Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Кыргыз тарыхы ойдогудай жазылдыбы?

 

Айтбек Жаманкараев

 

  Өткөн кылымда жашап өтүшкөн кыргыз элинин атактуу акындары Арстанбек менен Молдо Кылычтын кимиси жазгыч, кимиси төкмө акын экендиги жөнүндө “Кыргыз Республикасынын тарыхы” (Б., 2000) аттуу жогорку окуу жайлары үчүн басылып чыккан китепте алмаштырылып жаңылыш мүнөздөмө берилген. Ушул китептин авторлоруна Мамлекеттик сыйлык да ыйгарылган. Китеп “Кыргызстан” басма үйүнөн жакшы жасалгаланып кооз чыккандыктан аны көргөн адам колуна алып тааныша баштайт.

  Авторлор: Асанканов А. - т.и.д., профессор, Бедельбаев А. - т.и.к., доцент, Воропаева В. - т.и.к., доцент, Горячева В. - т.и.к., доцент, Жунушалиев Ж. - т.и.д., профессор, Какеев А. - филос.и.д., академик, Мокрынин В. - т.и.к., доцент, Плоских В. - т.и.д.академик, Сапаралиев Д. - т.и.к., доцент, Харченко Г. - т.и.к., доцент.

  Жогорку сөз болгон китептеги Арстанбек жана Молдо Кылычтын чыгармачылыктарына чатышкан көз карашты биринчи жолу В.Мокрынин менен В.Плоских өзүлөрүнүн 8-9-класстар үчүн басылып чыккан “История Кыргызстана” (Б., 1995) аттуу китебинде жазышкан экен: “Арстанбек являлся поэтом-письменников, и его можно считать одним из родоначальников в дореволюционной письменной литературы кыргызов” (с. 243) “Акынов -заманистов сменил талантливый акын-импровизатор” Молдо Кылыч (с. 287)

  Ушул ката жогоруда аталган 2000-жылы чыккан “Кыргыз Республикасынын тарыхы” китебинде кыргызча минтип которулуп жазылган: “Арстанбек жазгыч акын, кыргыздын төңкөрүшкө чейинки жазма адабиятынын баштоочуларынын бири болуп саналат” (163-б), “Кыргыздын заманчы акындарынын ишин улаган жөндөмдүү төкмө” акын Молдо Кылыч болгон (181-б).

  Ушул эле акын жөнүндө 1995-жылы В.Плоских менен В.Мокрынин ката кетирип жатышса, 2000-жылы алардын катасына дагы сегиз тарыхчы кошулуп ушундай туура эмес жактарын кайталап жатышканын адабиятчылар окуп алышып “бу тарыхчыларга эмне болгон” деп таңкалып жатышса керек. Себеби, 1940-жылдардан бери Арстанбек менен Молдо Кылычтын чыгармаларын адабиятчылар изилдешкендеринин натыйжасында Арстанбек кыргыздын залкар төкмө акыны жана ойчулу, о.э. чоң комузчу, күүчү жана обончу экендиги, Молдо Кылыч болсо түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны болуп, алар “Замана” агымынын көрүнүктүү өкүлдөрү болушканы эчак эле аксиомалык чындык болуп калбады беле.

  Жогоруда аты аталган авторлордун бардыгы болбосо да А.Какеев, А.Асанканов, А.Беделбаев сыяктуу окумуштуулар Арстанбек төкмө акын, Молдо Кылыч жазгыч акын экендигин кантип эле билбей калышсын?

 Китепте Совет мезгилине чейинки маданиятка байланыштуу бөлүгү чаржайыт, үстүртөн жазылган. Анысы аз келгенсип хронология сакталбаган. Мисалы, чыгармачылыгы негизинен ХХ кылымга тиешелүү манасчы Саякбай “Кыргызстандын XVI-XIX кылымдардын ортосундагы маданияты” бөлүмүнө жазылып калыптыр. Ал эми Сарт аке жана Тилекмат акенин агартуучулук, элчилик иштери 1867-жылга чейин болуп өтсө да алардын ишмердиги Түркстан генерал-губернаторлугунун мезгилине (1867-1917) тиешелүү болуп калган. Бул кемчиликтер да билбестиктен эмес, жоопкерчиликтен деп ойлойм.

  Эми китептин структурасындагы одоно каталар жөнүндө болсун. Китептин ичиндеги бөлүмдөрүнүн, параграфтарынын аттары китептин  “Мазмунундагы” аталыштарга дал келбей, ар түрдүү жазылып калышын биринчи жолу ушул “Кыргыз Республикасынын тарыхынан” көрүп жатам. Китептеги I бап (глава) “Байыркы көчмөндөр цивилизациясындагы уруулар союздагы жана мамлекеттер” (39-б) деп аталса, “Мазмунунда” “Байыркы көчмөндөр цивилизациясындагы уруулар жана мамлекеттер союздары” (365-б) деп жазылган. Китептин текстиндеги V бап “Кыргыздардын...” деп башталса, “Мазмунунда” “Кыргыз эли...” (365-б.) деп жазылган. Ушул эле баптын 31-жана 35-параграфтардын орундары, ошонун ичинде барактары алмашып калган. 2, 21, 46-параграфтардын текстеги жана “Мазмунундагы” аталыштарында так келбеген жерлерин авторлор өзүлөрү таап алышар.

  Кээ бир параграфтардын аттары анын ички мазмунуна туура келбейт. Мисалы, “Түркстан генерал-губернаторлугунун курамында” деп аталган 41-параграфта Кыргызстандын XIX кылымдын экинчи жарымынан 1917-жылга чейинки тарыхы баяндалат. Бул мезгилде Кыргыз-стан дайым эле ушул административдик-территориялык бөлүнүштүн курамында болгон эмес: Түштүк Кыргызстан 1876-жылга чейин Кокон хандыгынын, Түндүк Кыргызстан 1855-1867-жылдарда Батыш Сибирь, 1882-1899-жылдарда Степное (Талас) генерал-губернаторлугунун курамында болгон. Демек, 41-параграфтын аталышы туура эмес.

  Мен Кыргызстандын тарыхындагы тигил же бул проблема боюнча “бул китептин авторлорунун көз караштары мындай экен, башкалардыкы мындай” деп дискуссия жүргүзбөйм. Бул өзүнчө маселе, гезиттик макалага ылайыксыз.

  “Кыргыз Республикасынын тарыхы” китебине жогоруда айтылган сындардан башка китептеги кемчиликтердин түрүнө, мүнөзүнө жараша алты топко бөлүп, ар биринен (чынында кээ биринде он-он бештен ката кезиксе да) эки-үчтөн гана мисал келтирмекчимин.

  1. Авторлордун өздөрүнө-өздөрү карама-каршы болгон эки ача пикирлери:

  1916-жылдагы көтөрүлүштү “улуттук-боштондук көтөрүлүш” деп атоо туура эмес, аны “элдик боштондук, элдик көтөрүлүш” деп атоо керек деп (13, 184-беттерде) жазышат да, минтип айткандарын унутуп калышып “1916-жылдагы көтөрүлүш улуттук-боштондук көтөрүлүш” дешип (186, 198, 330-б.б.) өзүлөрүнө карама-каршы пикирди айтышат.

  2. Түшүнүксүз сүйлөмдөр: Советтик мезгилге чейинки тарыхка тиешелүү тексттерде чубалжыган, түшүнүксүз (өзгөчө китептин “Тарыхнаама” бөлүмүндө, 8-39-беттерде) сүйлөмдөр көп учурайт. Башкаларды билбейм, мен төмөнкү сүйлөмдү кайта-кайта окуп түшүнбөй койдум: “Чыгыш федералдыгынын” бул өзгөчөлүгү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн ар кайсы этаптарында тарыхты кайра түзүүдө маанилүү оңдоолорду киргизет.

  Эрте орто кылым үчүн батыш цивилизациясынын өзгөчөлөнгөн, “Чыгыш регионунун тарыхый өнүгүүсүндөгү цивилизациялык аспектеги проблема белгиленет” (18-б.). Мындай түшүнүксүз сүйлөмдөр 3, 9, 13, 83-беттерде да бар.

  3. Тескери мааниде болуп калган сүйлөмдөр: “Кыргызстандын маданияты” (1917-2000-ж.ж.) аттуу 8-бөлүмдө “Алгачкы мезгилден эле маданий курулушка, элдин кат-сабатын жоюуга чоң көңүл бурулган” (329-б.) деген сүйлөм бар. Бул жерде “элдин кат-сабатсыздыгын жоюуга...” деп жазыш керек эле. “Көчмөн жана жарым-жартылай кыргыздар отурукташа баштады” (175-б.). Түшүнүксүз сүйлөм. Бул жерде авторлор “Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздар отурукташа башташты” деп жазалы дешсе керек.

  4. Орусчадан мааниси боюнча эмес сөзмө-сөз которулган сүйлөмдөр: Н.Я.Бичуриндин китеби “бүгүнкү күнгө чейин стол үстүндөгү китепке айланган” (14-б.) дегенди сөзмө-сөз которбой кыргыздын жатык тили менен эле мазмунун, мисалы, “ар дайым колдонуучу китепке айланган” деп которсо болмок. Ал эми бул сүйлөмдү жакшылап көңүл буруп окуганда гана болжолдоп түшүнсө болот: “Кыргызстандын тарыхы Совет мезгилиндеги СССР аттуу мамлекеттин тарыхынын алкагында негизинен өзүнүн жетишкендиктери жана кемчиликтери менен болгон” (13-б.).

  5. Орхон-Енисей жазууларындагы элдердин азыркы аталышы жана жазылышы: “Орхон-Енисей тексттери” (Фрунзе, 1982) аттуу китептин “Байыркы түркчө-кыргызча-орусча сөздүгүндө” байыркы “түргис” деген түрк эли кыргызча “түргеш” деп жазууга сунуш кылынган, ал эми биз сөз кылып жаткан окуу китебинде “төргөш” (82-84-б.б.) деп таптакыр туура эмес жазып коюшкан. Ырас, кыргызча чыккан китеп, журналдарда “түргеш”, “түргөш” деп эки вариантта жазылып жүрөт.

  6. Туура эмес жазылган сөздөр: Турпан оазиси - Турпак оазиси болуп (78-92-беттер), карлук- кареук (85-б.) деп туура эмес жазылып калган.

   Китептин советтик жана суверендүү мезгилге (1917-2000-ж.ж.) арналган экинчи бөлүмүнүн текстинде жана котормосунда жетишпегендиктер болсо да биринчи бөлүмүнө салыштырганда бир топ дурус жазылганы байкалат. Мында чубалжыган,  чаржайыт жазылган сүйлөмдөр аз. Китептин экинчи бөлүмүндөгү он баптын кээ бирлери кыргызча жазылган окшойт, котормо экени билинбей, тили жатык.

  Ушул “Кыргыз Республикасынын тарыхы” китебинин авторлорун тандап, аны жазып, 2000-жылы басмадан чыгаруу жагы УИАнын Тарых институтунун директору Ж.Жунушалиев жана УИАнын академиги В.Плоскихтин демилгелери менен башталган. Бирок, алар авторлор жазган колжазмаларды чогултуп илимий жагынан талкуулап, басмадан сапаттуу чыгышын такай көзөмөлдөп турушкан экен. В.Плоских кайта-кайта китеп чыгаруунун жолун, ыгын таап, коомдук илимдердин өкүлдөрү менен авторлош боло калып китептин сапатына кызыкпай, санына кызыгып кеткен. Ушул себептен В.Мокрынин менен В.Плоскихтин “История Кыргызстана” (Б.,1995), М.Койчуев, В.Мокрынин, В.Плоскихтин “Кыргызы и их предки” (Б., 1994, 2-басылышы 1999) деген китептеринде (советтик мезгилге чейинки бөлүмүндө) кеткен кемчиликтер ушул биз сындап жаткан “Кыргыз Республикасынын тарыхында” да кайталанып жатканы өкүнүчтүү.

   Төрт-беш жылдан бери Улуттук академиянын тарых институтунун кезектеги мамлекеттик планы боюнча кыргыз тилинде жазылып жаткан үч томдуу “Кыргызстан тарыхынын” 1-томун быйыл 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн юбилейлик жылына байланыштуу басмадан чыгаруу жөнүндө сөз болду эле. Менин оюмча Бишкекте өткөн жогоруда аталган илимий конференциянын материалдарын гана өзүнчө жыйнак кылып чыгаруу талапка ылайык. Енисей кыргыздары менен Теңир-Тоонун кыргыздарынын тарыхын изилдеп жаткан Кыргыз мамлекеттүүлүгү боюнча жаңы ачылыштарды жасаган атактуу окумуштуу Ю.С.Худяковдун “Кыргызы на просторах Азии” (Б.,1995) деген монографиясын” учурдан пайдаланып экинчи жолу басып чыгарса татыктуу белек болот эле. Ал эми “Кыргызстан тарыхынын” 1-тому сыяктуу көлөмдүү китепти юбилейге карата шашылыш түрдө басып чыгарганда сөз болуп жаткан “Кыргыз Республикасынын тарыхында” кеткен күтүлбөгөн каталар өңдүү кемчиликтер кетип калышы мүмкүн.

  Азыр басмадан мезгил-мезгили менен чыгып жаткан жогорку окуу жайлары үчүн тарых окуу китептерин жазган жана жазып жатышкан авторлор жогоруда сөз болуп жаткан китептеги кемчиликтер кандайча жана эмне себептен болгонун кийинки чыкчу китептеринде эске алышат го деп ойлойм.

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...