Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Курултай күндөрүнө

Кытайлык кыргыздар

 

Абдылда Карасартов

 

   Кыргыздарды улуу кытай эли мындан ХХII-XXIII кылым илгери эле билип, бир нече түрдүү аташкан. Ал эми алыскы Америка качан тааныды? Эң оболу Америка кытайлык кыргыздар жөнүндө басма сөз аркылуу билишкен. Алгач жазган киши америкалык Эдвард Марой деген болгон. Кыргыздар жөнүндөгү баян 1936-жылы Америкадан чыгуучу “Мамлекеттер географиясы” деген англис тилинде чыга турганы журналга бир канча көрүнүштөгү фото сүрөттөр менен жарыяланган. Эдвард Марой 1930-жылдары кыргыздар жашаган Текеске келип, өз көзү менен көргөндөрүн жана уккандарын баяндаган. Текести көчмөндөрдүн “жайкы бейиши” деп атаган. Автор макаласын мындайча баштайт: “Бухара менен Самарканддын нары жагы Ташкент, Ташкенттен кербен жибек жолу аркылуу Кытайга барат. Андан ары жүрө берсең тоолор, жайлоолорду басып өтүп, чекара аркылуу Кулжа шаарына келесиң. Кулжанын базарына түркүн-түстүү кундуз тебетей кийген орустар келип-кетип турат. Моңголдун ламалары да көзгө чалдыгат. Мусулман соодагерлери болсо жарыша кыйкырышып базарды кыдырат. Көчөдөн дагы карагай баскан арабалардын өтүп бараткандыгын көрөсүң, шаардын мейкиндигинде ак булуттар каалгып жүрөт.

  Мен кыш жана көктөм мезгилин Кулжада өткөрүп, жай келгенде атактуу Текес өрөөнүнө барууга камындым, биз жолго чыгып жүрүп отуруп бир сайдын таманына келип калдык. Сайдын кашаттары аябай тик болуп, калың чөп жаап тургандыктан, көк асман араң эле көрүнөт. Ошол кезде алды жактан бир атчан адам бизге жете келди, мен аны моңгол болсо керек деп ойлодум. Себеби беттери кара, бети сөөктүү толтогой келген киши экен. Башында кара калпагы бар. Кебетесине караганда бизди кыйладан бери байкап тургандай. Ал бизге жакындап унчукпай жанаша бастырды. Көчмөндөр адам менен таанышуудан мурда көп сүйлөшө бербейт. Биз дагы унчукпай бирге жүрө бердик. Мен анын басып келишин күтүп, карап турдум. Жакын келгенде анын кайда барарын сурадык. Ал атынын башын буруп бизге карады. Анын ачуусу келе түшкөнүн бетинен байкадым.

  Биз ага Текес өрөөнүнө барабыз, кыргыз аксакалы Сайжанбекке учурашабыз деп айттык. Ал киши атынын башын тартып аялдай түштү да, бизге карап күлүмсүрөдү:

 - Бул жол Текеске барбайт, мындай жүрсөңөр адашып кетесиңер, талаада калышыңар да мүмкүн,-деди да, Текеске кандай барып, кандай келе тургандыгыбызды айтып берди. Ал дагы биз калмактардан тоодо жашаган кыргыздарга салам айтып койгула,-деди. Ал киши моңгол жайлоолорун кайтарган киши экен. Биз анын айтканы боюнча көрсөткөн жагын карадык. Алды жакта бир жалгыз аяк жол жаткан экен. Биз ошол жалгыз аяк жол менен тоо ашып, суу кечип жүрүп отуруп бир тоого келип жеттик,-дейт. Ошентип, Эдвард Марой мырза текестик кыргыздардын турмушун өз көзү менен көрүп, кымызын ичип, козуларынын этин жеп, Алайгыр, Сайкал жайлоолорунда жыргап кеткен экен.

  Бул кездерде кыргыздарда өз эне тилинде бала окута турган мектеп жок болчу. Ал тургай Иленин борбору аталган Кулжа шаарында бар болгону бир гана көзгө басар гимназия болгон. Бул гимназиядан ошол кездеги ар кайсы улуттардын балдары келип билим алчу. Мына ушул кезде азыркы кытай жазма адабиятынын баштоочуларынын бири акын, драматург, киносценарист, публицист Абдыкадыр Токторов Ташкенттеги Ортоазия  университетинде билим алып жаткан кез эле. Илим-билимге талпынган кыргыз жаштары өздөрү жашаган жерлердеги уйгур же казак мектептеринен окуп, билим алышкан. Ал кездерде эсептеги төрт амалды билген киши эле эң мыкты билимдүү кишилерден болуп саналган.

  Мына ушундай эле ал учурдагы кыргыз адабияты, маданияты жөнүндө сөз ачуу мүмкүн эмес эле. Бирок, ошентсе да кыргыз ата-бабалардан бери кытайлык кыргыздар эзүүлөргө каршы ар дайым Шиңжаңда жашаган уйгур, казак, тажик ж.б. улуттар менен биргелешип, күрөш алып барышты. Ошол күрөшүүлөрдө жеңишке ээ болуп, аз убакыт болсо да Осмон деген кытай тилин мыкты билген адамдын аз убакыт болсо да Кашкарда хан (паша) аталып турган.  Бирок, мурунку көз караш жана туура багыты болбогондуктан тез эле жоголууга бет алган. О.э. 1944-жылдары болуп өткөн Геминдаңга каршы үч аймак көңтөрүшүнүн жетекчилеринин бири генерал лейтенант Ысакбек Монуев болгон. Эгер Шиңжаң тарыхын карай турган болсок мындай мисалдарды көптөп табууга болот.

  Жогоруда айткандай кыргыздын жазма адабияты өнүкпөй, кыргыздын жазмакер калемгерлери мурда жетишип чыкпаган болсо да, бирок ата-бабалардан сакталып мурас катары келе жаткан

оозеки адабиятыбыз аз да болсо сакталып калды. Бир өкүнүчтүү жери ошондой байлыкты аркалап келе жаткан не бир залкар манасчылар, ырчылар, комузчулар, куудулдар, акылмандар чечендер, колунан көөрү төгүлгөн өнөр ээлери менен санжырачылардын эмгектери, билгендери кагаз бетине түшпөй калды.

  Кудайга шүгүр, ошентсе да Манастын сегиз урпагын аркалап бизге жеткирген Жусуп Мамай сыяктуу залкар адамыбыз менен сыймыктанууга неге болбосун.

  1950-жылдан кийин кыргыз жазма адабиятынын чыйыр жолу башталып, талант ээлери акырындап пайда боло баштады. Албетте, өздөрү бул тармак боюнча баш-оту менен кирип кетпесе да ошол кездердеги адабиятка кызыгып талпынган жаштарга дем берген, Кызай, Апас Дулатов, Шаршебек Садык сыяктуу адамдардын аттарын айтып кетүүгө болот. Айрыкча Кызылсуу Кыргыз Автоном Областы курулуп, кыргыз тилинде газета чыга баштагандан тартып, ат салышкан калемгерлер көбөйө баштады.

  Жыл өткөн сайын кыргыз мектептери ачылып, кыргыз тилиндеги окуу китептери чыгып, ар бир тармактар боюнча билим алууга жаштардын талпынуусу улам ашып, кыргыздар арасында жаңыча сезим пайда боло баштады. Уйгур жана кыргыз тилинде бирдей жаза билген Аман Саспаев кыргыздар арасында гана эмес, башка улуттардын арасында да Аман Саспын деген ат менен алгачкылардан болуп тааныла баштады. Жаңыдан адабиятка кадам таштаган жаш улан Мамат Асан Эрги да жарк этип чыга келди. А бүгүнкү күндө арт-артынан өсүп келе жаткан калемгерлерди тизмелеп чыгуу үчүн да бир топ убакыт керек. 1992-жылы жарыкка чыккан “Кыргыз калемгерлери” деген Мамбеттурду Мамбетакун түзгөн китепке бул калемгерлердин тизмелери кирген. Абдыкадыр Токторов, Абдырасул Алымкан, Абдыракман Ысмайыл, Абдирашит Жакып, Амантур Абдрасул, Амантур Байзак, Адыл Жуматурду, Асанбай Матылы, Бекен Жумалы, Беки Шаадат, Нурмамбет Сасков, Нурдун Жунус, Токтонияз Абдылда, Токтосун Асанбек, Т.Арманова, Турсун Мирза, Турсун Жумалы, Тургунбай Кылычбек, Жаанбай Асаналы, Жакыбалы Баялиев, Жумакадыр Жакып, Жумакун Мамбет, Жеңиш Ыбрай, Каалык Макеш, Гүлайым Матили, М.Эрги, Мамбеткерим Осмон, Мамбеттурсун Токтосун, Мамбет Сабыр, Мамбеттурду Мамбетакун, Момун Абдыкадыр, Момун Турду, Муса Ысак, Ошур Мамбет, Оргалча Кыдырбай, Шайдылла Оторбай, Зунуналы Бектемир, Зиявидин Паяз, Ыбрай Мамбет, Ысмайыл Абылкабек, Ысмайыл Мамбетакун, Ырысбек Абыкай.

  Жогоруда аты аталган калемгерлер кытайлык кыргыздарга таанымал, китептери чыккан калемгерлер.

  Кыргызда чыккан Анвар Байтур Шинн жалгыз гана кыргыздардын эмес, Шинжаңдагы аз сандуу улуттардын, ал тургай уйгурлардын жана аз сандуу башка улуттардын тарыхын жазып чыкты. Дагы бир айта кете турган нерсе, эң алгачкылардан болуп ичкериден медициналык жогорку окуу жайын бүтүрүп келген Айтубаров Абдырахман биринчилерден болуп медициналык окуу жайлары үчүн окуу куралын кытай тилинен уйгур тилине которгон. Ал окуу китеби бир канча жыл пайдаланылган. Кийин ал Кыргызстандын атуулу болгондуктан өз элине келген. 1990-жылдардан кийин Кытайга барып, калем акысын алган. Бул бир нерсени айта кетким келет. Бир жолу маркум ал киши менен сүйлөшүп калсам, мындай деп айтып калды: “Бирөөлөр (аттарын айтпай эле коеюн) ийне менен дарылоо боюнча жазган эмгектерим бар эле, мага берчи, сен эмне кылмак элең деп сураганынан берип жибердим, ал киши китеп кылып чыгарып алды, мага ырахматын айтты,”-деди жылмайып. Мен аябай өкүндүм: “Аба, бекер кылгансыз, биз кыргыздар ушундайбыз да! Кайтарып алыңыз,”- десем, ал киши: “Жок, эми болбой калды, кайтарып алганда да эмне кылмак элем, же мага бул үчүн бирөөлөр эч нерсе бербесе, ошол байкуш керегине жарата берсин,”-деп койду.

  Кытайлык калемгерлердин арасында Кыргызстандагы жазуучулар менен дайыма кат жазышып тургандары да болду. Мисалы, Тургунбай Кылычбек Кыргыз эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев менен, Мамбет Асан Эрги окумуштуу жана сынчы, акын Качкынбай Артыкбаев менен үзбөй кат жазышып турган.

  Кытайлык кыргыздардын ар тараптан дүр этип тез өнүгүшү заматта эле жалындап күййүп жаткан отко суу төгүп өчүргөндөй жалп этип токтоп калды. Ал тургай “Манасты” аркалаган Жусуп Мамай баш болуп, Мамбет Асан Эрги, Амантур Байзак төш болуп бир топ калемгерлер каргашалуу күнгө кабылып бир топ кысымдарга алынды. Ал тургай “Манас” эпосу баш болгон бир топ кол жазмалар өрттөлүп эл башына кайгы түштү. Ошентип, кыргыз калемгерлери турган кыргыз мектептери да жабылып, бардык нерседен карандай кол үзүшүп таптакыр туруп калышты. Мындай жосунсуз алааматтын башталышына “Маданият көңтөрүшү” себепчил болду.

  ШУАР кыргыз адабияты 1978-жылы “Шыңжаң кыргыз адабияты” журналынын чыга башташы жана Кызылсуу кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарында кыргыз басмасынын ачылышы кыргыз адабиятынын өөрчүшүнө өбөлгө түздү.

Азыр таптакыр башкача. Бир канча түрдүү журнал, газета жана китептердин ар-артынан басылып жатышы буга далил.

  Дагы бир айта кете турган нерсе, Кыргызстандагы кыргыздар менен кытайлык кыргыздардын терминдерди колдонууда айырмачылыктары бар. Албетте, бул закондуу көрүнүш. Азыр мен “Кытайлык кыргыздардын өздөштүрүлгөн сөздүгү” үстүндө иштеп жатам, келечекте окурмандардын колуна тийип калар. Албетте, бул эмгегим кытайлык кыргыздар менен болгон мамиледе дагы да бири бирин терең түшүнүп, өз ара карым- катнашты күчөтөт деген ойдомун. 

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...