Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


"Талпынам, учамын деп көккө карап"

Абдираим Шама уулунун адамдык жана акындык ажарына айрым сүртүмдөр

 

Абдыкерим МУРАТОВ

 

  Кыргызстандын “Камчаткасы” деп аталган булуңдагы азыркы Лейлек жери чынында бир кезде Кыргызстанга жаздын келишин кабарлаган чабалекейлердей жаңылыктарды ташып, кыргыз асманында ойкуп-кайкып учуп турган улуу инсандарды дүйнөгө алып келген. Мунун бир топ себептери бар болсо да, башкылары булар болду: Фергана өрөөнүнүн башында туруп, элинин таза суу ичип, шапатадан дем алышы, жеринин жемишке байлыгы, жашылча менен көп азыктанышы; экинчиси, Чыгыш философиясы, маданияты менен терең оозанган тажик-фарсы тилинде сүйлөгөн элдер менен алакада болушу, өздөрүнүн да бул тилдерди кадимкидей билиши; үчүнчүсү, Кожент, Кокон сыяктуу байыркыны сактап келаткан шаарларга жакындыгы, ал жердеги диний жана орус-тузем, жадид билим жайларынан окуу үчүн шарттардын түзүлгөндүгү.

  Ушундай тарыхый-аймактык жагдайлар Кыргызстан боюнча эң алгач төңкөрүш туусун Сүлүктүдө сайгандай, дал ошол жагдайлар Кыргызстандын тарыхындагы мамлекеттик ишмерлердин эталону болгон Исхак Раззаковду дүйнөгө алып келгендей эле Лейлектин таза акыны Абдираим Шаманын руху

бийик, пакиза ырларын жаздыргандай.

  Ырас, бул ысым кыргыз поэзиясында аталбады, жазгандары окуу китептерине, хрестоматияларга, жамааттык ыр жыйнактарына да киргизилбеди, аны үчүн азыр эми айыпкерди издеп отуруунун кажети да жок, анын себептери сүрүштүрбөсөк да түшүнүктүү.

  Абдираим Шаманын турналуу Лейлектин Карадаван кышлагында миң сегиз жүз токсон экинчи жылда туулуп, ал жаштайынан малдуу, жайлуу, а түгүл ажыга барып келген адамдын бүлөсүндө таалим алгандан болсо керек, Чыгыш элдеринин кыссаларын, рубаи, казал, маселелерин канына сиңирип, диний жана фольклордук адабияттан өксүү тартпай өскөндөй. Анан ага кошо өзүнүн да нары жагында бир данек болсо керек, ошондонбу, тез эле ошол чөлкөмдөгү молдолордун аны окутууга илими жетишпей калыптыр. Он үчүнөн элинен чыгып, окууну эңсеп Ноодо, анан кийин Кожент шаарында медреседе билимин улайт. Кийин орусча окуйт, иши кылып анын билим-илим алууга далалаты ошол кездеги Лейлектин шартындагы уландардын ичинде эң эле жолдуу болуптур. Ошентип, анын билими кезегиндеги эң эле барктуу жана керектүү, зоболосу зор кесиптерге алып келди да, ошол кесиптеринин

“үзүрү” менен “өкмөт” болду жана “өкмөттүктүн” айынан ал кездеги көп активдердин бири сыяктуу эле түрмөгө түштү. А түрмө дээринде көрөңгө-ышкысы бар жигитти калем карматты. Анын адабияттагы жолу ушундай болгон менен ошол адабиятта берилип иштөөгө убакыт-шарт да, демөөр-дем да жаратылбады, жазгандарын жөн гана өзү үчүн жаза берди, аларды жарыялоо “түрмөчү” үчүн, “пессимист” үчүн ошол кезде таптакыр мүмкүн эмес эле...

  Ушуга чейин биз кыргыз поэзиясында адамдын ички жандүйнөсүнө кирүү, лирикалык каармандын “Менине” үңүлүү, өз кайгы-капа, кыжаалаттыгын саясатсыз эле көтөрүп чыгуу Алыкул Осмоновдон, тагыраагы, анын 1945-жылы чыккан “Махабат” деген жыйнагынан башталат деп ошону хрестоматиялык акыйкатка айлантып келгенбиз. Ал эми Абдираим Шаманын ошол 45-жылга чейин эле жазылган бир ырын окуйлучу:

 

Ойлоном түндө жатып, келбейт уйкум,

Элестеп көз алдымдан кетпейт журтум.

Талпынам учамын деп көккө карап,

Байлоодо канатым жок, башым туткун.

Туткунда туткун кыйнап, жүрөк сыздап,

Тамактан зарыкканда аш да батпайт.

Оо, шашпай тур, бир жакшылык күн болор деп,

Дей берип соороткондой кыял алдайт.

Кыялды тагдыр бийлеп алган тартып,

Он жылды койгом мурда мойнума артып.

Талпынып кай бир кезде талып калам,

Көзүмө уйку келбей ойлоп жатып,

Туткунга келгениме он жыл болду.

Чачылган насибимди тергениме

Оо, Кудай ай, жалгыз гана бир арманым,

Тергелип сот болбодум эл кашында.

Адамзат бири - узун, бири - кыска,

Жаралган бири - чоркок, бири - уста.

Жаралып табийгаттан жер бетине,

Жайылып мекен кылган туш-тушка.

 

  Ушул ырда кантип эле лирикалык каармандын ички сарсанаасы жок болсун, мында накта акын өзүнүн ички дүйнөсү менен жатат. 30-40-жылдардагы ура патриот эл акындарынын жыл сайын китеп болуп чыгып аткан “колхоз жыттуу” ырларына караганда мында акындын образы жатат. Карабайсызбы, поэзия пирине калп айта албаган акын “тергелип сот болбодум эл кашында” дейт, а минтип эл алдында сот болууну ак адам, күнөөсүз адам гана тилейт. Образ десеңиз - образ, көркөмдүүлүк десеңиз - көркөмдүүлүк - баары жай жайында турат. Адам жөнүндөгү соңку саптардагы философиялык ойлорду караң! Мындай ой жүгүртүү окумал кишинин гана акылынан чыгат да, мындай ырды дүйнөлүк поэзиянын Батыш-Чыгыш үлгүлөрүнөн шилекей алган киши гана ушинтип жазып берет. Каап, аттиң, анан ошол мурас ошогезде чоң адабиятыбыздын бир булагына айланбай калып, ушуга дейре билбей келгенибизди караң!

  Баарынан да өкүнүчтүүсү бул киши атайын адабият багытында билим алган эмес, же кыргыз профессионал акын-жазуучуларынын ошол кездеги муунуна окшоп газета-журналдардын, басмалардын редакцияларында да иштебеди, демек, ал чыгармаларын жарыялап, анан аларды жыйнак кылып чыгарган да жок, анын үстүнө көп өмүрү түрмөдө өтүп, ал жерде ыр жазуу, аларын сыртка берип туруу өлүм менен барабар болгон шартта күн кечирди, ушулардан улам айта турган нерсе - колубуздагы ырлары Абдираим Шаманын үзүл-кесил гана чыгармачылыгы. Ошон үчүн анын ырларын жыйноо, чогултуу, редакциялоо жаатында да алешемдиктер кетип тургансыйт.

  Негедир мага Абдираим Шаманын чыгармалары жана тагдыры Касым Тыныстан уулун эске салды, Касым ырларындагы атуулдук пафос, өйдөдөгү бийлик бутагына ишеним, тууган жерге кусалык туйгусу ушу Абдираим акынга көчүп келгендей. Анын ырларында бешенеге жазганга бел байлап калган, тагдырга там берген мотивге караганда турмушту “алдамчы, ала боор, шум турмуш ай, алдайсың миң түрлөнүп, түк алданбай” дегендей каргоо, бунт кылуу көбүрөөк үстөмдүк кылып тургандай.

 

  Ар жанды ар кай жолго салып коюп,

  Куу турмуш четтен карап күлүп турат,-дейт бир ырында ошол турмушка мамилесин билдирип.

 

  Ырас, анын ырлары дайым эле ички сезимдин сыртка атылып чыга беришинен курала бербейт, өз мезгилинин духунан өйдө чыга албаган агитациялык-чакырыктык, куру патетикага алданган, “чык, эле чык!”, “бол, эле бол!” дегендей социализмдин үгүтчүсү болуучулук, “Исфананын талаасы, келечекте салынат, коммунизм калаасы” дегендей азыр эми мезгил таптакыр эскиртип салган саптар да, ырлары да аз эмес.

  Анын ислам дин илимин жакшы билгендиги ырларындагы мындай саптардан даана көрүнөт:

 

       ...Мазарга барып сойбостон,

       Малыңды бергин ачтарга...

       ...Үрпөңдөп барып чокунба,

       Үйүлүп жаткан таштарга...

       ...Ар таамди койсом деп,

       Ак селдеге сыйынба...

 

  Ыр менен элге мындай насаат айтууга дини ислам менен терең тааныштыгы бар жана самопал молдолордон коркпогон адамдын гана акысы болгон.

  Абдираим Шама уулунун чыгармачылыгындагы баары бир басымдуулук кылган нерсе бул - дидактикалык мазмундагы санат-насыят, терме деп аталган ырлары. Бул тема анын чыгармачылыгынын өзөгүн түзүү менен анын акындык кредосун да аныктайт. Бир нерсеге назар салалы: ушул Абдираим акын чыгармачылык менен шугурланган жылдарда, айталык, XX кылымдын 30-40-жылдары дейлик, жазма акындар (А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, К.Маликов, М.Элебаев, Т.Үмөталиев ж.б.) оозеки адабияттан атайын оолактап, профессионалдуу адабияттын эреже-нормалары, жол-жоболору менен жазып киришкен, фольклордон, асыресе төкмөчүлүктөн качып турушкан. Ал эми Абдираим Шама болсо эл ырчыларындай да, жазма адабият өкүлдөрүндөй да стиль, форма жана мазмун менен чыгармаларын жараткан. Ошондуктан аны төкмөчүлүк менен жазмачылыктын ортосундагы бир көпүрө катары кароого болот. Бул өзүнчө кызык көрүнүш.

 Экинчиси, жанагыдай философиялык-дидактикалык лирика, комузу жок эле санаттап, көрүнүштөрдү терип-тепчип төгүп ырдап кетүү ичкилик кыргыздардын арасында кечээги биздин жаштык күндөргө чейин, XX кылымдын аягына дейре кадимкидей жашады, тойлордо, күйөө жандаганда көздү жуумп ырдап калган төкмөлөрдү көрүп, угуп жүрдүк. Дал ошол ичкилик өнөрүндөгү өзгөчө фономен Молдо Нияздан өтүп, анан келип-келип, Ботобой, Барпы апыз менен удаалаш эле кандайдыр бир деңгээле Абдираим апызда (хафиз) да уланып тургансыйт.

  Айрым саптарга дыкат таштаң эле:

  Суранып жеген куйруктан,

  Суу менен жеген нан артык.

же дагы: Алалбаган бүркүттөн,

              Чычкан артык эмеспи.

дагы бири: Күн көрбөгөн күн көрсө,

              Күндүз чырак жандырат.

  Бул эмне деген таамай айтылган контрасттар да, эмне деген адам турмушуна параллель табылган табылгалар!

  Акындын дидактикалык-таалим ырларында башкы орунда адам кыял-жоруктары, кылыктары, жакшы-жаман сапаттары турат.

    Катынын көзүн караган,

    Кайын журтка кыйшактайт.

    Кылыксыз кемпир кыз болуп,

    Кырмызы кийип жыртаңдайт.

    Жибектен жоолук оронуп

    Жигитти көрүп ырсактайт.

же: Аялды эркек кордосо,

      Алтымыш беште айрылат.

      Ак жоолуктан көзү учуп,

      Амалы куруп кайгырат.

      Ак сакалы сапсайып,

      Аялга жакын баралбайт.

      Тентиреп калат талаада,

      Теңири таап алалбайт.

 Мына ушундай адам сапаттары санатталган саптары анын ырчылык-төкмөлүк өнөрдүн өкүлү экендигин айгинелеп тастыктайт. Бул тематикадагы ырларында ал Молдо Нияз менен Барпынын гана эмес, Жеңижок менен Токтогулдун, Эсенаман менен Корголдун, Калыгул менен Арстанбектин, алардан өтүп тээ Сулайман Бакырганийдин, Ахмет Жасавийдин, дагы андан өтүп орто кылым Чыгыш поэзиясынын өкүлдөрүнүн өрнөктүү чоң салтын өзүнө сиңирип алып турган эң акыркы муун, төкмөчүлүктүн тамамдалыш точкасы катары көзгө көрүнөт. Албетте, бул жагынан анын чыгармачылыгы али алдына чоң сөз кылууну, ар тараптан изилдөөнү жана дагы да ар жактардан издеп таап, жыйноону талап кылат.   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...