Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Тарых карыткан кара кыргыз

 Белгилүү жазуучу,манасизилдөөчү-тарыхчы Орозобек Айтымбет менен маек

[Башы өткөн санда]

   Мурдатан эле айта келгеним, азыр да айтамын, болочокто да айтаарым ушу, Кыргыздын эң түпкү бабасын биз мындан, бери болгондо, жүз миң жыл мурдагы доорлордон издешибиз керек. Дүйнөлүк тарыхтын өсүш тажрыйбалары, бир элдин пайда болушу менен жок болушу же кандайдыр бир себептер менен азайышы, ички жана сырткы жоолордон келип чыккан эсепсиз согуштар, бүтүндөй бир урууларды гана эмес, килейген элдерди жок кылып ийген улуу тумоолор сыяктуу жүздөгөн орчундуу жагдайларды көп жылдан берки тынбай иликтөөм мага мына ушундай тыянакка келүүгө түрткү берип отурат. Байыркы дүйнөнү изилдеген окумуштуулардын айтымына караганда эзелки түрк (кыргыз) тилинде сүйлөгөн эштек, мая, сиу, кечуа ж.б.уруулар Америка (Терең) континентине мындан 40-50 миң жыл мурда Азия материгинен Беринг (Кошок) кысыгы аркылуу өткөн экен да, алар адегенде тиги жаңы жердин мелүүн алкактарында турган же, мындайча айтканда, эзелки кыргыздар сыяктуу мелүүн алкактарды мекендеген. Илгерки кыргыз тилинде сүйлөгөн бул тайпалар кийин бүтүндөй Америкага так ушул жерден тараган. Мына ушул эзелки кыргыз урууларынын Тереңге ооп кетиши жайындагы аңыз да атадан балага санжыра иретинде айтыла келе, кийин өлбөс-өчпөс эпосубузга “Бири кетти Тереңге” деген бир ооз гана сөз менен кирген. Ойлоп отурсаң, бул кайсы гана кыргыз баласы болбосун жүрөгүн алоолонтуп, кан-жанын толкутаар керемет го. Америка индээцтеринин арасында айрым окумуштуулар байыркы эл деп эсептеп жүргөн бир да египет же грек, кытай же индия тилинде сүйлөгөн уруу жок, а өткөн замандарда өзүбүздүн тилде сүйлөгөн уруулардын калдыктары бар. Так ушунун өзү - Кара Кыргыздардын эң байыркы эл экендигин дагы бир ирет тастыктап тургандай!

  Орус телебаяндамачылары алиги Мексикадагы атактуу стадиондун атын “Ацтек” деп эле айта берет, а чындыгында ошол стадион тигил элде “Эштек” деп аталат экен! Тээ эң байыркы доорлордо Америкага көчкөн эштектер, тарыхчылардын айтымында, өтө баатыр эл болгон тура! Алиги Мехикодогу стадион да ушул каарман элдин урматына “Эштек” деп аталып калыптыр! Бул, эң байыркы Кара Кыргыздардын, эзелки түрк тилин дүйнөгө алып келген эң илгерки элдин улуулугу го! Ие, Улуулугу!!!

  Энди, тиги “Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына” токтоло кетейин. “Шицзи” жылнаамасында жанагы “Гэгун” деген кандыктын аты ошо б.э.ч. 207- жылкы Модэ (Манас) окуяларына байланыштуу эскерилген жери бар. Бул журт, азыр эле мен айткандай, кытай тарыхынын өзүндө “хагас” (кыргыз) деп аталган. Элбашыбыздын алиги “Указы” да ушуга байланыштуу чыгып атса керек. Менин байкашымча, биз Чоң Чындыкка ар дайым кечигип жетип атат окшойбуз. Кечээ эле “Манастын 1000 жылдыгына карата Указ” чыкканда мен: “Тарыхый Манаска 2200, а эпоско 2000 жыл болду” деп, жогору жакка он жолу кат жолдодум эле. Анын баарын мезгилдик басма сөзгө да жарыялап ийгем. Тилекке каршы, ошол кездеги береги аракетимен эч жыйынтык чыкпай калган... А эми болсо “2200 жылдык” көтөрүлүп атыптыр. Бул - жакшы! Мага жагат! Ысык үмүт! Теңирим өмүр берсе, Жаратканым жалгаса, келечекте, “7000 жылдыкка” да барып каларбыз! Ие, ошентээрбиз.

 - Дагы бир көңүл ирээнжиткен нерсе бар. Кыргыз мектептериндеги башталгыч класстар үчүн жаңы жазылган “Кыргыз тарыхы” китебинде: “Сактар иран тилинде сүйлөгөн эл болгон” деп жүрөт, буга не дейсиз?

  - Ал тарыхтагы эң эски түшүнүк. Жеке гана сактар эмес, сактардын “дай”, “массагет” ж.б.  уруулары да айрым эски китептерде, энциклопедияларда иран уруусу деп айтыла келген. Анда тарых илиминин жеткен чеги ошол болучу. Бирок, алардын эбак эле төгүнгө учурап, берегилердин түрк тилдеш тайпалар болгондугу туурасындагы ойлор илимий чөйрөдө үстөккө-босток айтыла баштаганы качан?! “Биздин илимдеги эң чоң трагедия,-деп жазган экен өз учурунда Л.Н.Гумилев, - Мурда кайсыл бир тарыхчы тарабынан болжол иретинде айтылып, бирок ошол болжолдон кийин башка окумуштуулар тарабынан чындык катары кабыл алынгандыгында”. Туптуура! Алиги “сак - иран уруусу”, “дай - иран уруусу” деген калпыс түшүнүктөр да тарых илимине мына ушундай жолдор менен келген.

  “Тарыхтын атасы” Геродот скиф тилин да, перс тилин да билген эмес экен. Антсе да,  анын бу жагдайда “эки балдагы” болгон. Бири - скиф падышасы Ариапифтин сарайында кызмат кылган Тимн деген грек, экинчиси - ирандагы “атактуу жети перстин” бири Мегабыздын чөбүрөсү, жанагы перс-грек согушунда өз элине чыккынчылык кылып, гректерге өтүп кеткен Эспир деген окумал ак сөөк перс. Геродотко даңазалуу скифтер жөнүндө айтып бергендер, негизинен ушул экөө. Биринчиси, Геродотко скифтердин каада-салты, тамак-ашы, айрым уруулары ж.б.тууралуу айтса, Зопир алиги Дарийдин скифтерге кылган чапкынынын башынан аягына дейре баяндап берген. Ошондуктан, Геродоттун китебинде скиф уруулары менен элбашыларынын ысымдары кайсы бир сырткы белгиси болгон грекче же персче берилип отурат. Мисалы, скифтердин бир уруусу грекче “меланхлен” (кара чапандар), экинчиси “аргипей” (ак аттуулар же күлүк аттуулар), үчүнчүсү аримаспы (жалгыз көздүүлөр), төртүнчүсү персче “паралат) (башчы кылып коюлган) ж.б.деп атала берген. Скиф урууларынын түп аталарынын биринин аты Колоксай перстердин “Схолахшайя” (“скол” тайпасынын падышасы) деген сөздөн келип чыккан. Тек, айрым скиф кудайларынын аттары да персче - Гойтосир (күчтүү, мал-мүлккө бай), Аргимпаса (малдын сактоочусу), Аз - Деңиздин аты грекче “Меотида” (деңиздин энеси). Бирок, бул - скифтердин этникалык жактан грек же перс экендигин билдирбейт го?!

 Айтмакчы, Ассирия  деген өлкө аты перстердин “ашшура”, Армения перстердин “армина”, Мидия падышасы Астиагдын аты перстердин “иштувегу”, гректер “сириялык” деген эл аты перстердин “катпатука” (“Каппаокия” деген өлкө аты ушундан келип чыгат) деген сөзүнөн. Ошондо, тигил элдер  да этникалык жактан перс болуп чыгабы?  Андай болбойт го! Берегилер, тек гана персче аталып калган эл аттары. А чындыгында тигилер этникалык жактан перстерге кайнаса каны кошулбаган ар башка, өз алдынча элдер го! Ушул жерден атактуу тарыхчы Поилендин сөзүн да эскерте кетели: “Алиги он алты сатрапияга кирген уруулардын аттарынын баары персче, а акыйкатта, алардын өз эне тилинде өз аттары бар эмеспи!”.

  Скифтер да так ошондой өз алдынча эл болгон. Ал Геродоттун өзүндө бадырайып жазылып турат. Анын айтымында “скифтер тиги перстерден таптакыр башка эл!” Тилекке каршы, осетин окумуштуусу В.Абаев жанагы скиф урууларынын жана элбашыларынын алигидей персче аттарына таянып алып, аларды (скифтерди) “перс тилдеш эл” деп далилдөөгө чейин барган. Анын бул оюна бир топ окумуштуулар да кошулуп кеткен. Натыйжада, ушул калпыс ой акырындан жүрүп отуруп, ар кандай окуу куралдарына, энциклопедияларга ж.б. кирип кетүүгө үлгүргөн. Мен андай сандырактаган “далилдөөлөрдүн баарын “Кара Кыргызымдын” экинчи томунда толук бойдон төгүнгө чыгардым.

  Ушу туштан өтө баса белгилей кетчү нерсе, скиф уруулары менен жолбашчыларынын, кудайлары менен жер-суу аттарынын баар эле грекче же персче коюлуп калган эмес, түп нускасына өтө чукул берилген учурлары бир топ. Айталып, Угус - Окс

(азыркы Аму-Дарыя), Баба - Папай, Апа - Апи, сармат - сарматаэ же савромат, кемерчи (кемер жасаган эл) - киммерий, Туран - Турой, бороон - борей, Аккансай - Эксампей, өктөмүш - Октамасад, будун - будин, кара - кала, Көкө-Кыргыз (азыркы Колончак суусу) - Гипакирис, тоолук (товлук) - тавры, Эсил - Скил, Тана - Танаис, Кыргыз ( азыркы Дон суусу) - Гиргис же Сиргис ж.б.болуп кетет. Мына ушунун өзү береги скифтердин байыркы кыргыз тилинде сүйлөгөн эл экендигин кыйкырып атат го!

  Скифтер менен перстердин эки башка эл экендигин алардын сыйынган кудайлары да айгинелеп турат. Геродотто “Скифттер асманга (Көкө Теңирге) сыйынат”. Теңирден кийинки кудайларынын аттары Папай, Апи ж.б.лар, а перстер Ахурамазда (акылдуу эге), Митра (күн кудайы) аттуу кудайларга табынат. Демек, алар эки башка диндеги эл болгон.

  Береги эки элдин каада-салттары да ар башка. Байыркы перстерде өз карындашын катын кылуу салты болсо, илгерки скиф-гунндарда андай балит салт болгон эмес, өз карындашына тийген айбанды алар ташбараңга алып, жанчып өлтүргөн. Атактуу элбашчысы же баатыр дүйнөдөн кайтканда скиф-гунндар күмбөзгө анын баардык курал-жарактарын, атын, урунган идиштерин, жакшы көргөн аялын ж.б. коюп, мүрзөнүн үстүнө бийиктигин кырк-элүү кез келген бийик топурак үйсө, перстерде мындай салт таптакыр эле жок. Кирге арналып Пасаргада салынган эстелик мүрзө-жайдын бийиктиги он кезге жетпейт, асты жагына тепкичтенген таш төшөлүп, үстүнө чакан күркө салынган. Болгону ошо. “Авестага” караганда перстер уй менен итти ыйык санаса, скиф-гунндар бөрү менен бугуну ыйык туткан. Мына ушунун өзү перстердин отурукташкан журт экендигин, а скиф-гунндардын көчмөн өмүр сүрүп, малчылык жана аңчылык менен кесип кылган эл экендигин билдирип турат... Кыскасы, булар тили, дини, каада-салты, тиричилиги жагынан эки башка эл эле да, алар Азиядагы биринчилик үчүн ар дайым тирешип келген. Эгерде, тарыхый сак-скифтер перс тилдеш эл болгондо, анда алардын түбү береги перстер менен бир болуп чыкпайт беле да, жортуулдап келген Кир менен Дарийге согушсуз эле багынып бербейт беле?! Жок, андай болбоду. Сак-скифтер өз өлкөсүнө мол аскер менен жортуулдап кирип келген Кирин да, Дарийин да сойду! Акыры жыйынтыкты Улуу Манас чыгарды. Б.э.ч.

177-76-жылдарда Индиядан тиги Жер-Ортолук деңизине дейре чоң чапкын кылды да, Персияны катуу талкалады. Ушундан кийин “кызылбаштар” түрк өлкөсүнүн чегине 700 жыл бою жолой албай калды!

  - Бу “сак” деген эл аты кайдан келип чыккан?

  - Ал асмандан түшкөн эмес, жоктон бар болбогон, өзүбүздүн эле “сак” же “сакчы” деген түшүнүктөрдөн пайда болгон. Тээ байыркы замандарда Оңкары империясы башка өлкөлөр менен чектешкен жерлерде жайгашкан өз урууларын “сак” (сакчы) деп атаган жери бар. Айталык, мындай атка престер менен чектешкен аймактардагы катаган, тейит, абат, саяк ж.б. уруулар эгедер болгон. Түштүк-чыгышы Индияга түштүк-батыш тээ Мисирге чейинки аралыктарга дейре жортуул кылган мына ушулар го. Анткени, булар тиги чет элдиктерге чукул турган. “Сак” деген тайпа атынын тигил жат элдерге жайылып кетишине да так ушулар себепчи болгон. Андыктан, берегилер грек менен перс жазмаларына “амургга сака”, “даи, сака”, “апари сака”, “сака” ж.б. болуп түшүп отурган. Бул жоокер уруулар алиги журттарга таптакыр эле ырайымсыз болгондуктан түрк чек арасындагы “сак” тайпалары тигил элдердин тилинде “саха” деп айтылып, ал “ит” деген мааниге ээ болуп кеткен. Ушундан улам, биздин элдин эң байыркы Ак уул, Кызыл уул, Куу уул деген саясий-согуштук топторун перстер кийин “сака хаумавартга”, “сака тиграхауда”, “сака парадарайа” деп атап кеткен.

  “Учурунда айтпаса сөздүн атасы өлөт” дейт, айталы, айрым окумуштуулар “сактар Дарийге көз каранды болуп, каспийлер менен бирге тигиге салык төлөгөн” деген пикирде жүрөт. Ушундай эле ойду “Кыргыз ССРинин  тарыхынын” биринчи томунан да окуйбуз. Бул өтө калпыс пикир. Дарийге бүтүндөй сактар эмес, алардын чекара аймактарында турган “дай сактар” гана убактысынча караса керек, не дегенде, ушул сактардын бир тармагы кийин биротоло перстешип кеткен да, Ак-Деңиздин (Каспийдин) түштүк-чыгыш тараптарындагы тоолордо тиричилик кылып калган. Жанагы “Даи-иран уруусу” деген мына ушундан калса керек.  Түрк заманындагы атактуу Бахрам так ушул топтон чыккан эмеспи! А бүтүндөй сак-скифтерди каратуу Дарийдин түшүнө да кирбесе керек. Туранда Кан Кошойдон, Кырым Ордодо Кан Көкбөрүдөн катуу жеңилип, түрк өлкөсүнө жолой албай жүрсө, кайда-ан?! А мүмкүн, береги маалыматты Дарий мактаныч иретинде кийинки муундар үчүн жөн эле жаздырып коюшу да мүмкүн го? Кытайлык санжырачылар сыяктуу булар да өз санжыраларында орусту, иранды, урумду ж.б. кытайга салык төлөгөн букара эл кылып алган эмеспи?! “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей.

  Алиги скифтердин эң батыш чегинде, Дунайдын түндүк тарабындагы Фракия менен чектешкен жерлерде турган “агафирс” (сакафирс) уруусунун түп нускасындагы өз аты “сак бөрү”. Бул ат башка тилге өткөндө гана жогорудагыдай түргө келип калган. Мына ушул “сак бөрү” уруусунун эгеси Геродот тарыхына Спаргапиф (Жорук бий) деген ат менен түшкөн. Бул бийдин ээлиги ошо заманда Чоң-Танадан алиги Желпинишке (Панонияга) чейин жеткен да, ал эге скиф жеринин бүтүндөй батыш чегине сакчылык кылган, андыктан мунун “бөрү” деген уруусунун атына “сак” деген сөз кошулуп айтылган.

  Биз көп учурда өзүбүздүн эң байыркы бабаларыбыз сүйлөгөн улуу тилге анча маани бербей келебиз. Теңдешсиз тарыхыбыздын карарга көзү өзүбүздүн тилде жатат го! Тээ илгерки ата-бабаларыбыз алдынан чыккан жолоочудан “кай сактан келатасың, айланайын?” деп сурачу экен. Ошондо тиги “баланча жактан, ата” деп жооп берген го. Көрдүңбү, “кай сактан?!” Кантсе да, биз ушу тарыхый эң кымбат сөздү кийин көп урунбай кеттик. Бул өтө кундуу сөздү бузуп “кайсыяктан?”, “кайжактан?” деп ботколой беребиз. А чындыгында, береги сөздүн баарынын түпкү теги “кай сактан?”

 Менин бардык изилдөөлөрүмө караганда, илгерки Сак Сакай (Полиендеги Саксафера) баатыр адегенде “сак аскердин” (сакчы колдун) башчысы болгон да, ушундан улам анын Сакай деген атына “сак” деген титул сөз алынып айтылып калган. Кийин ал эрен байыркы кыргыздар арасында биротоло Сак Сакай атка конуп кеткен.

  - Мына сиз, Орозобек ава, кыргыз элине ушуга дейре бир да окумуштуу таппаган бабабыз Манастын кытай санжыраларындагы тарыхын таап бердиңиз. Муну “Кара Кыргыздын” биринчи томун окугандар айныксыз да түшүнүшөт. Дүйнөлүк тарыхка бир жерден эмес жети жерден (хунн-гунн, сак-скиф, түрк) түзөтүү-тактоо киргиздиңиз. Сиз жазуучу катары да, тарыхчы-манасизилдөөчү катары да башкалардан аттын кашкасындай бөлүнүп, абдан катуу айырмаланып турасыз. Мунун сыры эмнеде? Тигилерден айырмаңыз  кайсы?

  - өзү дурус жазуучу болбосо да, Жазуучулар союзунун билетин чөнтөгүнө салып жүргөндөр толтура. Адамзат тагдырына таасир эте турган анча ачылыш жасабаса деле илимдин кандидаты, доктору, профессору, ар кандай академиктери болуп алгандар да көп. А.Орозобек Айтымбет бу дүйнөдө бирөө гана! Менин тигилерден бар болгон айырмам ушул. Сырым да ушул.

  - Маектешкениңизге ырахмат, ага!

 

Маектешкен

Айдарбек Сарманбетов, жазуучу-журналист

   

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...