Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Россиянын тарыхый булактарындагы кыргыздардын аталышы

 

Дөөлөтбек Сапаралиев

 

  Борборазия элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын тарыхын изилдөөдө бай материалды орус тарыхый булактары берет. Аларга: 1) сурамжыланган сөздөр-баяндамалар, маалымдоо жазуулар (рапорттор) жана коңшу өлкөлөрдүн башкаруучуларынын Россия императоруна жазган каттары түрүндөгү архивдик документтер; 2) Кыргызстанда болушкан же анын жер аймагы аркылуу өтүшкөн элчи-дипломаттардын (И.Унковский, Ф. Беневини, М. Угрюмов, Н. Зибберштейн, Р. Данибегошвили ж.б.) жолдогу окуяларды жазган күндөлүк-журналдары жана каттары кирет. Булардын айрымдары басмадан жарык көргөн; 3) Россия окумуштууларынын ( Н.В. Татищев, П.И. Рычков, Г.Ф. Миллер, И.Е.Фишер, И. Андреев, Ч.Ч. Валиханов ж.б.) илимий эмгектери тарыхый булактардын өзүнчө тобун түзөт.

  Тилекке каршы, кыргыздардын тарыхындагы конкреттүү окуяларды чагылдырууда 1927-жылы эле белгилүү орус чыгыштаануучусу, академик В.В. Бартольд  белгилегендей мындай бай жана баа жеткис материалды пайдалануу анын терминологиялык чаржайыттуулугунан татаалдашкан. Анын себеби бул мезгилде (XVIII-XIX кк.) алиге аныкталбаган себептер менен “кыргыздар” деп (азыркы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү калкынын өз аталышы- эндоэтноними болгон) казахтарды да (азыркы Казакстан Республикасынын жергиликтүү калкын) кыргыз-кайсактар, кыргыз-касактар, кыргыздар деген түрдө атай башташы болгон, бул чынында этнологдордун аныктоосу боюнча экзоэтноним болуп эсептелген, б.а. бөтөн элдер (орустар, немецтер) тарабынна этноско берилген аталыш болуп саналган. Бир топ проблемаларды туудурган дагы бир жагдай - жогоруда аталган өз алдынча элдерден (кыргыздар менен казахтар) башка “кыргыз” этнонимин ошол мезгилде үчүнчү элдин алып жүрүшү эле. Булар Енисейдин баш жагында Красноярск, Томск, Абакан шаарларынын районунда жашаган енисейлик (сибирлик) кыргыздар (езерлер, алтырлар, алтысарлар ж.б.) эле, азыр алардын тукумдары бизге РФ Хакас Республикасынын жергиликтүү калкы - хакас деген аталыш менен белгилүү.

  Бул жерде алгач биз орус тарыхый булактарында кездешкен кыргыздардын аталышын али толук эмес болсо да келтирели: “Кыргыз ордосу”, “Чоң кыргыздар”, “Алат кыргыздары”, “буруттар”, “ак буруттар”, “Алатай кыргыздары”, “кырк жүз”, “жергиликтүү кыргыздар”, “Кара кыргыздар”, “Таш кыргыздар”, “Жапайы таш кыргыздар”, “ Кара кыргыздар”, ж.б. көрүп тургандай үч кылым бою кыргыздардын энчисине ондон ашуун атты (б.а. экзоэтнонимдерди) алып жүрүү урматы түшкөн. Айта кетчү нерсе алар чынында эле Кыргыз Республикасынын азыркы негизги калкынын ата-бабалары болгон кыргыздарга таандык эле. Андыктан биздин оюбузча алар бир жагынан XVII-XIX кк. Борборазиянын эларалык мамилелериндеги кыргыздардын чоң саясий активдүүлүгүн көрсөтүүсү болуп саналса, башка жагынан россиялыктардын аларды өз алдынча жана бөлөк эл катары таануу процессин чагылдырган.

  Ошондуктан Сибирь, Ортоазия жана Казакстан элдеринин тарыхын изилдөөчүлөр үчүн зарыл, кечиктирилгис милдеттердин бири болуп орус тарыхый булактарындагы кыргыз этникалык аталыштарын так аныктоону башка кытайлык, монголдук, тибеттик, арабдык, перстик, латын тилдик жана түрк тилиндеги ж.б. булактары менен салыштыруу анализин жүргүзүү аркылуу аларды туура пайдалануу максаты турат.

            “Кыргыз” этноними орус булактарында орус тарыхчысы П.А. Словцовдун маалыматтары боюнча алгачкылардан болуп, Сибирь жылнамааларында жолугат, т.а., 1606-жылдагы Томск алдындагы орус колонисттеринин жергиликтүү ушундай аттагы уруулар менен жолугушуусу, анан 1628-жылы Красноярскинин  алдында, кийинчерээк алардын Сибирдин түштүк-чыгышын өздөштүрүүсүнө жараша көбүрөөк кездешүүсүн чагылдырган баяндоолордон табылган. Бул маалыматтар албетте, енисейлик (сибирдик) кыргыздарга таандык эле. Айтмакчы, алар 1634-жылдан Алтын хандар монгол мамекетинин букаралары катары бир эле учурда ошондой эле Россиянын букаралыгына шерт-ант берүү менен Красноярск коргонуна (острог) жасак (дань) төлөп калышкан. Ошондуктан аларды кээде экижасак берүүчүлөр б.а. эки мамлекеттин букаралары деп да атап коюшкан. Айрым окумуштуулар аларды азыркы хакастардын ата-бабалары деп эсептешет.

  Тяньшандык кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды алгачкылардан болуп, 1616-жылы батыш монголдордун өкүлдөрү калмактарда болушуп Москва шаарына кайра келгенден кийин өзүлөрүнүн сурамжылаган сөздөр-баяндамаларында орус элчилери Т. Петров менен И. Кунициндер беришкен. Анда: “Калмак жеринде (б.а.Жунгар хандыгында - Д.С.) бүгүнкү күндө Чон Казах ордосунун жана да Кыргыз ордосунун (б.а. Улуу жүздүн казактары жана кыргыздар - Д.С.) букаралыгында, о.э. башийүүсүндө бул эки ордо менен калмактар күчтүү” деп көрсөтүлөт. Кийинки маалымат калмактарга барган башка орус элчиси И. Савельевдин баяндамасында берилет,  анда 1618-жылы Тайши баатыр аны кабыл алган кезде “ошол эле үйдө (боз үй) туткундарды (колго түшкөндөрдү - Д.С.) сатып алуу үчүн келишкен Казах ордосунун эки элчиси жана да кыргыз жеринен 5 адам болушкан” .

            Мындан кийинкиси биздин көз карашыбыз боюнча, 1624-жылга таандык маанилүү маалымат кыргыз окумуштуусу А.Абдыкалыков тарабынан Сибирь буйругунун тилкесинен табылган - ал 1625-жылы Тобольскиден орус падышасы Михаил Федоровичке жиберилген грамота эле. Анда: “Сентябрдын 29-күнүндө (1624 - Д.С.) калмактардан Тобольскиге тоболдук боз үйлүк тургун бухаралык Мухтар Авжеев келип, Сизге (б.а. падыша - Д.С.) баяндамада монголдук адамдар Казак ордосу жана Чоң кыргыздар менен кошулушкандыгын кабарлады (союз түзүшкөн - Д.С.) “ деп айтылат. Мындай билдирүүнүн маанилүүлүгү бул жерде “Чоң кыргыздар” деген аталыштын келтирилиши. Бул тяньшандык кыргыздар сибирдик кыргыздарга караганда көп болгондугунун, ошон үчүн ал убакта, б.а. XVII к. башында орустар аларды бири биринен, ошондой эле казахтардан жакшы айырмалай алышып: бирөөсүн “Чоң кыргыздар”, экинчилерин жөн гана “кыргыздар”, а үчүнчүлөрүн -”казах ордосу” жана “казахтар” деп аташкандыгынын дагы бир далили эле.

  Тяншандык кыргыздардын аталышынын кезектеги вариантын Сибирдин белгилүү тарыхчысы И.Е.Фишер айткан. өзүнүн “Сибирь тарыхчысы” жыйнагында Фишер калмактык Батыр-Хун-Тайшинин 1643-жылдагы казахтарга жортуулун баяндап жазууда “ал башында эле эки провинцияны же 10 миңге чейин адамы бар Алат Кыргыз же Токмок элин ээлеген” деп көрсөтөт. Менин оюмча, көпчүлүк изилдөөчүлөр деле бул маалыматтарды ошол кезде азыркы Кыргызстандын Чүй өрөөнүнүн райондору болгон Алатоо тоолорун жана Токмок турагын жердешкен жашоочуларга таандык деп акыйкаттуу эсептешет .

  Ак калмак Алгазынын 1707-жыл 27-августагы Жунгарияга барып келгенден кийин Кузнецк шаарындагы Буйруктук үйдүн аскер башчысы О.Р. Качановго берген сурамжылаган сөздөрүндө бир жактан ак калмактардын жана Енисей кыргыздарынын  буруттарга каршы согуштук аракеттери болуп “алар бир топ коркунучта жашагандыгы” тууралуу маалымдаган.

  “Бурут” термининин келип чыгышы жөнүндө баарыбызга маалым ар түрдүү ой-пикирлер сакталууда. Эң алгачкылардан болуп XIX к. Орус синологу И. Бичурин алар “IV к. эле азыркы жерлерде (Кыргыз Республикасынын азыркы территориясы жөнүндө сөз болууда - Д.С.) кытайлык болу, булу жана болюй деген аттар менен пайда болушкан. Болу жана булу бурут деген сөзгө окшош, демек бурут кыргыздардын (б.а. кыргыздардын - Д.С.) кытайлыктар менен монголдор бүгүнкү күнгө чейин аларды атаган байыркы аты” деп болжолдогон.

  Бизге белгилүү кыргыз окумуштуусу А.Абдыкалыков калмак башкаруучулары тарабынан ат катары кыргыздарга берилген бурут монголдун “буруу” деген сөзүнөн чыгып, “туура эмес”, “күнөө”, “кылмыш” дегенди түшүндүрүп, ага “т” тамгасын кошуу менен “күнөлөнгөндөр”, б.а. “чыккынчылар”, “башка диндегилер” түшүнүгүн берет деген кызыктуу ойду айткан. XIX к. аягындагы орус этнологу Н. Аристов бурут “бури” (тагыраак айтканда - бөрү - Д.С.) деген сөздөн келип чыккан, кыргыз тилине которгондо карышкыр дегенди түшүндүрөт деп божомолдойт. Бул жерде ал кыргыздардын уруу бирикмелеринин бир тобунун уруусу болгон адигине ичиндеги бөрүнү эске алгандыгы белгилүү .

 

  Мындан ары башка көзкараштардын анализдерине көбүнесе токтолбостон бул маселе боюнча өз оюбузду билдирмекчибиз. Биздеги маалыматтар боюнча “бурут” термини гидрономикалык (б.а. дарыялардын аталышы) же топономикалык (жердин аталышы) негизге ээ жана Буру-Тала дарыясынын, же Боро-Тала жеринин аталышынан келип чыккан. Бул аталыштар орус архивдик документтерде көп кездешет жана азыркы кезде Балхаш көлүнүн түштүгүрөөгүндө жайгашкан. Дарыя КНРдин Эби-Нор көлүнөн агып чыгып Балхаш көлүнө куйган Кара-Тал дарыясына кошулат. Сибирдик кыргыздардан айырмалашып бул аймакта жашаган кыргыздардын буруттар деп аталышы толук мүмкүн, бирок бул ат кыргыздардын өздөрү тарабынан, алардын ал райондон калмактардан сүрүлүп чыгуусунан улам, акырындап унуткарылып калган сыяктуу. Белгилүү орус синологу Д. Банзаров Баргужин-Тукум жерин “бургуттар”, же “буруттар” жана “буряттар”  деген ат менен окшоштуруусу да кызык. Белгилей кетчү нерсе, кыргыз синологу Т. Бейшеналиевдин маалыматына караганда “бурут” ойрот тилинен которгондо “тоолуктар” (Гао шань Цзюй Мин) деп түшүндүрүлөт. Анын ою боюнча ойроттор, б.а. калмактар тяньшандык кыргыздарды ушундай аташкан, бирок мында биз макул болбой турган жагдай, Борборазиянын тоолорунда жашаган башка да этностордун көп болгондугу.

  “Бурут” термининин “кыргыз” деген катар түшүндүрмөсү менен берилген вариантты 1731-1733-жж. Жунгарияда болгон башка бир орус дипломаты И. Угрюмовдун журналынан кездештиребиз. Мында ал казахтарды “Казах ордосу”, “казахтар”  деп атаганын белгилей кетмекчибиз. Муну 1749-1760-жж. таандык башка архивдик документтерден да байкоого болот .

  Кыргыздардын мындан кийинки кызыктуу этникалык аталышы 1749-жылга тиешелүү архивдик документтерде “кыргыз-калмактар” термини менен айкалышы: “алар жана да буруттар” деген түшүндүрмөдө кездешет. Алар Таралык жашоочу Григорий Даниловдун билдирүүсүндө келтирилип, анда калмактардын “кыргыз-калмактарга, ошолор эле обочолонгон жерде турган буруттарга”  жортуулу айтылат, бул кебетеси, кыргыздардын бир бөлүгү калмактар менен убактылуу саясий союзда болгондугун айгинелейт.

  Сибирь губернатору В.А.Мятлевдин Россиянын тышкы иштер боюнча Мамлекеттик Коллегиясына 1756-жылдын 13-январындагы рапортунда Жунгариялык элчилердин кабарлоосу келтирилип, анда калмак ноёну Амурсана 1755-жылдын аягында Цинге каршы көтөрүлүшкө чыкканда өз адамдарын Алтайга Омбо Зайсанга жиберип “ал өз областы менен ага, Амурсанга көздөй чыгып мунгалдар (т.а. Циндер - Д.С.) жана ак буруттарга каршы согушта жардамдашуусун” өтүнгөнү ырасталат. Бул маалымдоочулардын замандашы жана Сибирь тарыхчысы И.Е.Фишердин корутундулоосу боюнча “Чыгыш элдери түрлөрдүн аттары менен ар кандай түшүнүктөрдү байланыштырышат: ак, мисалы эч кимге баш ийбеген, кызматтан жана алык-салыктан бош дегенди, ошондой эле бакыт жана башка кубанычты алып келүүчү нерсе деп түшүндүрүлөт”. Маалымдоочулар алтайлыктардын Жунгарияда моюн сунган абалдагы (мисалы, зайсан Аширмат башындагы ) кыргыздарды алардын көзкаранды эмес жердештеринен айырмалоо максатында акыркыларды “ак буруттар” деп атоолору ажеп эмес. Балким, алар ушинтип тигилер турган райондорду белгилешкен: “Ала-Тоо” тоолору түрк тилинен которгондо “ак ала була тоолор”, же “ак карлуу тоолор” деп түшүндүрүлөт.

            Этникалык “Алатай кыргыздары” сөз түрмөгү 1750-жылы Россия илимдер акдемиясынын академиги, Оренбургдук кызматкер Петр Рычковдун “Татарлар жөнүндө кыскача билдирүү” деген колжазмасында пайдаланылган. “Алатай кыргыздары көчмөн жана күчтүү эл, Ташкенттен ары Чоң кайсак ордосунан беш-алты күндүк аралыктагы Хожент, Найматан жана Марталан (Наманган жана Маргалаң - Д.С.) шаарларына жакын таштуу, эч ким өтө алгыс Ала-Тай (анын атындай ушул эл да аталган) тоолорунда Зенгар ээликтери менен Сыр-Дарыя деп аталган дарыянын аралыгындагы Бахалжи жана Каркыра капчыгайларында көчүп жүрүшкөн. Алардын айрым бөлүгү Зенгорлорго (жунгарларга - Д.С.) жакын турушуп, зенгорлук калмактар менен үзгүлтүксүз согушуп тургандыктары менен өзгөчөлөнүшкөн. Согушка аларды чогулушу - жыйырмадан отуз миңге чейин. Яйктан ары көчүп жүрүшкөн кыргыз кайсактар жана үч ордодон турган калк ар кайсы уламыштардын негизинде Алатай кыргыздардын тукумдары...”

            Чыгыш Түркстандагы окуяларга байланыштуу 1759-жылкы тарыхый документтерде XVIII к. II жарымында Кокондун башкаруучусу Ердене (т.а. Ирдана) бий башында турган “узбек кыргыздары” эскерилет. Аларды дагы калмактар буруттар деп атагандыгы жөнүндөгү бизге белгилүү түшүндүрмөлөр бул жерде да берилген. Бул биздин оюбузча, тарыхтын ошол мезгилиндеги Кокон хандыгынын узбектери менен кыргыздардын саясий союзу болгондугун билдирет. Эң кызыктуу маалыматтар 1766-жылы 3-августа Орто жүздүн казактарына барып келишкен башкырлар Казаккул Казакбаев менен Унтей Азлаевдин кабарлоосунда келтирилет. Анда “Аблай султан жайкы жайытка (жайлоого) кетишкен аталган кыргыздардын ичиндеги крыг юздарга согуш менен барды”  деп айтылган. Белгилеп кетчү нерсе бул сөз түрмөгүндө муундалып даана бөлүнгөн иреттик сан атоочту көрсө болот: ал “крыгь”-кырк; “юз”-жүз, б.а. кырк жүз. Бул “кыргыз” деген сөздүн келип чыгышын түркчө (чынында бул жерде казакча) түшүндүргөндүгү эмеспи, анткени буга чейин болуп келген ар түрдүү гипотезалардын ичинен жогорудагыдай айтылганы XIX к. аягындага немец окумуштуусу В.В. Радлов тарабынан божомолдонгон. өзүнүн “Сибирь жана Монголиянын түрк урууларына этникалык обзор”  аттуу эмгегинде “менин оюмча кыргыз деген ат кырк-йустан келип чыккан” деп көрсөткөн. Кыргыздардын мындай кырк жүз деп аталышынын тууралыгын моюнга алууга мңмкүн болсо, анда бир катар жаңы кызыктуу корутундуларды жасоого жана “кыргыз” сөзүнүн, жалпы эле кыргыз элинин этногенези боюнча талкууда белгилүү позицияны ээлесе болот.

            Айтмакчы, өз убагында белгилүү синолог Д. Банзаров да “кыргыз” сөзүнүн иреттик сан атооч “кырк-ыз” “кырклыктардан” келип чыгышын негиздеген. XVI к. чыгыш булактарында, анын ичинде “Маджму ат-таварихте” да кыргыз сөзү “кырк-гыз” же “кырк-/о/-гуз”, б.а. кырк өгүздөн чыккан деген түшүндүрмө келтирилген.

            Кыргыздардын дагы бир кызыктуу аталышы академик Петр Рычковдун уулу Николай Рычковдун күндөлүк жазмаларында белгиленген. өзүнхн казах талааларына 1771-ж. саякаты мезгилинде Улу-Тау жана Ала-Тау тоолоруна түшүнүк берип жатып, Ала-Тау тоолорунда “жергиликтүү кыргыздар” (“коренные киргизы”)  жашайт деп көрсөткөн. Тексте казахтар жөнүндө сөз кылып жатып “кыргыс кайсактар” терминин пайдаланат. Бул дагы бир жолу ошол кезде Алатоо тоолорунда жашаган кыргыздар келгиндер болгон эмес, жок дегенде жарым-жартылай автохтондук (б.а. жергиликтүү) калк болушкандыгын айгинелейт жана казахтар алардан бөлүнүп чыгышкандыгы жөнүндө кабарлайт.

            1771-жылдан баштап Россиянын архивдик документтеринде “жапайы кыргыздар” (“дикие киргизы”) деген аталыштар жолуга баштайт, алсак аскер кызматкери Иван Абдулин алгачкылардан аны пайдаланган. Бул аталышты 1771-жылы 9-октябрда Абылай султандын конушунан кайтып келгенден кийинки берген кабарлоосунда төмөндөгүдөй жазат: “Дагы кыргыздардан (казахтар - Д.С.) алардын Абылай султанга жапайы кыргыздарынын үстүнөн Чоң кыргыз ордонун баланайлык болуштукту талкалашкандыгына даттануу алып келишкендигин уктум...” . Биз көрүп тургандай муну менен ал кебетеси бир жагынан россиялыктарга али белгисиз жана казахтардан айырмаланган элди белгилесе, экинчи жагынан алардын эрктүүлүгүн, эч кимге баш ийбөөчүлүгүн көрсөткүсү келген болуу керек. Атаке баатырдын 1785-жылдагы Россияга биринчи элчилигине байланыштуу кыргыздардын каттарынын акыркы котормолорунун тексттеринде авторлору өзүлөрүнүн кандай кыргыздардан экендигин айтышпаса да XVIII к. орус котормолорунда алар “жапайы кыргыздар”  деп берилген.

            1795-1796-жж. Санкт-Петербургда “Жаңы айлык жыйнактар” журналында жарыяланган Сибирь аскер кызматкери капитан Иван Андреевдин “Кыргыз-кайсактардын Орто ордосун баяндоо...” макаласында “жапайы кара (дикие черные) жана тоо артындагы (закаменные) кыргыздар”  аталышы кездешет, акыркысы кыргызчага которулбаган. Биздин оюбузча И. Андреев бул аталыштарды кебетеси Санкт-Петербургда болгон биринчи кыргыз элчилери менен жолугушкандан кийин колдонгон окшобойбу, анткени өздөрүн “кара” деп атоо менен алардын өздөрүн алар чыныгы анык “кыргыз” этнонимин алып жүрүүчүлөрдөн экендигине басым кылып көрсөтүшкөн. Бирок капитан Андреев аны орусча котормосунда берип кыргызча айтылышы болбой калгандыктан, ал кийинки Россияга кыргыздардын үчүнчү официалдуу элчилигине чейин, т.а. 1824-ж. (Омск шаарына барганга чейин) белгисиз кала берген . Түрк тилдеринде “кара” деген сөзүнүн мааниси жакшы такталып изилденген жана К.К.Юдахиндин, С.Сыдыковдун ж.б. макалаларынан толук маалымат ала алсыңар.

            1786-1795-жж. “тоолук кыргыздар” (“каменные киргизы”) жана “закаменные кыргыздар” деген аталыштар кездешет. Алар Ч. Ч. Штрадмандын 1-февраль 1795-ж. рапортунда ж.б. документтерде  бар, анда баарынан мурун кыргыздардын көчүп жүргөн жерлеринин рельефине, б.а. Тянь-Шандын тоолуу массивине мүнөздүү айырмачылык белгиленет. “Жапайы тоолук кыргыздар” (“дикаменные кыргыздар”) деген аталыш 8-февраль 1847-жылдан баштап Т.Р.Нюхаловдун рапортунан кезиктиребиз. Анда алардын социалдык-маданий өнүгүү даражасы тууралуу эч нерсе айтылбастан, кыргыздардын тоолуу аймактарынын аз өздөштүрүлгөндүгү жана өтүүгө татаалдыгы белгиленген.

            Жогоруда айтылгандардан Россиялык тарыхый булактарда кыргыздардын терминологиялык аталыштарынын ар түрдүүлүгү бир жагынан алардын бул региондогу саясий активдүүлүгүн көрсөтсө, экинчи жагынан орустардын кыргыздарды өз алдынча эл катары таануу процессин айгинелейт.

            Орус булактарындагы маалыматтарды, башка тарыхый булактар менен салыштырып анализдөө бизге Борборазиянын элдеринин, анын ичинде кыргыздардын тарыхын терең жана аргументтүү изилдөөгө мүмкүндүк берет.

            Ошентип бул макалада жаңы архивдик документтердин жана мурун жарыяланган адабияттардын негизинде орус тарыхый булактарында жогоруда айтылган тяньшандык кыргыздардын, б.а. азыркы Кыргызстандын жергиликтүү калкынын ата-бабаларынын, аталыштарынын белгилениш убактысын аныктоого аракет жасадык, ошондой эле биздин оюбузча Борборазиянын элдеринин, анын ичинде кыргыздардын этникалык жана саясий тарыхындагы айрым талаш иаселлерди чечүүгө өбөлгө боло ала тургандыктан аларга өз түшүндүрмөбүздү берүүгө аракеттендик.

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...