Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


“Манас” баатырдыкты, жаштыкты даңктайт

 

Мундук Мамыров

 

  “Манас” эпосу - бул байыркы кыргыздардын белгисиз мезгилден биздин күндөргө чейинки ар кыл турмушунун жазылбаган оозеки тарыхы. Түгөнбөгөн түбөлүктүү архиви. Кыргыздын “Манас” эпосу бүт дүйнө элдеринин байыркы мурастарынан көлөмүнүнүн чоңдугу, мазмунунун байлыгы жагынан өзгөчө айырмаланат. “Манас” эпосу көлөмү, мазмуну жагынан эле айырмаланбастан элдин турмушун көрсөтүү жагынан да өзгөчөлөнгөн байыркы бирден-бир сейрек мурасы катары да жалпыга кеңири таанылган. “Манас” эпосунда жеке эле кыргыздардын жашоо-тиричилиги көрсөтүлбөстөн тектеш жана коңшу жашаган казак, өзбек, түрк, уйгур, түркмөн, тажик, ооган элдеринин турмушунда тиги-бу деңгээлде жалпылаштырылып чагылдырылганы менен да бөтөнчө айырмаланат. Жеке эле аталган элдердин эле турмушу көрсөтүлбөстөн кыргыздардын белгисиз мезгилден жоолашкан кытай, калмак, моңгол калктарынын, алардын салон, шибе, тыргоот өңдүү урууларынын тиричилигинин айрым жактарын да жалпылаштырып элестеткендиги менен да бүт дүйнө элдеринин байыркы эпосторунан айырмалангандыгы да өзүнчө белгиленүүгө тийиш. Ар башка элдин, уруунун ар кыл турмушун кеңири чагылдырганы менен “Манас” эпосу кыргыз элинин жалпы адамзаттын тарыхындагы бүт дүйнөлүк маданиятына кошкон өзүнчө салымы катары да абдан жогору бааланат.

  Кыргыздын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деп ырааттуу улантылып, ар бири өзүнчө калыптанган, өзүнчө бүткөн чыгарма - үчилтик эпос аталгандыгы жагынан айырмачылыгы да айрыкча белгиленип жүрөт.

  “Манас” эпосу ошол байыркы белгисиз мезгилден кыргыз элинин жеке адамдарынын турмушунда кезиккен түркүн кыйынчылыкта да, ар кандай маанилүү иштерди жасарда да бериле сыйынган бирден-бир ыйык дини катары таанылып да аздектелген. Ал кыргыздар адам ооруганда, катындар төрөттөн кыйналганда, алыска сапарга чыгарда, жоокерчиликке аттанарда, мергенчиликке барарда, мал ылаңдаганда, ар кыл салтанаттарда (жортуулдан жеңиш менен кайтканда, сапар байсалдуу болгондо жана аш-той бергенде да) “Манас” эпосун айттырып угуу кадимки салтка айланганынан да таасын көрүнгөн. Ошондой салттын элдин турмушунда ырааттуу колдонулганына кыргыз тилинде “башкасын коюп, Манасты айт” деген макалда ташка тамга баскандай түбөлүккө айтылып калган.

  “Манас” эпосунун кыргыздарда ыйык дин катары эсептелгени дале тилде “Теңир колдой көр”, “Теңир сактай көр”, “Кудай колдой көр”, “Кудай сактай көр” деген макал түрүндөгү учкул сөздөр белгисиз мезгилден айтылып келатканы жалпыга аттын кашкасындай таанымал. Теңир жалпы түрк-моңгол уруулары менен элдеринде баарын жаратуучу башкы кудай катары кабыл алынган өтө байыркы атоо-терминдин, түшүнүктүн бири. Кудай да ошондой маанини бүт сиңирген нерселерден келген көөнөргөн ишеним-түшүнүктөрдөн.

  Ошондой эле кыргыздарда “Манас колдой көр”, “Манас сактай көр” деген таамай макалдарда айтылып келген. Макалдын мындай түрдө дайыма туруктуу айтылышынын өзү күчтүү теңир менен кудайга кандай сыйынып, бериле ишенсе, кыргыздар Манаска да ошондой мамиле жасашканы сөздү атайы созуп чечмелебесек деле өзүнөн-өзү сезилип, ырдап да турат. Бир айрыкча айырмасы кыргыздар баласына Манас деген атты коюшпай бериле урматтагандыкты да, сыйына аздектегендикти да, зааркана корккондукту да билдиришкен. Кокус Манастын атын койсо, бала аны көтөрө албайт. Кырсыкка кабылат же өлөт деген ишенимди да дайыма бекем кармашкан. Теңир менен Кудайдын атын балага кыргыздар каалагандай эле кое беришкен. Мунун өзү Манас кыргыздарда теңир менен кудайдан да күчтүү - башкы чоң кудай катары такай ырааттуу аздектелгенин ырастайт.

  Кыргыз элинин өткөндөгү турмушунда “Манас” эпосунун орду менен мааниси кандай кеңири болсо, анын аткарган милдети да ошондой айкөл болгондугун эл акыны, академик Аалы Токомбаев “Ала-Тоо” журналына жарыяланган “Революциядан төрөлгөн адабият” деген мазмундуу макаласында “Манас” эпосу кыргыз элинин биографиясы десек болот... “Манас” эпосу кыргыз элинин өлбөс духун, багынбас кайратын, каректей сактаган бирден-бир ыйык “дини” жана закону катары кызмат кылса, экинчи жагынан анын адабияты, искусствосу болуп кызмат кылган” (7-бет, XI, 1967) деп таап, таамай аныктама берген. Ошентип, башкасын айтпаганда, “Манас” эпосу кыргыз элинин өткөн мезгилиндеги бирден-бир ыйык дини жана анын мыйзамы катары таанылганын илимде биринчи белгилеген Аалы Токомбаев болду.

  “Манас” үчилтиги - баатырдык эпостун классикалык үлгүсү. Демек, үчилтикте баатырдыкты-жаштыкты даңктоо аябай кеңири, ар тараптан кеңири сүрөттөлгөн. Баатырдыкты-жаштыкты аздектөө үчилтиктин жүрөгүнүн тынымсыз дүкүлдөп согушун, анын күрөө тамырын элестетет. Баатырдыктын кандай чагылдырылганын билүү анын мүнөздүү белгилерин баарын болбосо да айрымдарын “Манас” эпосунун идеясына, чыгышына байланыштырып карамайынча, ал жеткиликтүү ачылбайт.

  “Манас” эпосунун эң башкы идеясы - элин-жерин сүйүп, кыргыз урууларын бириктирүүгө, ички-тышкы баскынчы душмандарга каршы салгылашып, өзү катылгандын катыгын берүүгө, баатырдык жасоого, тынчтыкта, турмушта жыргал жашоого чакырат.

  Адатта бүт дүйнөгө белгилүү болгон “Махабхарата”, “Рамаяна”, “Илияда”, “Одиссея”, “Жаңгар”, “Гэсэр”, “Калевала” өңдүү чыгышы байыркы мүнөзгө ээ болгон классикалык эпостор - бардыгы аларды түзгөн байыркы элдердин тарыхынын башатында гана жаралгандыгы советтик фольклористикада эбак далилденген.

  Анда “Манас” эпосунун чыгышын да аталган байыркы мурастардын түзүлгөн мезгилине, т. а., кыргыз элинин тарыхынын башатына тушташтырып караганда гана анын жаралыш доору ачык-айкындаштырылып такталат. Эмесе, “Манас” эпосунун чыгышы кандай каралып келгенин да сөзгө тартуу керектигин кырдаал өзгөчө талап кылат. “Манас” эпосунун чыгышы кыргыздардын баскынчылык чабуулунда, караханийлердин үстөмдүгүнүн мезгилинде, жунгарлардын доорунда жаралган деген сандырак божомол ойлор айтылып келгендигин белгилеп, аларды да сөзгө тартайын. Аталган мезгилдердеги ар кыл баскынчылык согуштар “Манас” эпосунун белгиленген идеясына карама-каршы келген жат көрүнүш экендигин айтсак эле чынында алар сандырак ойлор экендиги өзүнөн-өзү аныкталып калат. Улуу манасчы Саякбайдын вариантында баскынчылык согуш дээрлик жүргүзүлбөйт. “Манас” үчилтигинде таптакыр айтылбайт. Демек, “Манас” биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыкта - урукчулук коомдо эле эпос болуп түзүлгөнүн ырастайт.

  Адамдар ошол уруучулук коомдун ишеним-түшүнүгү бекем кармаган салттын мыйзам ченеми менен жашоо-тиричилигин өткөрүшкөн. Эмесе, “Манас”  эпосундагы баатырдыктын жасалышы, анын даңкталышы дале ошол урукчулук түзүлүштүн ишеним-түшүнүгү, мыйзам ченеми менен ишке ашкан.

  Адатта Манас жашынан тентек чыгып, кырк үйлүү уруукчулук түзүлүштөгү кыргыздарда келечекте баатыр болучу бала төрөлгөнүн кытай, калмак кандары кереметинен билишип, аны кармап кетүү коркунучунан жүрөкзаада болгон Жакып уулун койчу Ошпурга берип жашырат. Ал козу кайтарып жүрүп, койчулардын балдарын жыйып, шоктугун койбой, өзү катылган калмактарды коюла да, ачык айтыла да элек атын “Манастап” ураан чакырып” өз атын өзү ачык айтып, алгачкы баатырдыгын көрсөтөт. Дал ушундай жашырууну гректердин Ахиллесинен да учуратабыз. Троя согушунда катыштырбай, баласын аман сактап калуу максатында энеси Фетида Ахиллести Скирос аралына качырып жиберип, аны кызча кийинтип, падыша Ликомеддин кыздары менен бирге жаршырынып жашоого көндүргөн. Манас козу кайтарып жүрүп, кырк бала күтсө, Ахиллес кызча кийинип, жашырынып жүрүп Ликомеддин кызы Дендалияны катындыкка алып, андан Неоптелем деген уулду болгон. Ахиллестин жашырынып жүргөнүн билишип, Одиссей, Финикс, Нестор баш болгон соодагер кейпинде Скирос аралына барышат. Алар канышалардын алдына катындарынын кооздугун жайнатып, анын катарына найза менен калканды да коюп коюшат. Кокусунан согуштук ураан угулса, кыз-катындар коркконунан качып кетишет. Ахиллес болсо, ошо замат согуштук куралдарды ала чуркап, энөөлүгү менен ал өзүн-өзү билгизип коет.

  Кырк үйлүү кыргыздарда Манас аттуу бала туулганын билишип, аны кармап алуу үчүн кытай, калмак тыңчылары атайы жер кыдырып, дале соодагер кейпинде алп-балбандарды кычаштык кылып өздөрү тийишсе, Манас  коюлбай-аталбай жашырылган атын өзү айтып, кадимки баатырларча катуу кармашкан. Манас да ошентип, Ахиллестей эле душманына өзүн-өзү билгизип, аларга бала баатыр катары таанылган. Манас мына ушул эрдигин он эки жашында көрсөткөн. Ошондон баштап, мурдагы “Чоң жинди” деген жашыруун атынан чыныгы Манас аталган ысмын алган мезгилде “кырк таман чийип Ордону атып жаткан кези экен” болуп, өзүнүн кырк баласы менен Ордо ойноп жаткан болот. Ушул учурда Манасты куру жалаа менен кармап кетип, жок кылууну көздөгөн кытай, калмак баскынчыларынын соодагер кейпиндеги балбандары келип калышып, “атып жаткан Ордонун ортосун жара бастырып”, кычаштык кылып тийишет. Ошо замат “кербенчилер соодагер таап бастыр жолуңду” деп алдын-ала эскертип, Манас ичке түшүп, чүкөнү кызуу чертүүгө киришкен болучу. Чертилген чүкө тийип, кырк нардан экөөнүн буту чорт сынат. Чатак чыгаруунун шылтоосун сурап-таппай келаткан каардуу Эсенкандын кыйкымчыл балбан соодагерлери Манасты ошо замат кармап алууга жабыла ат коюшат. өздөрү катылган соодагер кейпиндеги жоо Манас тарабынан таш талканы чыга кыйратылат. Ошентип, Манас Ордо атып жатып, алгачкы бала кезиндеги эрдиктеринин бирин көрсөттү. Ордонун максаты адамды - эркектерди күчтүүлүккө, шамдагайлыкка, эрдикке тарбиялашы бала Манас черткен чүкө тийип, эки нардын буту чорт сынгандыгынан таасын айкындалды. Мунун өзү Манастын күчү толуп, бардык жагынан жетилгенин, бала болсо да баралына келгенин - баатырдыкты-жаштыкты даңктаганын далилдеди. Сөздүн кыскасы, “Манас” эпосу - кыргыз элинин согуштук турмушун жалпылаштырып сүрөттөгөн көркөм чыгармасы болуп саналат. Ал эми Ордо болсо, ошол салгылашуунун айрым белгилерин, жоболорун алдын-ала тажрыйба түрүндө көрсөткөн кыргыздын согуштук оюну катары кабыл алынган.

  Урукчулук коомдун адамдары “Манас” эпосунда кандай колдоочулук сыйкырдуулук касиети, күчү бар чыгарма катары эсептешсе, Ордо да ошондой белгилери бар бирден-бир оюн деп бекем ынанышкан. Ордо оюну менен “Манас” эпосунун жаралышы бир киндиктеш кыргыздын байыркы ири мурастары болуп эсептелишет. Экөө тең согушка байланыштуу жаралгандыктан алгачкы мезгилде кыргыздан башка уруу менен элдин адамынын көзүнчө “Манас” эпосу айтылбаган. Ордо оюну да ойнотулбай катуу тыюу - табу салынган. Ошондуктан “Манас” эпосу менен Ордо оюну байыркы белгисиз мезгилдерде эле коңшу же тектеш уруу менен элдерге тарабай, белгисиз бойдон кала берген. Анын үстүнө “Манас” да, Ордо да жоокерчилик турмушка байланыштуу чыккандыктан аларды кыргыз эмес бөтөн кишиге айтуу же көрсөтүү урукчулук түзүлүштүн адамдарынын согуштук сырын башкаларга билдиргенге тете эсептөөдөн жаралган эң байыркы ишеним-түшүнүк экендигинде. “Манас” эпосунда элдин жыйыны, шаан-шөкөт өңдүү салтанаттары өткөрүлгөн капка сарайдын чоңдугу, анын кеңирилиги “Калк башчысы он миң жан кең кесири баткандай, бир жагына кырк бала Манас баштап ичине кеңири Ордо аткандай” деп элестетилген. Качан эпосто айтылган Капка сарай күтүлбөй калганда гана Ордо оюнунун жашыруун ойнолушун билдирген ырлар унутулган.

 

  Бардыгы Ордо оюну кыргыздардын кыйын абалга тушукканын билдирген учурда гана үч сапар ойнолот. Буга чейин айтылгандардан башка Көкөтөйдүн ашында, Чоң казат окуясында Ордо оюнунун ойнолгону чатак салгылашуунун алдындагы машыгуу катары жасалат.

  Баатырдык көрсөтүү менен жаштык кандай берилгенин билүүдө “Манас” эпосунун образ системасынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн белгилөөдөн сөз баштоого туура келет. “Манас” эпосунда Бакай, Кошой, Жакып, Акбалта, Чыйырды өңдүү каармандар гана жашы улгайган карыялар. Калган каармандар бардыгы дээрлик жаштар делип айтылышы “Манас” эпосунун  бирден-бир мүнөздүү белгиси. Ырас, жаштардын турмушу кеңири берилсе, “Манас” чыныгы  баатырдыкты даңктаган чыгарма аталгандыктан, алардын иш-аракеттери да, мүнөздөрү да ошого жараша жаралып, көркөм сүрөттөлүшү, өсүп-өнүгүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болмокчу. Дээрлик бардык варианттарда Манас баатырдыкты бала кезинен  - алты, тогуз, он эки жашынан көрсөтүп, баатыр аталып, сөзгө алынат. Ошол эле Саякбайда Манас элүү эки жашында өлөт. Белгилүү болгондой, Манас эли-жери үчүн, кыргыз урууларын бириктирүү үчүн ички-тышкы душмандар, баскынчылар менен өмүрүнүн кырк жылын ар кыл мамиледе болуп, кырдаалга жараша салгылашып, баатырдык көрсөтүп, жашап өткөн. Ошентип, Манас жаш кезинен эле эли-жерине берилип, кызмат кылууну бирден-бир ыйык милдети катары эсептеген. Манас бала кезинен баатырдык көрсөткөнүнө эпосто, “чоңдугу тоодой эр келет, каарынан капырдын жер солкулдап термелет” болуп берилген Жолойго каршы согушканын келтирсек болот. Арсыз Жолой бала Манас менен жекеме-жекеде беттешмек болуп, кезекти биринчи алып саят. Манас эч былк этпей, найза быркырап, аттын буту тизесине чейин жерге батса да кенебей, Жолойдун сайганын бучкагына теңебей, маңкайып туруп берет. Сайышууда Жолойдун күчү канчалык экенин ага туруштук берген бала Манастын күчү андан да ашкан укумуштуудай ашынганын элестетти. Кезек Манаска келгенде “калмак ээрдик кашы как жүрөктүн башы” деп найза саят. Жолой катуу жарадар болуп, эс-учунан танат. Манас экинчи жолу саюуга жетишкенче, Жолой “акыл ийлеп, ой ойлоп” качып кутулууга өзүн мажбурлайт. Акыр жер дүңгүрөгөн көп колу менен Жолойдун кырк үйлүү кыргыздарга чабуул коюшу” Манасты байлап алууну, бай Жакып тийсе колуна курмандыкка чалууну” көздөгөн жырткычтык максаты да таш кабат. Калмак баскынчылары салгылашканда колунун көптүгүнө салып, жабыла каптаганы эпосто “жамгыр кыла жаа тартып, кабылан Манас шериңди каптап жүрүп калганы” делип сүрөттөлгөн. Ушундай катаал абалга тушукканда Манас “алышып жакын келгенин найза менен кулатып, андан жакын келгенин айбалта менен сулатып” делип өзүнүн эрдигин, шамдагайлыгын аянбай көрсөтөт. Жанын аябаган жоо алат болуп, Манас жашынан эле калмактардын көп колун топонун тоз кылып талкалаган, баатырдыгы эпосто баса ырдалат. Сансыз көп колунан ажырап, ичи туз куйгандай ачышкан Жолой “айдалыда айда чачын тытып, сакал-мурутун жулуп”, өзүн коерго жер таппай, ары-бери мөңкүп, каардуу буулуга калмактык кыялын көрсөтүп чамынат.

  Келтирилген ыр саптарында адамдардын алгачкы коому - урукчулук түзүлүштөгү согуштук куралдары - жаа, найза, айбалта өңдүү эң алгачкы өтө жөнөкөй түрү гана колдонулганын элестетти. Ошону менен бирге урукчулук түзүлүштөгү согуш баатырлардын жекеме-жекеде чыгып салгылашканы уруу менен элдин тагдыры чечилгенинен да кабар берди. Жекеме-жеке чыгып баатырлар согушканда жеңилген тараптын адамдары бөөдө кырылбай, мал-мүлкү өңдүү материалдык, маданий байлыгы таланбай, кыз-келини олжо катын аталбай, баласы кул болбой, аман калган. Ал эми бардык колун-күчүн-аскерин каптаткан согуш коомдун бөөдө кыйрашына, мал-мүлкүнүн, байлыгынын таланып жок болушуна, эл менен уруунун бүлүнүшүнө, кыйрашына кабылткан. Жаш Манастын баскынчы калмактарга каршы согушканда салгылашуунун аталган эки түрү болгонунан да кабардар болдук. Кайсы түрүн албагын - экөөндө тең Манас жеңишке жетишип, баатырдыгын, жаштыгын айгинеледи. Жолойдун жеңилгенине көп колунун кырылганына ызалуу ачууланышынан калмактарга мүнөздүү адамдын катаал кыял-жоругунун да тиги-бу деңгээлде тааныштырат.

  “Манас” эпосунда жаштардын турмушу бардык жагынан кеңири сүрөттөлгөндүгү менен өзгөчө айырмаланып, адамды таң калтыра суктандырат. Ага эпостогу кырк чоронун кандай куралгандыгы, кайсы уруу менен элден кантип келгендигин териштирсек эле бардыгы өзүнөн-өзү ачык айкындалат. Бир “кырктын башы Кыргыл чал кыркында көпкөн жинди чал” аталган Кыргылдан башкасы дээрлик жаштар. Б.М.Юнусалиев Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубакты да кырк чоронун катарына эсептеп да көргөн. Алар чынында кырк чоронун катарына кайнаса каны кошулбаган ар бири акылмандыгы, баатырдыгы, иштеген иши, коомдогу орду жагынан өзгөчө айырмаланган каармандардан.

  Кырк чоро курагы жагынан алар бардыгы дээрлик жыйырма жаштын ары-бери жагындагы күчү, ар биринин өзүнчө өнөрү же урукчулук түзүлүштүн ишеним-түшүнүгүнө, мыйзам ченемине ылайыктуу кесиби бар болуп-толуп турган жигиттерден деп айтылышынан эле билинет. Кырк чоронун көз караштары, кыял-жоруктары да ар башка, коомдогу алган орду да ар түрдүү. Алардын үй жайы, мал мүлкү жок жаштар экендиги да эпосто жаап жашырылбай ачык айтылат. Ошондуктан кырк чорого Манас жалгыз-атсыз, элсиз, тонсуз, катынсыз келсе, аларга мал бөлүп берип аркар аяк, жез билек ат мингизип, согушка кийүүчү ок өтпөс тон кийгизет. Аргын менен кыргыздан эл бөлүп берип, кылтылдаган сулуу кыздан катын алып да берет. Бул айтылгандар кырк чоро бүт дээрлик жыйырма жаштын ары-бери жагындагы бойдок жигиттер экендигин өзүнөн-өзү айкалап турат. Ушу жерге кыргыздар өткөн мезгилдерде балдарына катынды он сегиз жашка жеткирбей эле алып бергенин да эстейличи.

  Кырк чоронун өнөрү, кесиби жагынан болгон айырмачылыктарды да белгилесек алардын бардыгы жетилген жигиттер экендиги ого бетер тастыкталат. Алсак төлгөчү Кара төлөгү, Агыдай далы көрүчү, Ырамандын ырчысы, Кабарчысы Эр Шууту менен Жаш Айдар, кароолчусу Сереги менен Жоорунчу, тилмечиси алтымыш буруу тил билген Ажыбай, он башы чайчысы Тазбаймат, балбаны төө көтөргөн Акаяр, чыканактай Эр Агыш, жоокерчиликтеги чалгынчысы Алмамбет менен Сыргак өңдүү ар башка эл менен уруудан куралган жаштар экендиги эпосто атайы баса ырдалат.

  “Манас” эпосу кыргыздардын согуштук турмушун сүрөттөгөн көркөм чыгарма болгондуктан жоокерчиликке байланыштуу кесиби бар чоролор экиден болуп айтылышына да өзгөчө маани берилген сыяктанат. Аны Сыргактын “чырым этип уйку албаган, атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок жолго сак” делип сыпатталышы эле ар тараптан ырастайт. Ыр саптарына караганда Сыргак чынында жоокерчиликтеги атайы чалгынчы үчүн туулган тубаса чалгынчы болуп көрүнөт. Тазбаймат болсо, эпосто “түшө калып чай кайнат”, Эр Агаш болсо, “кыздуу үйдө кыякчы, кымыздуу үйдө аякчы” делип сыпатталат. Кырк чоро бардыгы дээрлик ар бири өзүнүн өнөрүнө, кесибине жараша мүнөздөлүп, бири-биринен айырмаланып бедерленет. Жоого каршы салгылашканда бири-биринен калышпай баатырдыкты аянбай жасашат. “Манас” үчилтигиндеги каармандардын ар биринин мүнөздүү белгилеринин мындай түрдө көркөм сүрөттөлүшү Саякбайдын айтканына кеңири берилгендиги менен өзгөчөлөнөт. Калк абасы аталган Бакай “капилеттен сөз, караңгыда көз тапкан, кеби ширин, сөзү бал, чечендиги дагы бар” кыраакы акылмандыгы, чечендиги, келечекти алдын-ала айта билгендиги абдан таамай сүрөттөлгөнү ага мисал боло алат.

  “Манас” үчилтегиндеги катын-кыздардын кейипкерлердин түзүлүшүнө кайрылсак, алардын кыргыздын коомчулугундагы алган орду, үй турмушундагы аткарган милдеттери кандай болгондугунан да кеңири кабардар болобуз. үчилтиктеги Каныкей, Сайкал, Арууке, Алтынай, Айчүрөк, Көкмончок, Куялы өңдөнгөн кыз-катындардын көркөм образдары түзүлгөнү жалпыга дайын. Булардын бардыгынын кыз кезиндеги турмушу, өмүрү, кыял-жоругу, үй-бүлөдөгү, коомдогу алган орду эпосто аябай кеңири аздектелген. Дале алардын жашы жагынан он жети, он сегиз жаштын ары-бери жагындагы кыздар болуп көрүнөт. Анткени кыргыздар ошол жашка келген кыздарды күйөөгө чыгуусу кечиккен деп кара далы кыз деп аташканы элди турмушуна сиңип кеткен. Андай кыздардан Айчүрөк ошондой кара далы кыз аталып, шылдыңдоого да кабылган. Ошондой бойго жеткен кыздар болгондуктан алар да жашынан баатырдык жасап да көрүшкөн. “Манас” эпос болуп түзүлүп жаткан б.э.ч.байыркы мезгилдерде кыздар душманын өлтүрмөйүнчө күйөөгө чыкпаганы ошол кездеги сактарда болгондугу картаң  тарыхта да жазылып калган. Буга эпостогу Каныкейдин Чубактын чабуулун кыз кезинде талкалаганын атасак жетиштүү болор. Айчүрөктүн баатырларды сынашы да эпосто эрдик жасаган иш катары абдан жактырылып, жогору бааланат. Кыз Сайкал болсо, Манас менен жекеме-жекеде сайышып да, кармашып да жеңип алат. “Манас” эпосунда кыз-катындар бардыгы дээрлик жашынан эле кыргыз урууларынын биримдигин, тынчтык турмушта жашашын бериле каалаган, кырдаалга жараша баатырдыкты да жигиттерден калышпай жасай билишкен жаштар экендиги таамайланат. Манас Чоң казатка кеткенде кыргыздардын ынтымагын, биримдигин баатырларча сактаган калк энеси Каныкей болгон.

  Кыздар күйөөгө чыккандан кийинки коомдогу, үй-бүлөдөгү турмушу, орду менен мааниси кулачын аябай кеңири жаят. Манасты Манас кылган, дал өзүн айтканда, эл башкартып кан кылган, баатыр кылган Каныкей делип айтылыш белгисиз мезгилден биздин күндөргө чейин өзүнчө учкул сөз катары түбөлүккө айтылып калышына терең маани сиңирилген. Көз камандардын чатагында баатырларча салгылашып жатып, Манасты өлүмдөн сактап калган да Каныкей экендиги эпосто салт катары түбөлүккө айтылып калууга багытталат. Мындай баатырдыкты Алмамбеттин энеси Алтынай да жасап, кытай балбандары менен салгылашып, окко учат. Кыз-катындардын баатырдык көрсөтүшү Саякбайдын вариантында гана айтылган бирден-бир мүнөздүү өзгөчөлүктүн орчундуусу.

  Кыз-катындардын үй-бүлөдөгү турмушу да эпосто өзгөчө аздектелет. Манас менен Кошойдун жоокерчилик кийими Аколпок менен Кантагайды Каныкей жасагандыгы эпосто өзгөчө маани берилип айтылгандыгы да башынан жалпыга кеңири таанылган. Ал турсун Каныкей Манастын баатырларына, кырк чорого кийүүчү жоокерчилик кийимдерин, куралдарын да ар биринин боюна, өңү-түсүнө чактап жасаган уздун-узу камкор катын экендигин өзүнүн чеберчилиги менен ашкерелеген.

  Жогоруда эскерилген катын-кыздардан башка “Манас” эпосунда “кырк келин, кырк кыз” да айтылып, алар Каныкейдин карамагындагы үй кызматчылары катары күтүлгөн жаштардан. Алардын кыргыз коомчулугундагы, үй-бүлөлүк турмушундагы ордун, аткарган милдеттерин белгилөөдөн мурун эпостогу “жоону сайса, ким сайды”Алмамбет, Чубак Эр сайды - аты калды Манаска” деген белгисиз мезгилден кадимки макалга айланган ыр саптарынын маанисин сөзгө алынып жаткан “кыркы келин, кыркы кыздар” тең бөлүшөт деп үндү бийик чыгарып айтууга толук мүмкүнчүлүк бар экендигинде. Анын түпкү мааниси Манастын Аколпогун, Кошойдун Кандагайын, жалпы эле баатырлар менен кырк чоронун ар бирине ылайыктуу жоокерчилик кийимдерди ошол кыркы келин, кырк кыз тарабынан жасалып, Каныкейди уздун-узу, баарын жасай билген камкор каныша - калк энеси аталышына шарт түзгөндүгүндө. Чоң казатка аттанган баатырларга, кырк чорого күл азыкты да камдап, аны да алдын-ала даярдаган да ошол кыркы келин - кыркы кыз жаштар болгондугун да атайы айтсак “Манас” эпосундагы кыз-катындардын орду менен мааниси аябай кеңири болгондугуна терең ынанабыз. Алардын ичинде кырк чоронун да ойкуштаган сулуулары да болуп, өздөрү каалагандай шапар тебе кылакташы да толук мүмкүн.

  Акырында “Манас” эпосундагы элдин-жерин сүйүп, кыргыз урууларын бириктирүүгө, ички-тышкы душмандарына, баскынчыларарга каршы күрөшүп, баатырдык көрсөтүү менен тынчтыкта, жыргал турмушта жашоону эңсеген элдин байыркы тилегин, алга умтулуусун азыркы жаштар атадан-балага, укумдан-тукумга, келечекке ууздай таза мурас катары сактай да, баалай да билишине ишенгенимди билдирген каалоомду элдин атынан айтмакчымын.

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...