Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Тарых карыткан кара кыргыз

 Белгилүү жазуучу,манасизилдөөчү-тарыхчы Орозобек Айтымбет менен маек

- Орозбек ага, 2003-жыл - Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы деп жарыяланды. Тарыхчы катары сиздин оюңузду билсекң?
- Эң байыркы кыргыз элинин алгач ирет мамлекет түзүшү мындан 7000 жылдай мурда болгон. 2200 жыл делгени Улуу Манастын батышы Жер Ортолук деңизинен чыгышы Сары-Деңизге чейинки өлкөлөрдү каратып алып, зор империя курган заманы го!
“Сак” (скиф) тайпаларын-деп, жазган экен байыркы дүйнөнүн атактуу тарыхчысы Помпей-Трог,- биз жер жүзүндөгү эң байыркы жана өтө күчтүү эл деп эсептейбиз. Көптөн бери египеттиктер менен скифтердин кимиси мурда жаралган деген талаш маселе өкүм сүрүп келген. Бул жагдайда биз скифтерди тигилерден мурдагы эл деп билебиз. Мөөрөй ошолордуку!”. Мына ушундай эле ойду өз заманында байыркы дүйнөнүн улуу тарыхчылары Аристей, Диодор, Павел Оросий ж.б. айтып өткөн. А илгерки египеттиктердин эң алгачкы мамлекет башчысы фараон Менес (Мине) б.э.ч.
4 миңинчи жылдыктын башталышында же мындан 6000 жыл мурда падышалык кылган. Демек, скифтер хунну-гунну береги мисирликтерден миң эле жыл мурда өз мамлекетин негиздегенде ага бери болгондо 7000 жыл болот! А сак-скифтер менен хунну-гунндардын бир эле экендигин өзүмдүн “Кара Кыргызымдын” алгачкы эки томдугунда майын чыгара далилдеп бергемин.
- Эми алиги империя тууралуу айта кетиңиз?
- Эң алгачкы Угус хан (көп уруунун каны) мындан 8000 миң жыл мурда өмүр сүргөн. Бул биздин жыл санак башталган кез. А качан гана ошол уруулар кыркка жетип, булар кырк кандыкты кучагына алган чоң мамлекетти түзгөн учур мындан 7000 жыл мурдагы мезгилге барып такалат. Ал эми алардын батыш менен чыгышка кол созуп, зор империя курган кези 6000-5000 жылдыктар арасында болуп өткөн. Ушул миң жылдыкта Сыр боюндагы Кеңгерден оогон бир тайпабыз Алдыңкы Азияга кирип барып, Масейилди (Месопотамия) ээлеп, дүйнөлүк тарыхтагы аты чуулуу Шумер деген өлкөнү негиздесе, экинчи тобу Кичи Азиянын батыш жагына келип даңазалуу Туран (Трой) чебин салып туруп калган. А үчүнчү эң ири тобу ушул эле мезгилде Эдилден өтүп, Чоң Танага (Дунайга) чейинки кең аймактарды ээлеп, абдан чоң ордого айланган. Бул тайпа эзелки тайып (грек) жазмаларына адегенде “кентавр” (ат киши), мындан соң “амазонка”, анан скиф деген наам менен түшкөн. Дүйнө калктарына ат минип согушууну үйрөткөн эл биздин байыркы жоокер бабалар го! Булардын чыгыштагы тармагы илгерки кытай тарыхына Шаньжун, Хяньюн, Хуньюй ж.б. деген аттар менен түшөт. Жанагы байыркы Кытайдын эң алгачкы Сары императору (б.э.ч. XXVII к.) менен жоолашып жүргөн эрендер так ошолор го! Кытайдын эң алгачкы санжырасы “Шицзинин” өзүндө Хяньюн менен Хуньюй уруулары Хунну-Гунндардын түп атасы катары каралат! А бул байыркы кыргыздардын Оңкарылары эле. Ушул эле эл IV-V кылымдарда Сереп (Европа) журттарына “онн”, “унн”, “гунн” деген аттар менен таанылган. А тиги Шанжуну (тоолук солдор) ушул эле баатыр кыргыздардын Солкарысы болучу!
Батыш тээ Чоң-Танадан башталып, чыгыш Сары-Деңизден бүткөн Оңкары империясынын каруу-күчкө толо баштаган кези б.э.ч. 4000-3000 жылдыктар. Ар кайсы элдерден салык алынып, кулдар пайда боло баштаган кез б.э.ч. 3000-1000 жылдыктар Оңкары империясынын өрлөө доору! Аларды тегерегиндеги башка өлкөлөрдүн баардыгы тааныган, көпчүлүгү чабылган учур. Оңкары империясынын каруу-күчкө толуп-ташыган, өзүнүн гүлдөө дооруна жеткен мезгили! Кан Кошойдун колу жетпеген жерге Улуу Манастын кол жеткен. Тыянагында, батышы тээ Жер Ортолук деңизи менен Чоң-Танадан башталып, чыгышы Тынч байкөлүнүн (океанынын) бүткөн улуу империя дүйнөгө келген!
- Эми гунндардын кыргыз экенине токтоло кетсеңиз?
- Бу жөнүндө көп эле айттым, дагы айтайын. Кийинки кыргыздар мурдагы гунндардын тукумдары экендигин Серептеги ар кайсы элдер ар кандай учурларда билди. Муну эң алгач ирет аңдаган француздар, андан соң аллемандар (германдар), кийин венгерлер болду. Сереп өлкөлөрүнүн ичинен тарыхый гунндардын кыргыз экенин тайманбай айткан француз окумуштуусу жана акыны Пьер Жан Беранже (1780-1857) эле! Анын атактуу “Кыргыз ыры” биздин мезгилдин басма сөздөрдө да жарык көргөн. “Кара Кыргызымдын” экинчи томунда да бар. Ал ушул кыргыздарды “Адил уулу” деп жар салат!
XVII-XVIII к. Кытайга саякаттап барган франк миссионерлери кытай архивдеринен хунн-гунндар туурасында жазылган эски санжыраларды которуп ала кеткен да, ошол тарыхый маалыматтардын негизинде атактуу франк окумуштуу-тарыхчысы Дегиң үч томдук эмгек жазган. Ушундан кийин азиялык баатыр эл хунн-гунндарга болгон Серептеги кызыгуу абдан күчөгөн. Кийинчерээк, франк миссионерлери ошол эле кытай архивдеринен илгерки кытай сүрөтчүлөрү тарткан хунн-гунндардын эзелки айрым сүрөттөрүнүн көчүрмөлөрүн, кийим-кечелеринин үлгүлөрүн алдырган. Бул
кийимдер, сүрөттөгү гунндар V к. орто ченинде Францияны биротоло талкандап кете жаздаган Адил гунндарына өтө окшош болгон. Ошондо, тиги сүрөттөгү гунндар, алардын кийим-кечелери Азиядагы кайсы элдин кийим-кечесине, кебете-кешпирине дал келерин биле албай Сереп окумуштууларынын башы каткан.
Мына ошол табышмактын жообу 1813-ж.гана же Парижге чабуул койгон орус аскери келгенден кийин белгилүү болгон. Баарыга дайын, падышалык Россия 1812-жылкы чоң согуш болоордун алдында өз букара элдеринен аскер топтогон. Жоокерлер калмактардан да алынган. А алардын арасында бая 1703-жылы калмак Коңтайшысы Абаканга барып, көчүрүп кеткен 3000 түтүн кыргыз да бар эле. Цинь мобу Жунгариядагы калмактарды чапканда булар да тигилер менен кошо сүрүлүп, Эдилден ары кеткен болучу... Ошондо, калмак чоңдору кол ийрисине тартат кылып, өз ичиндеги ошол кыргыздарды топтоп туруп, согушка сала берген. Аларга өзүлөрүнүн Жөжө (орус жазмаларында Чуче) ноену башчылык кылган. Бородино салгылашында өлбөс-өчпөс эрдик көрсөткөн атчандар ушулар го! Кийин, ушул эр жүрөк жоокерлер орустун авангарддык атчан аскеринин алдыңкы катарында даңазалуу Парижге биринчи кирген эмеспи!
Так ушул атчандарды көргөндө француз тарыхчы-билерманы баягы тарыхый гунндарды дароо тааныган! Ушул кыргыздар тиги эзелки гунндар сыяктуу Парижге “Кыргыздап!” ураан салып, “Ур! Ур! Сок! Чап! Сай! өлтүр! деген ызы-чуу менен кирген. А бул сөздөр Адил аскеринин да урааны эле!
Ток этер жерин айтканда, байыркы гунндар эзелки кыргыздар экендигин Пьер Жан Беранжеден кийин дагы далай окумуштуу тарыхчылары айткан. Бири аларды жоокердик кийиминен тааныса, бири тилинен, дагы бири баатырдыгынан тааныган!
Бул жерде айтайын дегеним, эзелки гунндардын эң байыркы кыргыздар экендигинде эч кандай талаш жок, ал эски кытай санжырасынын өзүндө жазылып турат го! “Тан тарыхындагы” кыргыздар туурасындагы тарыхый маалыматта: “Хагастар (кыргыздар) - бул эң эзелки Гяньгун мамлекети. Алар хунндардын (гунндардын) батыш чектерин түзгөн” деп жазылган. Бир эле мезгилде ушул Оңкары мамлекетинин батышындагы кандай кытай тарыхнаамасында Гяньгун, а түндүгүндөгүсү Гэгун деп да атала берген. Буердеги “Ге”, “Гяьнь” дегендери Кем/ин/ деген дарыянын атын туюнткан. Кемин дарыялары Солкары жеринде да, өзүбүздө да бар. Ошондо, тиги сөздөр “Кемдик гунндар” же “Кемин дарыясынын боюндагы гунндар” деген гана түшүнүктү туюнтуп калган!
- Андай болсо, жакында радиодон бир окумуштуунун: “Кыргыздарды хунндар чаап алган” деген сөзүн уктум, муну кандай түшүнөбүз?
- Сандырактык! Алтай, миңөзөн, төбөй, сака кыргыздары эзелки кытай санжырасында Гэгун деп аталган да, азыркы Чоң Алтайдан тиги Байкөлгө чейинки аймактарды жердеген. А Оңкары кыргыздарынын батыш тарабы Гянгун деп аталып Таластан (Алтайдан) Ала-Тоого чейинки жерлерди мекендеген. А Таласта Оңкары кыргыздарынын Улук же Борбордук Ордосу жайгашып, булар ал заманда илгерки кытай жазмаларында адегенде “хунн” аталган. А бирок да, кийин кытайлар хунндарга көбүрөөк каттап, бара-бара гунн менен хунндардын тили, тиричилиги, жоокердик салты, үй мүлкүнүн түрлөрү бирдей экендиги аныкталган соң береги “хунндарды” илгерки кытай тарыхчылары “гунн” деген атка көчүргөн. Тек гана, алар турган жерине карата бири Гэгунь, экинчиси Гяньгун, үчүнчүсү “Бэйгун” (түндүгүндөгү гунндар), төртүнчүсү Кангун (түштүк гунндар же бизче көзкамандар), бешинчиси Гунн аталып келе берген. Булар Таластагы Улук Ордого баш ийип, бир өлкөнү түзгөн. А бирок да, Түмөн Чоңбий б.э.ч. 210-ж. башкы Кытай аскербашчысы Молто кандан (Мыньтяндан) чабылып, Ордос менен Ала-Тоодон (Иншандан) айрылып, Каңгайга сүрүлгөн соң, кытайлардан тиги жерлерди кайра тартып алуунун ордуна бир сулуу токолунан колу бошобой жата бергенден кийин Солкары кыргыздары (Гэгундан) буга катуу нааразы болуп, Чоңбийден кол үзгөн. Ага мурдагы өз ара таарынычтар да түрткү берген. Ошондо, улуу өлкөнүн бытырап баратканын көргөн Манас атасын өлтүрүп, такка келген да, Солкары кыргыздарына элчи жиберип, ага-туугандык жана боордоштук жол менен аларды кайра өз өлкөсүнө кошуп алган. Бу жагдайындагы кытай санжырасын келтирели: “Кийинчерээк алар түндүктө Хуньюй, Кюэше, Динлин, Гэгун, Цайли ээликтерин баш ийдирди (покорили), андыктан тигил ээликтердин эгелери менен билермандары Мода Шаньюйга (Манас Чоңбийге) моюн сунуп (повиновались), аны эң акылман деп тааныды (Эскертүү: “Китайское слово Хянь, мудрый, заключает в себе значение слов: способнейший, образованнейший и добродетельнейший). /Б., 1., 50-б./.
Бул жерде талкалады (разгромили) же кырып-койду (истребили же уничтожили) деген түшүнүктөрдүн жыты да жок го?! Эгерде, Манас Солкары кыргыздарын кызыл-кыргынга учуратып, чаап алса, аны тигил журттардын эгелери эч качан акылман (хянь - акылман, эң жөндөмдүү, эң билимдүү, эң ак көңүл же жакшылыгы колунан куюлуп турган) деп тааныбас эле.
... Тиги тарыхый маалыматка караганда Солкары кыргыздарыны беш кандыгын Улуу Манас бабабыз ашкан дипломатиялык, акылмандык жана ага-туугандык жол мененгана эпке келтирген да, кайра Улук Ордого кошуп алган.
Кийин ушул эле Солкары кыргыздары Манас Чоңбийдин аскери менен бирге анын Бээжинге кылган атактуу Чоң чапкынына катышкан!
Айдарбек иним, жанагы “кыргыздарды хунндар чаап алган” деп тантырап жүргөн окумуштууга айтып кой, орус жазмаларындагы тарыхай маалыматтарды окуганда чала түшүнбөй, маанисине карата түшүнүп жүрсүн.


Маектешкен
Айдарбек Сарманбетов

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...