Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Токомду толук билбейбиз

 

же “Тоо булбулу” Токтогул Сатылгановдун адамдык,

акындык жана саясий портретине штрихтер

 

Сулайман Рысбаев

 

Т.Сатылгановдун Анжиян

көтөрүлүшү менен байланышы болгонбу?

 

  Азыркы күндө кыргыз тарыхы инсантаануу багытында алгылыктуу көп иштерди аткарды. Кечээки Кеңеш учурунда саясий айып тагылып, адамдык аброюна, кылган ишине кара боек сүртүлгөн, атын атоодон чочулаган көптөгөн улуу инсандарыбыздын ысмы калыбына келтирилип, элибизде не деген чыгаан адамдарыбыз эл деп жашап, эл деп өмүр сүрүп келгенин бүгүн сыймык менен атап, бейдарек өмүр таржымалын толуктоо иши жүрүп жатат. Акылман Акелердин, олуя атанган Калыгулдун, Арстанбек, Молдо Кылычтын, баатыр Байтик менен Шабдандын, Хан Ормондун ж.б. өмүрү, эл ичинде өрнөк болор көптөгөн улууларыбыздын эстелик, айкелдерин куруп, кайрадан өз элине коштук.

  Инсантаануу иш-аракети ушуну менен эле бүтпөйт, анткени, ал ар нерсени өз аты менен атоо, ар кимге өз нарк-насилине жараша ийне-жибине чейин түз баасын берүү дагы эле улана берери шексиз. Анткени, ошол Кеңеш кезегинин алгач жылдарында бирөөнүн жүзүнө ылгый “кара боек”, а бирөөнү даңктап ылгый “кызыл боек” сүртүп, түз сызыктуу коммунисттик жасалма өмүр баянын жазып, идеализацияланганы да ырас. Мына ошондой тагдырга туш болгон улуу инсандарыбыздын бири - тирүү кезинде эле “тоо булбулу”, “кыргыздын элдик демократ акыны” дегендей эң жогорку баасын алган бул адамдын дагы да эмне арманы болду экен? Тарыхтан өз ордун ээлегени качан? Жазылбай актай калган дагы да эмне өмүрү калды экен? Ушундай дечү окурмандар үчүн Токомдун өмүр таржымалынын айрым саясат үчүн бурмаланып, же кезегинде такталбагандыктан оош-кыйыштан жазбай алиге туура эмес маалымат берилген бойдон жүргөн учурлары туурасында айтып коюу кезеги келди деп ойлойбуз.

  Токомдун өмүр баянындагы бир катар так эместиктер, саясий бурмалоолор да бар экендиги эгемендик жылдарынын алгачкы күндөрүндө эле айтылып, атайын изилдөө макалалары жазылып баштаган.  Андан бери бир катар изилдөөлөр жүргүзүлүп жатса да андай сөздөр кулактын кыйырынан өтүп, көздүн жаздымында калып келатат (Мисалы, К.Молдокасымов “Акындын абак жылдары” ж.б.) Акын Токтогул Сатылганов туурасында улам кийинки муундарга туура, так маалымат берүүнүн мааниси эбегейсиз. Анын башаты эле мектеп окуу китептери экени талашсыз. Азыр ача калсаңыз эле Токомдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу жазмалар баягы СССР кезиндеги саясий көз караштагы түз сызыктуу таржымалдоолордон жазма бурмалоолордон алыс эмес, аны кайталаган коендой окшош коммунисттик сапаттоолорду окуйбуз.

  Бул бурмалоолор улуу акындын өмүр таржымалынын кайсы урунттуу окуяларына байланыштуу болду экен деген суроо коюлбай койбойт. Алар төмөндөгүлөр:

  1. Акындын 1898-жылкы камалышынын негизги мотиви эмнеде эле? Анын камалышына ким түрткү болгон? Анжиян көтөрүлүшүнүн тиешеси барбы?

  2. Түрмөдөн качан кайтып келген? Кутулуп келгенби же, качып келгенби?

  3. Экинчи ирет кандай шартта камалган?

  4. Түрмөдөн келгенче Тотуя кандай себептен башка короого турмуш куруп кеткен жана кимге?

  5. Дүйнөдөн кайткан так датасы кайсы?

  6. Сейдимкандын Алымканга жасаган мамилеси.

  7. “Алымкан” дастаны ж.б.

  Бул суроолор кандай себептен коюлуп олтурат? Ал мектептин кыргыз адабияты окуу китептеринде жана буга чейинки изилдөө мүнөзүндөгү окумуштуулардын эмгектеринде жана да акындын өмүр баяндары менен коштолгон жыйнактарында, томдуктарында, о.э.тарыхый жаңы булактарда жогорудагы маселелер боюнча бир кылка эместиктер, ар бир жерде ар түрдүүчө берилип келаткандыгында болуп саналат.

  Ушул макаланы жазууга кам уруп жатып, кыргыз эл акындары поэзиянын алды, тоо булбулу (Токтогул) кыргыз адабиятынын демократиялык поэзияга негиз салган (Кыргыз ССРинин тарыхы) Т.Сатылгановдун өмүр жолу бүгүнкү күнгө чейин тактала электигине көзүбүз жеткен соң, башкалары эмне болуп калыптыр деген кыястагы жылмаюу ууртума аргасыз келгенин айтайын. Ошол себептен улуу акындарыбыздын өмүр жолу жөнүндөгү атактуу окумуштуу М.Богданованын, окумуштуу Ж.Таштемировдун, педагогика илимдеринин доктору Н.Имаеванын изилдөөлөрүнүн баасын кемитүү жөнүндө ой жок эле, кайрадан дагы бир ирет тарыхый-филологиялык багыттагы такталган илимий диссертация жазылуусу сөз жок керек экендигине ынандым.

  Андыктан, мен акындын өмүр жолундагы мындай оош-кыйыштуу, так эмес жагдайлар туурасында колума урунган гана фактылардан улам гана сөз жолун баштайын:

 

Биринчи маселе:

Анжиян көтөрүлүшү жана акын

 

  Кайсы гана маалыматты карабайлы: Током 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деген жалган жалаа менен ак жеринен Керимбай болуш каматып жиберип, Сибирге сүргүнгө айдалган делинип берилген экен.

  Чындыгында, акындын Сибирге айдалышына Анжиян көтөрүлүшүнүн тиешеси бар беле?

  1954-жылы “Токтогул” деген ат менен жарык көргөн көлөмдүү ыр жыйнактын баш сөзүндө (2-бас. Кыргыз Мамлекеттик басмасы, Фрунзе -1954) “Керимбай болуш өзүнө карап тартынбай ырдап, элди жеген  “Беш камандын” бири катары мыскылдап ырдап, болушту шайлоодогу уруулук жааттардын тирешүүсүнөн улам, “Токтогулду “жети атанын” уюштуруучусу жана башчысы” деген, ошондон улам элдик акынды “жоготууну, жалаа жаап айыпка жыгууну ойлоду”, ал тургай, “өлтүрүп салууну да ойлобой койгон жок” (15-бет) деп айтылып турат.

  Мына ушул болуштук шайлоо менен Анжиян көтөрүлүшүнүн дал келип калышы Токтогулдун камалышынын тездешине алып келгенин карабайсыңбы. Ошол жерде жазылып турат: Анжиян көтөрүлүшүнүн алдында орус подпоручиги Керимбайдыкына келет. Болуш элди чогултуп, чоң жыйын өткөрөт. Жыйында ансыз да социалдык эзүүдөн азап чегип, кошкабат эзүүдөн эзилген элдин зарын ырга кошуп Токтогул узакка ырдайт. Бул ыр Керимбайга гана эмес, тиги келген подпоручикке да жакпайт, ал Токтогулду “зекип, ачуусу келет”. Көрсө, тиги келген подпоручик Кетментөбө эли да козголоңго даярдык көрүп жатканы, анын башында Шадыбек калпанын тургандыгынан алдын ала маалыматтар болсо керек да, аны басуу аракети менен келсе керек. Ошол себептүү, Шадыбектер куралы болбогондуктан, алгачкы эле жүрүш болгон күнү (алар Анжиянды көздөй козголоңго катышуу үчүн жөнөгөн) колго түшүп беришет. 64 адам кармалып, алардын ичинде акын Токтогул да болот. Китепте дагы мындай деп жазылган: “Токтогул козголоңго катышкан эмес. Шадыбек калпага окшоп, анжияндык Ийикчи эшенге кол берген эмес, чет кабарын укканы болбосо, козголоң даярдалып жатканын толук билген да эмес (16-бет).

  Суроо туулат: Ийикчи эшен дегени ким? Чын эле, Токтогул козголоң жөнүндө уккан эмеспи? Эгер укса, билсе, ал дагы Шадыбек калпа менен бирге  Анжиянды көздөй жөнөйт беле? Же ошону сезишип, ансыз да өчөшүп жүргөн Керимбай, Токтогулду камалчулардын тизмесине жөн гана кошуп бере салдыбы? Балким, акындын камалчулардын тизмесине кошулуусу Керимбайдын мурдагы эле өчү эмес, саясий талаптарды коюп ырдап чыкканынан, ал талаптардан Анжиян көтөрүлүшүнүн чыгуу себептери, алдыга койгон талаптарынын үндөштүгүнөн болуп жүрбөсүн?

  Бул жерде айтылып жаткан: “ал дагы Шадыбек калпага окшоп, анжияндык Ийикчи эшенге кол берген эмес” деп, кол бербесе бербегендир, а мүмкүн Токтогул жергиликтүү байлар бир жагынан эзип, “орус келгиндер элди кысып, жерди тартып алып жатканын жетик ырчы көрүп туруп, эл-жер үчүн деп чыгып жаткан боштондук кыймылына, анын башчысы диний адамдар болсо да, диний мотивде касам ичпесе да, күрөштүн идеясын колдоп, аларга кошулган чыгар, ал тургай элди күрөшкө үндөп, ага элди чакыргандыр?

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...