениңе кулдугум бар, улуу Теңирим. Мага байлыктын кереги деле жок. Кулунум ата намысын колдон чыгарбаган, эл керегине жараган эр-азамат болсо экен дейм. Жайдын толугунда төрөлдү. өзү да Сары өзөндүн жайындай берешен, март, жайдары болуп жүрсүн деп, атын Жайнак койдум-деп, күңгүрөнүп жатты.

  Бул - 1893-жылдын июнь айы эле.

 

Ар кимдин

өз жолу бар

 

  Бул жарыкчылыкта, бул жашоодо ар кимдин өз жолу, өз багыты болот окшобойбу. Бири - бай, бири - кедей. Бири өмүр бою жыргап өтсө, экинчисинин көргөн күнү - азап-тозок. Бирок, адам болуп өтүү, атуулдук милдетти аткаруу ар кимдин эле шыбагасына энчиленип берилбейт окшойт калыбы. Ал нечен кылымдан өтүп барып анан эр жигитке касиет, сапат катары ыйгарылат экен го көрсө. Жайнактын тагдыры да ошондой болду. Бала кезинен турмуштун камчысын, шапалагын жакшы эле жеди. Атасынан беш жашынан айрылды. Энеси жашоонун айынан кыйынчылыкты көп көрүп, оорукчан болуп калган. үй ичине кирип-чыкканы болбосо, кол арага жарабай, жападан-жалгыз медер кылганы - Жайнак. Анын да борбую ката элек учур. Жайнак алгач ар кимдин эшик алдында жеңил-желпи иш аткарып жүрсө, тогуз жашында Токмоктогу Иванов аттуу орус байына малайлыкка барат. Тестиер Жайнактын тири карактыгы, берилген буйрукту илгиртпей аткаргандыгы, ар бир ишти колунан келишинче майын чыгара жасагандыгы, кимдин алдында болсо да коркпой өз оюн айта билгендиги, нары келгенине аз эле болсо да орусча сүйлөгөнгө жарап калгандыгы турмуштун аки-чүкүсүн жакшы билген кексе орус байына жагып калганбы, айтор, күндөрдүн биринде Иванов өз балдарын окуткан мугалимге: - Бул жапайы бөлтүрүккө да көз кырыңды сала жүрчү,-деп табыштаган эле. Ошондон кийин: - Ушул эмнени окуп кыйратмак эле. Жапайынын тукумуна сабаттуулуктун кереги не,-деп көңүлү кош, кайдыгер болгон тигил орус мугалимдин жүр-нары сабагынан түнкүсүн бир маал таалим ала баштайт. Табиятынан айтканынан кайтпаган, көк, сезимтал өскөн Жайнак тез эле орус балдарынан кем калышпай окуганды да, жазганды да үйрөнүп кетет. Деген менен дайыма ачка жүрүү, анын үстүнө энесинин оорусунун күчөшү, жокчулук кыйнайт да дурусураак эмгек акы үчүн башкаларга жалданууга түрткү болот. 1916-жылга чейин кыргыз манабы Намазбековдун, орус көпөсү Живковдун, акырында Нарындагы соодагер Кирьяновго малайлыкта жүрөт.

 

1916-жыл...

 

 Биринчи дүйнөлүк согуштун күч алып турган кези... Согуштун кесепетинен экономиканын төмөндөшү, транспорттун жетишпестиги, завод-фабрикалардын токтоп калышы фронтту курал-жарак, тамак-аш менен жабдууга мүмкүн болбой падышалык Россия күндөн-күнгө алсырап, кыйла жоготууларга учурап турган учур. Ошондо Россиянын төбөлдөрү армиянын катарын алыскы колониялардын эсебинен толуктоону чечишкен. Бүткүл Орто Азияны кошпогондо жалаң кыргыз жергесинен отуз миң адамдын солдатка алынышы тарых бетинде бар. Ошол тогуз миңдин ичинде Жайнак да бар болучу. Аларды түз эле Украинанын Түштүк-Батыш фронтуна алып барып ташташат.

  Согуш деген согуш... өмүр менен өлүм куйрук улаш жүргөн учур... Кан күйгөн майданды Жайнак биринчи жолу Украина жергесинен көрдү. От кечип жүрүп, көп нерсени түшүндү, көзү ачылды, саясий жактан жетилди. Аңгыча курал-жарагы тартыш, ок-дарысы жетишпей жаткан бөлүктү душмандар каптап кирди да, бир заматта колго түшүрүп алышты. Анан аларды алыскы Австрияга туткунга алып кетишти. Темир тордун аркасындагы туткундардын арасында Жайнак да бар болучу. Күндө бир маал дем алдыруу үчүн бийик коргондун ортосуна алып чыкканда, колу-буту чынжыр менен байланган Жайнак элдин шары менен илкий басат да төбөдөн күн батыштан күн чыгышка карай каалгый жылып бараткан ак булутка: - Эл-жериме салам айта бар. Аман болсом, бир күн барам. Жер шарын каптап жаңы агым келатат. Ал элибизге боштондук алып келет. Ошол теңирим берген теңчиликти Кыргыз жергесине орнотууга бел чечпей күрөшүүбүз керек. Чыдагыла, аз калды-деп, нечен кур купуя салам-дубасын жөнөткөн эле. Ички туюму, эрки бекем Жайнакты камак майтара алган жок. Жаңы агым, жаңыча жашоого ык салышкан орус солдаттары менен бирдикте туткундан качып чыгышты. Австрия, Польша, Белоруссия токойлорунда жашырынып жүрүшүп, кайрадан Украинага келишти да кан майданга кирип кетишти. Жайнак ыңгайлуу учурду пайдаланып, бир боор Ала-Тоосун көздөй сызган жок. Бүткүл жер шаарын кыдырып каптап келаткан жаңы агымды өрт кечкен украин, белорус, орус достору менен бирдикте тосуу үчүн калып калды. Анткени, жаңы замандын түбү дал ушул орус жергесинде түптөлө тургандыгын жаш болсо да баамдаган эле.

  Февраль революциясын Жайнак Украина жергесинде, азыркы Халтурин (мурунку Орлов) шаарында тосуп алды. Ушул жерден Кызыл Гвардиянын катарына өттү. Айрыкча Бердичев шаарын бошотуудагы, падышалык, кийинки убактылуу өкмөттүн бийлик органдарын кулатууга кошкон салымы зор. 1917-жылдын акырында Жайнак Саадаев Пенза шаарын ак гвардиячылардан бошотууга катышып, Совет бийлигин орнотууга зор салым кошкондугу үчүн жолдоштору аны партиянын катарына өтүүгө сунуш кылат. Бул - тоо койнунда өсүп чоңойгон кыргыз баласы үчүн чоң сыймык эле. 1918-жылдын баш ченинде алыскы Орто Азия жергесинде Совет бийлигин орнотууга жардам берүү үчүн жиберилген 25 миң патриоттордун арасында Жайнак Саадаев да бар болучу. 1916-жылга чейин орусча жаза да, окуй да алганы менен дүйнөгө карата болгон көз карашы караңгы Жайнак, эми Ата-мекенине ар тараптан жетилген, иштин көзүн тааныган, нары уюштургуч катары кайтып келди.

 

Токмок шаары...

 

 Жайнактын балалыгы өткөн, биринчи жолу кат-сабаты жоюлган шаар. Кечээ эле жер карап, ар кимдин эшик алдында кирди-чыкты күн көрүп жүргөн карапайым калк эми кере-кере дем алып, өзүлөрүн эркин сезип дегендей... Деген менен башынан бай жашап калган орус, кыргыз, уйгур, дунган көпөс, манаптары телчигип келаткан жаңы заманды туш тараптан кысып, басмачылык курчап турган чак. Ошондо Жайнак контрреволюциячыл топко каршы түзүлгөн атайын отрядга баш оту менен кирет. Отряддын командири катары тап душмандарын туулуп өскөн Сары өзөн Чүй гана эмес, казактын Жети-Суу өрөөнүндөгү Каскелең, Верный, Ак-Ичке жергесине дейре кубалап, куйругун үзөт. Бул салгылашта Жайнактын личность катары кыйла өскөндүгүндө шек жок. Анын эр жүрөктүүлүгүнө, отряддын командири катары согуштук тактиканы жакшы билгендигине, орус-кыргыз солдаттары жаш-кары дебей сыйлагандыгына, уюштуруучулук жөндөмүнө, революциянын духуна жан-дүйнөсү менен берилгендигине карап, фронттун командованиеси аны 1919-жылы Ташкент шаарына, партиялык-советтик кызматкерлердин курсуна жөнөтөт.

 

[ Уландысы бар ]

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...