Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


“Манас” эпосу кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө

 

Имель Молдобаев

 

  Алгачкы Кыргыз мамлекетинин жаралыш мезгили б.з.ч. III кылымга таандык. Мындай дегенибиздин себеби,

байыркы кытай тарыхчысы  Сыма Цянң (б.з.ч. 135-же 145-ж:- б.з.ч. 86-ж.) өзүнүн  б.з.ч. 99-ж. бүтүргөн “Ши цзи “ (“Тарыхый эскерүүлөр”) деген эмгегинде гегунң же гянгунң аттуу элди эскерип кеткенинде. Гегундар болсо алгачкы Енисей кыргыздарынын ата-бабасы болуп саналат.

Б.з.ч. 201-203-жж. хуннулар (гундар) Кыргыз-Нур деген Монголиянын  түндүк-батышындагы көлдү жердеп жүргөн байыркы кыргыздардын аймагын каратып алышкан. Гегунң же болбосо гянгунң деген сөздү дүйнөнүн кытай тили боюнча мыкты адистери “кыргыз” деп чечмелешкен (кытай тилинде “р” тыбышы жок). Ошол  мезгилде гундарды Моде-Шанюй жетектеген. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча Моде Шанңюйду Өгүз кан дешет. Кыргыз Республикасынын биринчи  Президенти А. Акаев туура  байкагандай, байыркы кыргыздардын сырттан келген коркунучка каршылык  көрсөтө ала турган мүмкүнчүлүгү болгон соң, тарыхчылар алардын мамлекеттүүлүгү болгон деп айтууга акылары бар (А.Акаев Кыргыз-ская государственности и народный эпос “Манас” - Б., 2002, 16-б.)

   Гундардын кысымы менен байыркы кыргыздар Минусин  өрөөнүндөгү, Енисей дарыясынын орто агымына келип бул жердеги динлин ж. б. уруулар менен аралашып кеткен. Түштүк Сибирде бул доор Тагар маданиятына туура келет (б.з.ч. VII-II кк.). Андан да байыркы кыргыздардын канына жакын болушкандар таштык маданиятынын (б.з.ч. I к.- б.з. V к.) тургундары болуп саналат. Тарыхка белгилүү болгондой  байыркы Енисей кыргыздары жаңы мамлекет курушуп, турмуш тиричилиги  жана маданияты  жогорку деңгээлге жеткен. Муну бир  эле мисал менен далилдесек болот. Азыркы  Хакасияда археологдор тарабынан жетиштүү деңгээлде  изилденген  Салбык  көрүстөнүн алалык. Бул көрүстөндө (б.з.ч.III  кылымда курулган) тегерете айланып  чыкканда аралыгы жарым чакырым болот. Мындай көрүстөндө ошол мезгил боюнча  өнүккөн гана эл кура алган. Байыркы  Енисей  кыргыздарынын мамлекети VI кылымдан XIII кылымдын аягына чейин өнүгүп турган. XIII кылымда Түштүк Сибирге монголдор келип, бир топ элдерди , алардын арасында кыргыздарды да алсыраткан. Кыргыздар өздөрү эле 1207-ж. Енисейдин баш жагында (азыркы Тува Республикасы)  Чынгыз хандын улуу баласы  Жуучуга өз  ыктыяры менен баш ийип бергени белгилүү. Ошондо кыргыздын башкаруучулары Олебек тегин Элдияр ж.б. кыргыз инсандары Жуучуну ак боз ат, үйрөтүлгөн бүркүттөр ж.б.  белектер менен тосуп алышкан. Деген менен 1218-ж. монголдор тумат  уруусунун козголоңун  басууга кыргыздарды жардамга чакырганда, алар таптакыр баш ийбей коюп, бир топ жоготууга дуушар болушкан. Бул “Чынгыз хандын купуя санжырасы” (“Тайная история монголов” же “Сокровенное сказание”)  аттуу  жазма булакта  айтылган маалыматты, мен 1987-ж. Тувадан Орус-оол деген карыядан жазып алган уламыш менен толуктай алам. Анын айтуусунда,  кыргыздардын ордосу  Бажын Алаак  (Тувада) деген жерде болгон экен. Ошондо кыргыздын акыркы ханы далы күйгүзүп  төлгө салып көргөн имиш. Төлгө боюнча акыры кыргыздар жеңилмек экен. Эгер кыргыздар каршылык көрсөтсө, монголдорду абдан алсыратмак экен. Эмне дегенде ошол кезде алар күч-кубаттары монголдордон күчтүү болгон дешет. Изилдөөчүлөр 1293-жылды байыркы кыргыз мамлекетинин таптакыр кыйрашынын жылы деп белгилешет. Бирок, бул ой биздин оюбузча анча туура эмес. Жөн гана алар бир топ бөлүктөргө  бөлүнүп, мамлекеттүүлүктүн кай бир жактарынан ажыраган. Бул көрүнүш  таптакыр кыйраш эмес, мамлекеттүүлүгүнүн төмөндөп өнүгүшүнүн мезгили эле. Буга  бирден-бир далил болгон көлөмү боюнча дүйнөдө теңдеши жок белгилүү баатырдык “Манас” дастаны.  Ал эми XV-XVI кылымдарда кыргыздар Ала-Тоодо  кайрадан чогулуп, эл болуп калыптанып ушул күндөргө чейин жетишти.

   Быйылкы жылы биздин өлкө Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык юбилейин  белгилеген турат. Башка өлкөлөрдү айтпай эле  коеюн, биздин өзүбүздүн арабыздан күңк-мыңк сөздөр чыгып, кыргыздар илгери  аттуу-баштуу күч-кубаты бар этнос болгонуна ишенбей жүргөндөр да жок эмес. Албетте, мындай шарттарда кытай, перс, араб, байыркы түрк ж. б.  жазма эмгектерден жана  археологиялык булактардан тышкары кыргыздардын өзүнүн калтырып кеткен маалыматтарына да таянышыбыз зарыл.  Мына ушул суроого жооп бере турган  кыргыз оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу болгон “Манас” ж. б. дастандар, уламыштар, ошондой эле  ар түрдүү жанрдагы оозеки чыгармалар. Алыс барбай эле “Манас” эпосун алалык. Мында эмне жок экенин санап чыккандан көрө эмне бар экенине караган оңой. “Манастын” толгон-токой  тарыхый-этнографиялык  маалыматтарынын арасында мамлекеттүүлүктү билгизген бир топ информация кездешет.  Биринчи эле эпосто мамлекеттүүлүктү билгизген символдорду алалык.  Мисалы, “Манаста” мөөр, туу , асаба, байрак, желек ж. б.  мамлекеттүүлүктүн  атрибуттарын кездештиребиз.  Бир жерде: “Катчыга  катын жаздырды. Кандык мөөрүн бастырды”- деп, мөөр жөнүндө айтылса (Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. 2-китеп. 1980. 78-б.) башка бир саптарда туу жөнүндө айтылат.                                                                 

            Кыргыздын кыйла тобунан

            Алыс жерден калган туу,

            Башкы атасы Бабырхан,

            Андан калган ушул туу.

(Ошондо эле.- 28 б.)

  Байыркы кыргыздарда кандык бийликтин болгону төмөнкү саптардан да көрүнүп тургансыйт:

            Хан өкүмүн тийгизди,

            Хан таажысы ушу деп,

            Хан Манастын башына

            Жыгалуу бөрктү кийгизди. (Ошондо эле 1-китеп 272 -б.)    Мамлекеттүүлүктүн белгилери эпосто кезиккен кан, бек, бий, баатыр, төрө, сынчы, чечен, кул, күң ж. б.  толуп жаткан социалдык жана жоокердик терминдерден да ачык-айкын көрүнүп турат. “Манас” эпосу бир жылда, ал тургай бир кылымда эмес, бир топ убакытта өсүп-өнүккөн. Бул жерде айта кете турган сөз, эпостун жаралыш  мезгили менен, анда чагылдырылган маалыматтардын убактысы бирдей эмес. “Манас” өзүнүн поэтикалык саптарында, жаралыш доорунан мурунку окуяларды камтышы мүмкүн.  Мындай жагдайда  алганда анын саптары көркөм формада кыргыз элинин басып өткөн жолун б. з. ч. III кылымдан (чындыка келгенде андан мурдагы байыркы мезгилдерден баштап) XX кылымдын баш жагына чейинки тарыхый окуяларды жана этнографиялык көрүнүштөрдү чагылдырган. Ошондо “Манас”  эпосу көркөм түрдө кыргыз элинин башынан өткөн турмушунун төмөнкү 7 доорун чагылдырган:

1. гундар мезгили (б. з. ч. III к. -б. з. V к.);

2. Байыркы түрк жана байыркы кыргыз доору (VI-IX  кк.);

3. Кара кытай жана караханий доору (X-XII кк.);

4. Монголдор доору (XIII к.) ;

5. Алтын Ордо ж. б. хандыктардын мезгили (XIV-XVI кк.);

6. Ойрот-калмак же жунгар, ошондой эле  кытай доорлору (XV- XVIII кк.);

7. Кийинки кошундулар (XIX-XX к. баш чени) [Молдобаев И. Б. Эпос Манас: проблемы историко-этнографического исследования / Автореф. докт. дисс.-Б., 1995.- 15 б.]

  Албетте, мындай бөлүү шарттуу. Деген менен  “Манас” дастаны гундардын убактысын чагылдырган бир топ далилдерди бере алат. Мисалы, гундардын үрп-адатына кайрылалы. Алардын үй-бүлөсүндө күйөөсү өлгөндө, аялы анын башка туугандарына мүлк катары өткөн. “Манас” эпосуна кайрылсак ушул эле адат мында  да бар. Жакып өзүнүн атасынын бир тууганынын аялына үйлөндү.  Манас өлгөндө да анын туугандары  Каныкейге үйлөнүүнү көздөшөт. Ошондой эле  көрүнүш Манастын уулу  Семетей өлгөндө байкалат. Ал эми кыргыздарда болсо (левират,  сорорат деп этнография илиминде бир топ  элдерге белгилүү ) бул  адат XX к. баш ченине чейин келип жетпедиби.

Дагы бир фактыга кайрылалык. Манас өлгөндө  Каныкей ага жашыруун көрүстөн салдырат. Оозунан сойлоп кирме, бирок, ичине 6000  кой баткандай кылып акак, жакут, алтынды аябай,  сөөк бузулбагандай кылып жасатат. Бул көрдүн конструкциясы гундардыкына  абдан окшош. Мунун конструкциясын катакомба формасында деп аташат. Ушул күндөргө  чейин кыргыздардын көрлөрү катакомба түрүндө казылат.  Кыргыз жергесиндеги илгерки археологиялык эстеликтерди изилдеген көрүнүктүү археолог А. Н, Бернштам гундардын көрүстөндөрүн  түздөн-түз  Жетисуу жана Борбордук Тяншандагы катакомбанын көрүстөндөрү менен байланыштырат. Ал тургай ал өлгөн адамдын сөөгүн коюу расмилеринин бирдей болгонун белгилейт. “Манастын” материалдары муну толугу менен ырастайт. Мисалы, Көкөтөй өлгөндө ага бурак ат камдалат. Ал ат бүт жабдыктары менен даярдалат. Муну биз курмандыкка чалынган ат деп түшүнөбүз. Эмне дегенде байыркы гундарда, андан кийин Енисей кыргыздарында ушул расмий  адат колдонулуп келген.      Гундардын маданиятына тереңирээк назар салып көрсөк  бир топ эле окшоштуктарды табууга болот. Мисалы, алардын сүрөттөрүндө  жаныбарлардын сүрөттөрү көп кездешет.  Алардын  кай бири  реалдуу болсо, кай бири мифтик жаныбарлар. Археологиялык  казуулардын натыйжасында табылган бийиктиги 1 метрче болгон түшүнүксүз мифтик жаныбардын сөлөкөтүн биз 1994-жылы Үрүмчү шаарынын музейинен көрдүк эле. Муну айтып жатканымдын себеби  “Манас” эпосунда да бир топ мифтик жаныбарлардын аттары учурайт. Ошолордун бири  “кылыч куйрук баяс”.  Аталган музейде коюлган жаныбардын сөлөкөтүнүн куйругу кылыч формасында болгону бизди абдан таң калтырган эле. Бул табылга  2 миң жылдан ашуун убакытка таандык экен. Демек, манасчылар реалдуу турмушта көргөн, укканын өздөрүнүн репертуарларына кошуп айткандары билинип турат. Эпостогу Кошой менен Жолойдун күрөшүнө көңүл буруп көрөлү. Ошондо Кошой “кандагай” аттуу күрөшкө кийчү шымды кийип чыгат. Эми ушул көрүнүштү көрүнүктүү археолог М.Б. Грязнов тапкан кемердин (курдун) колодон жасалган башындагы сүрөткө көңүл буралы (б. з. ч. 3-1-кк.).  Анда  күрөшүп жаткан эки балбандын сүрөтү чегилген. Белгилеп кетели дегенибиз ошол  балбандардын кийген шымынын  “кандагайга” окшоштугу. Бул окшоштук кандагай термининин чечмеленишинен да байкалат.  Кандагай сөзү бир да түрк тилинде түшүндүрөлө албайт. Деген менен тунгус-манчжур, байыркы монгол тилдеринде сүйлөгөн элдердин баарында (азыркы: ороки, орочи, ульчи ж.б. аз сандагы элдерде да)  кандагай деп багышты (лось) айтышкан. Айтмакчы, кыргыз тилинде тунгус-манчжур тил тобунан окшош сөздөр кездешет. Мисалы, “Манаста” айтылган ак олпок  же олпок деген жоокердик кийим манчжур тилинен түшүндүрүлүп, соот дегенди билдирет.

 

   Борбордук Азия жана Түштүк Сибир чөлкөмүндө 840-жылдан X кылымга  дейре             үстөмдүк кылып келген кыргыздыр өздөрү кара кытайлардын  (кидандардын) кысымына туш келгени тарыхка маалим.  “Манас” эпосунун өзүнүн жаралышы, кыргыздардын орчундуу бөлүктөрүнүн  Саян, Алтай, Каңгай тоолорунан Алатоону көздөй багыт алганы дал ушул кара кытайлардын агрессиясына байланыштуу деп санайбыз. Муну алгачкылардан болуп 1950-жылдардын аягында жарык көргөн эпостун кыскартылып бириктирилген вариантына жазган кириш сөзүндө  маркум академик Б. Юнусалиев айткан эле. Биз аны тарыхый этнографиялык  фактылар менен толугу менен бышыктайбыз. Бул туурасында дастандын башталышындагы  эле төмөнкүдөгү билдирүүгө көңүл бурулы:

                 Ээн сайга барганда

                 Кербенчиден кеп укту

                 Соодагерлерден сөз укту

                 Бай уулу эр Бакай

                 Ороздунун он уулу

                 Тентип кетип Каңгайга

                 Бирөө кетти Алтайга

                 Бирөө кетти Шыбырга

                 Бирөө кетти Сереңге            

                 Бирөө кирип кетти Тереңге

                 Бирөө кирип кетти Ойоңго

                 Кумдуу чөлдү аралап

                 Бирөө кирип кетти  Саянга                                                                              Бул саптарды автор 1989-ж. Аксуу районундагы Үчкайнар айлында туруучу белгилүү манасчы  Ш. Азизовдон жазып алган эле. Ошондо манасчы Шаабай жогорудагы  саптарда айтылган Серең  дегенди - Арал деңизи, Тереңди - Астархан, Ойоңду - Монголия деп  түшүндүрмө берген. Эгерде тарыхка кайрылып көрсөк бул саптар толугу менен ошол мезгилдеги тарыхый ахвалды бышыктайт. Кыргыздар Борбордук Азияда бийлике келгенде эле Амурдун башына чейин; Байкал көлүн тегерете; Чыгыш Түркестандын түштүгүнө; алыскы Якутияга дейре; батыштан Астархан, Түштүк Урал, Крым ж. б. коңшулаш жерлерге тарай башташкан. Кара кытайлар ушундай ыңгайлуу жагдайдан пайдаланып, туш-тушка тараган кыргыздарды бири-биринен бөлүп ташташкан. Ошентип Борбордук Азиядагы үстөмдүк кара кытайларга өткөн. Азыркы жергесине келип калган кыргыздар караханийлердин да таасирин көрүп калган. “Манас”  эпосунда Манастын санжырасында Карахан да аталып кетет эмеспи. Буга М. Кашгаринин сөздүгү  да далил боло алат, анткени ал ар кайсы элдин, ошонун ичинде кыргыздардын да лексикасын чогулттум деп жазат. Ал эми монголдордун мезгилинде кыргыздар Борбордук Азиянын түпкүрлөрүнө чейин көчүрүлүп баргандары Кытай жазма булактарынан белгилүү. Андан кийинки доорлордо кыргыздар монголдорго, моголдорго, ойротторго (калмактарга) ж. б. элдерге тап көрсөтүп, биригүүгө аракет жасашканы “Манаста” чагылдырылып калган. Буга эпосто эскертилип кеткен үч жүздөн ашуун элдердин  жана уруулардын аталыштары деле күбө болуп турат. Алсак, эпосто аталган кара кытай, найман, дөөлөс, жедигер, катаган, кыпчак, ногой, мундус, мунгуш ж. б. элдер кыргыз  элинин составына сиңип кетти. Бир кездерде алар өзүнчө чоң элдерден болгондуктары тарыхый булактар менен катар “Манастан” да көрүнүп турат.  Эпос боюнча мамлекеттүүлүктү  калыбына келтирем деген ой  төмөндөгү саптардан да көрүнгөнсүп турат:

                    Качкан-бозгон кыргыздар

                    Кайта баштан чогулуп,

                    Кан көтөрүп алды дейт,

                    Кабылан төрө Манасты.    (Манас. С. Каралаевдин варианты боюнча. Фр., 1984;. 1-китеп. 199-б. )

  Тарыхый чындыкка кайрылсак  XIV кылымдан баштап Кыргыздар Алтын Ордо мамлекетинин курамында, ал кулагандан кийин Ак Ордо, Боз Ордо, Көк Ордо, Казак ж. б. кандыктардын аймагында жашап келишкен. Буга далил “Манастагы” жерлердин аталыштары менен Крым жергесиндеги, Түндүк Кавказдагы жерлердин айтылыштарынын окшоштугу.  Мисалы азыркы Дагестанда жердеп турган түрк тилинде сүйлөгөн  кумук деген  элде Манас деген компоненти бар 7 географиялык аталыш кездешет.

  Кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жандандыруу аракети  Ойрот Мамлекетинин мезгилинде да болгон. Ойротия менен Монголияны 1399-1425-жж.  кыргыз Угечи Кашка менен анын уулу Эсеху башкарып турганы  белгилүү.  Дөрбөн-ойрот союзунун бир бөлүгү кыргыз деп аталган: элуте, бахатутэ, хойт, кыргыз (Бейшаналиев Т.  Киргизы и Джунгарское ханство (XVII  -  XVIIIвв.)/ Канд. дисс. авторефераты.- Л., 1989. 9-б.). Ойрот деген термин “Манаста”     абдан жыш кезиккени, эпос тарыхый фактыны камтып кеткенинде болуу керек. Акыры Угечи Кашка да ийгиликке  жетишпей калган.                Туш-тушка тараган кыргыздарды чогултуунун аракетин Мухаммед-кыргыз XV кылымдын аягында -XVI к. биринчи чейрегинде жасаган. Ошол учурда кыргыздар Моголистан мамлекетинин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн экен. Ошондон улам  Рашид хандын тарыхын жазган Мухаммед Хайдар-дуулат кыргыздарды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. XVI к. башында кыргыздар оң жана сол канаттарга бөлүнөт. Мүмкүн мындай бөлүнүштү Мухаммед-кыргыз  киргизгенби деп ойлозбуз.                                                  Андан кийинки жылдарда Жунгарлардын Галдан Бошокту ханы (1670-1697-жж.) бийликте турганда кыргыздар ойроттор менен тең-тайлаш бийлик жүргүзүшүп, бирок кийинчирээк жунгардар үстөмдүк кылып кетишкен. Ошол маалдарда тарыхый аренага Арзу Мухаммед-бек деген кыргыз чыгып кыргыздарды бириктирип, Жунгарларга такай каршылык көрсөтүп турган (Бейшаналиев Т.- 20 б.). Кыргыз мамлекеттүүлүгүн жандандырам деп Алымбек датка, Алымкул  аталык, Ормон хан, Курманжан даткалар да аракет жасашкан.  

  Жыйынтыктап айтсак “Манас” эпосу ушул кыргыздардын башынан  өткөргөн татаал турмушун көркөм формада  берген. Эпос боюнча деле  кыргыздар мамлекеттүүлүктү калыбына келтирем деп аракеттенгени көрүнүп турат. Ошондон улам эл Манастын өлүмүнө чыдабай, “Семетей”, “Сейтек” ж.б. алардын уландылары болгон дастандарды  жаратканы буга күбө боло алат.  Акыры келип  кыргыздар азыркы учурда мамлекеттүүлүгүнө кайрадан ээ болуп отурушат.      

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...