Башталгыч бет   Заман Башталгыч бет


Түркстандагы мамлекеттүүлүктүн жана  рухтун драмасы

же түрк биримдиги идеясы

 

Советбек Байгазиев

 

Повесть, поэма же роман канчалык көркөм, кооз жазылбасын, эгер анын сюжети менен образдары омоктуу идеяларды, жаркын идеяларды, универсалдуу рухий дөөлөттөрдү, көөнөрбөс нравалык нарктарды, адам пендесин

дайыма коштой жүргөн түбөлүктүү мүнөздөгү көйгөйлүү проблемаларды көтөрүп жүрбөсө, утурумдук мүнөздөгү гана маселелердин ырын ырдап, камчысын чапкан болсо, анда мындай чыгарманын өмүрү кыска болуп калышы мүмкүн. Тилекке жараша, эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын образдары, көркөм структурасы жалпы адамзаада пенделери үчүн салмактуу, кундуу ой уютмалары, көөнөрбөс, моралдык этикалык дөөлөттөр, кыргыз улуту үчүн кымбат, түптүү, уңгулуу руханий-философиялык асыл нарк идеялар менен ашташып, ич жактан чырмалышып байланышып тургандыгы менен бөтөнчөлөнөт.

  “Сынган кылычтын” түндүгүн жогору көтөрүп турган философиялык идеялардын бири - бул эл-жердин биримдиги жөнүндөгү идея. Бул идея “Сынган кылычтын” сюжеттик-образдык структурасынан агып чыккан идеологиялык үлкөн мүлк.

  “Өздөн чыккан жат, өзөктөн чыккан өрттөн” азап чеккен элдик көтөрүлүштүн жетекчиси Исхак хан мындай дейт:

  Жапалак үнү мактанса,

  Жардан чыккан алдым дээр.

  Жаман тууган мактанса,

 Жакшымды буттан чалдым       дээр.

  Илгери ошо жакшысын буттан чалган жамандар, койнунда котур ташы бар, арымы кыска Абыке-Көбөш алты арам сыяктуу майдалар журт башына келгенде “Кулаалы жыйып куш кылган, куранды жыйып журт кылган” улуу Манастын мамлекети кулаган. “Абыке-Көбөш алты арам” - бул Манастын символу, “Абыке-Көбөш алты арам” - граждандык, атуулдук жетилбегендиктин символу, өз улутунун коопсуздугу, келечеги, кызыкчылыктары, башка журттардын алдындагы аброю, өз мамлекетинин ар намысы жөнүндө иши жоктуктун символу. Күнүмдүктүн, кара жемсөө өзүмчүлдүктүн символу. Мына ушул “Абыке-Көбөш - алты арам” фактору XIX кылымда да кыргыз, кыпчак, өзбек элинин ичинде жалпы эле Түркстанда өзүнүн ичтен ириткен ролун активдүү ойноп жатат. Ата журттун боштондугун коргоп, баскынчы генерал Черняевдин армиясын алдынан тосуп, түрк аскери менен колонизатордун колун селдей каптап, чабуулга өтүп бараткан колбашчы, Алымкулду  (Алымкул аталык - алатоолук тарыхый инсан, Борбордук Азиянын чыгаан патриотторунун бири болгон) жаман туугандардын жашыруун айдактоосу менен жанында жүргөн Удайчасынын аңдып туруп, атын өлтүрүп кетиши - бул “Сынган кылычтагы” ошо абыке-көбөшчүлүктүн классикалык үлгүсү. Түндүк тараптан темир тумшук алпкаракуш (падышалык армия) Түркстанга жутунуп, тумшугун салып келатса, тоо-талаадагы мусулман түрк калктарынын өз ара буттан чалышып, чалкасынан салышып (Бухара хандыгы менен Кокон хандыгынын өз ара чабышы, Худаярхан менен Мусулманкулдун согушу, кыпчактардын кырылышы ж.б.), бирин-бири алсыратып жатышканын көрүп Календер кайгырып ырдап турат:

  ... үрөйүң бир, тилиң бир,

үйүт, каадаң, дилиң бир...

эки тууган өзүнчө,

эски душман көзүнчө

чайпалып жүрүп төгүлүп,

чабышып жүрүп сөгүлүп,

тарки кетер элиңдин,

калыс болор эми ким?!.

... ар тайпаңда бирден бек,

 ат үстүндө жүргөн көп,

кеп угушпай ыркырап,

келише албай тынчыраак,

ынтымагың кеттиби,

ыйык чектен өттүбү...

учкан куштай кылактап,

уламдан улам ыраактап,

баарыңан качар ырыс, бак...

  Кыскасы, Төлөгөн Касымбеков Түркстан элдеринин, кыргыз-кыпчактын ич ара да, өз ара да бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымак-биримдигинин жогунан, Фергананын абыке-көбөштөрүнүн айынан, душманга колтук ачкан чыккынчылыктын, саткындыктын кесепетинен (Абдрахман, Ярмат датка, Шамырза датка ж.б.) мусулман эл-журттун кандайча баскынчыларга багынып, мамлекетинен ажырагандыгын көркөм боектун күчү менен кашкайта тарткан. Ой туулат. Глобалдашуунун шарттарында  колунда ядролук куралы бар күчтүү державалар өкүмдүк кылып, геосаясий кызыкчылыктардын оюну жүрүп, замана “устаранын мизинде оодарылып” (Арстанбек) турган азыркы учурда түрк жамааттарынын жалпы ынтымак биримдиги абдан зарыл болуп турат. Бирок, тилекке каршы, Борбордук Азиянын тектеш, боордош журттары бүгүнкү күндө да өткөн тарыхтын сабактарынан таалим алууга маани бербеген сыяктуу. Мындай жагдайга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун төмөндөгүдөй деп тынчсызданганы жөндүү угулат: “Жалпы рухий тамырыбыз туурасында саймедирейбиз, а иш аркылуу... Дагы баягы - чек ара коррупциясы, паракордук, рэкет... Калк какшап, мансапкорлор манчыркайт...

  Аттиң, жаман жагына ооп барабыз: укурукту алыс таштабай, өз көмөчүбүзгө күл тартуу менен алекпиз демекчимин. Артка карай жылгандайбыз. Мен жанагы Европа Союзу учур чакта дүйнөлүк, коомдук цивилизациялык өнүгүүнүн чокусу деп какшап тилим тешилди. Мындай ыңгайдан Эски Дүйнө экинчи мертебе энеден  туулуп, жаңырууда. Бул далил, тууроого үлгү, анын ичинде Орто Азия мамлекеттери үчүн деле сабак.

 Биз канттик?  Өгүнү ынак досум, Ташкендик аалым бизге келүүгө виза алганын сүрөттөп берди: кагазы, убарасы дейт, акча төлөгөнүң андан азап белем. Мен эмкисин Ташкенге барсам, ушунун баки-жогунан өтөт турбаймынбы? Ырас, маселе акчада же документте эмес. Асыресе, алар этникалык эгоизмдин чырагына май тамызбай койбойт. Дүңүнөн ой жүгүрткөндө, менимче, мунуңар тууган журттарды келекелөө. Боекчу, боекчу десе, атасынын сакалын кошо боептур... Баракелде, кайрандарым!” (“Кыргыз Туусу”, 19-август, 2003).

  “Сынган кылычта” бир тамсил жазылат: Ороонун ичинде отурган курбакага бүркүт асманда жылдыз өтө көп десе, анда курбака: “Жалганчы, алдамчы! Жылдыз бирөө эле! Уа-а!” - деп күлүптүр. Кыраан бүркүт шаңшып: “Жаткан жериң ороонун түбү болсо, сага эки жылдыз көрүнмөк беле” - деп, көккө атылып чыгып кеткен экен. Романдагы абыке-көбөштөр, тейитбектер (“Курманбек”) жана катардагы караңгы пенделер курбака шекилдүү өздөрүнүн чектелген “ороолорунун” түбүндө отуруп, өздөрүнүн гана уруусун, тайпасын, өздөрүнүн гана кызыкчылыгынын, жеке жыргалынын “жылдызын” көрүшөт. Бирок, “Сынган кылычта” кууш алкактан чыгып, бүркүтчөсүнөн кең асманга атып чыгып, канатынын алдындагы Түркстан аймагын өз бир боор туурум, учкан уям, Ата конушум деп санап, андагы түркүн уруу, тайпа жамааттарды түбү, теги бир бирдиктүү түрк журту деп эсептеп, ошол жамы журттун биримдигин жана боштондугун көздөп, чечкиндүү күрөшкө аттанган айтылуу Исхактай чыгаан-кеменгер уулдар да бар, Курманжан даткадай акылмандар да бар. Исхак ички жана тышкы жоого каршы аттанган көтөрүлүшчүлөргө кайрылып мындай дейт: “Бизге Ата конуш жер кымбат, ага-тууган эл кымбат. Өз жерибиз үчүн, өз укугубуз үчүн суу кечип, от кечип кармашуубуз гана калды. Биз ат үстүндө жеңип алган боштондугубузду ат үстүндө жүрүп кимден да болсо коргоп калалы”. “Темир тумшук алпкаракуш” өлкөгө тумшугун салып, Ата журт болочогу туманданып турган кезде Курманжан датка жаагын таянып: арты кандай болор экен оруска карап берип тынгандын, өлкөбүз жаттын колуна өтсө, элибиздин эртеңки күнү не болот. Жумшаса кулу, минсе малы болуп кала береби? Дини, дили кандай болот?- деп жалпы Түркстандын тагдыры, тектеш, чектеш мусулман калктардын көйгөйү жөнүндө түнөрө ойлонуп, катуу санаа чегет.

  Исхак менен Курманжан датканын образдары - бул улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүнүн, түрктүк өзүн-өзү аңдап түшүнүүнүн (тюркское самосознание) ойгонушунун символу. Аталган образдар жалпы түрк калктарын өз айланасына бириктирип алардын эркиндиги, баш кошкондугу үчүн күрөшкөн Манас атанын жана “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет” деп насыйкаттаган Бакай атанын улуу рух дөөлөтүнүн соңку урпактарга өчпөй, чырак сыяктуу жанып тургандыгынын жаркын көрүнүшү.

  Жыйынтыктап айтканда, биримдик, бекем ынтымак, тыгыз баш кошкондук улуттун ички түркүгү, түрк жамаатынын өз алдынча аман сакталышынын гаранты, Ата журттун бороон ала алгыс коргон чеби жана урагыс пайдубалы. “Сынган кылычтын” тарыхый-көркөм мисалдар менен бизге туюнтуп турган философиялык сабагы, идеясы, осуяты ушундай. Мындай бүгүнкү күн үчүн зарыл идеология “Сынган кылыч” романын кыргыз үчүн гана эмес, жалпы түрктүк рухий-көркөм кенчтин даражасына көтөрөт.

  “Сынган кылыч” романы тарых, коом, дүйнө, өмүр, тагдыр, рух жөнүндө, тирүүлүктүн, жашоонун мааниси тууралуу олуттуу философиялык ой толгоолорду жаратып, ички дүйнөнү терең козгогондугу менен кызыктуу.

  Барга топук, жокко сабыр кылып жашай билген даанышман карыя Теңирберди айдаган аштыгынын четинде, талаада аялдап отурса, жанына өзүнөн жашыраак, көптөн бери көрүшпөгөн Сарыбай мергенчи бастырып келип, атынан түшүп калат. Ошондо Теңирберди өзүнөн кичүү Сарыбайга мейман катары ызаат көрсөтүп, өзүнүн улуу экенине карабай алдына салынып жүрчү талпагын Сарыбайдын алдына төшөп берип, өзү чөктүшүп как жерге отурат. Келген жолоочу мейманды ушинтип урматтап сыйлоону айныгыс эреже катары карманган илгеркилердин мындай адептүү ырасмы-кадаасы эскирбеген этнопедагогикалык кенч эмеспи. Мындай ата-бабалардын адамкерчиликтүү салтын улантып, колдон чыгарбай XXI кылымга алып өтүү биздин тукумдун милдети го.

  “Сынган кылычтагы” ата-бабалардын өтүп бара жаткан көчтү токтотуп, айран, кымыз жуткуруп, ооп калган жүгүн оңдошуп, көчтү бир топ жерге чейин коштоп, узатып барып кайра кайтуу салты суктантпай койбойт. Ал эми бүгүн биздин өтүп бараткан жолоочуга айраныбызды, кымызыбызды, суубузду сатып акча доолап турганыбыз, соңку тукумдарды цивилизация бир жагынан майдалантып, нравалык жактан жакырлантып баратканыбы? Кыскасы, “Сынган кылыч” окурманды адеп-ахлак, этика багытында көп  нерсе жөнүндө ойлонтот. Жазуучу акыл-ою менен те обого көкөлөп чыгып, жазып, сүрөттөп жаткан объектисине, тарыхкка жана адам тагдырына бийиктен, чокудан талдай карап, олуттуу ой мончокторун окурман алдына тизип салат.

  Бу жарыкчылыкта болуп өткөн кечөөкү тарыхтын корутунду сабагы катары ырдалган, азыркы драмасын ошол өткөн тарыхтын таасын сабактарынын чен-өлчөмүнө салып таразалап айткан, өзөктөн алып, өмүрдүн ченемин, дүйнөнүн баасын ортого таштаган, романдын образдык структурасына табигый сиңирилген Календердин философиялык ой түрмөктөрү, ошону менен катар бу опосуз дүйнөдөгү көрпенденин өмүр-жашоосунун маани-маңызы, жалганы менен чыны, түбөлүктүү көйгөйлөрү жөнүндө каармандардын акыл-ойду буй кылган терең ой толгоолору жана санаркоолору чыгарманын ички масштабын кеңитип, мазмундук зоболосун бийиктетип турат.

 

 

  Эки көзүнөн ажырап, оор кайгыга баткан Сарыбай мергенчи комузун муңдуу чертип, санаага чөгүп отурса, бир кезде Анжиан базарынан уккан Календердин ыры көкүрөгүнүн тереңинен оргуштап чыгып, Сарыбайдын өзүнүн арман-муңу катары комуз күүсү менен кошо төгүлөт:

  Сен, сен дүйнө, сен дүйнө...

  Бир бетине күн тийген,

Бир бетине түн тийген,

Алды кызык, арты өкүнүч

Оомал-төкмөл кем дүйнө...

Пайгамбарды алгансың,

Падышаны алгансың,

Капилет түштөй жалгансың.

Жарыктыкты көргөзгөн

Ууз сүтүн эмизген

Апам кайда, сен дүйнө?!

Алланын атын үйрөткөн,

Атам кайда, сен дүйнө?!

Күлүк минип зуулаткан,

Күндө сыйда куунаткан

Балам кайда, сен дүйнө?!.

  Чын эле кечөөкү улуу тоолордун кокту-колотун, жылга-жыбытын оттой жанып сыдыра караган Сарыбай мергенчинин кара чечекей көзү кана? Неге ал керектен бүгүн кан аралаш жаш куюлат? Бүгүн көргөн эртең жок, ушундай белең дүйнө шок!?

  Кечөөкү азууларын айга жанган Мусулманкул менен Нүзүп кайда? Эмнеге жетишти алар, бу жалганда? Баякы күлүк минип дуулаган, күндө сыйда куунаган Кудаяр хан канакей? Бүгүн анын бузулган коргонунда карга конуп отурат. Мынабу жерде тоголонуп куурап жаткан баштар кимдердики? Ээ дүйнө! Айткандай, азгырык белең алдамчы...

  “Сынган кылычтагы” тарых өтүмүштөрүнүн жана пенде тагдырларынын сабагынан чыккан философиялык ой уютмаларын окуп отуруп бу жарык дүйнөгө жалгыз октой бир келген өмүрүңдү бекерге ысырап кылбай, ар бир мүнөтүңдү үнөмдөп, ар бир күнүңө сарамжал карап маңыздуу, парасаттуу жашагың келет. Бу жарыкчылыкта арзыбаган майда-чайда нерселерге күйпөлөктөбөгөн, чыйпылыктабаган, туталанбаган, “Туулуну, өлүмдү көп көргөн, жыргалды сезип, маңдайы айрылбаган, кууралды сезип мүңкүрөбөгөн, жүз жашап акыл токтоткон карынын оорлугу” (Т.Касымбеков), калбааттыгы, кеменгерлиги керектей, пенде баласына. Же эл мүдөөсүн көздөп, калк таламын талашып, алгыр бүркүттөй шаңшып чыгып, Фергананын асманында ак жылдыздай балбылдап жанган Исхак баатырдай бир жарк этип жок бол, не барга топук, жокко сабыр кылган, терең дарыядай тынч аккан, дүйөнү философчосунан кабылдаган Алмамбет сыяктуу жөнөкөй, жупуну жашай бил да, жашооңду ыксыз татаалдантпа дегиң келет.

  Сөз болуп жаткан бул эпопеяда улутубуздун артыкчылык касиеттери, асыл сапаттары да, о.э.өкүнткөн өксүктөрү, кейиткен кемчил жактары да күзгүдөн чагылгандай көрүнөөгө чыгып турат. Чыгарманын чынчылдыгынын дагы бир жагы ушунда.

  “Сынган кылычта” чагылдырылган тарыхый сюжеттер бизди калкыбыздын кечөөкүсү, өткөнү жана бүгүнкү эгемендүүлүктүн шартындагы орчундуу курч көйгөйлөрү тууралуу ойлонтпой, толгонтпой койбойт.

  Эми ошол эле XIX кылымдагы Орто Азиядагы Фергана өрөөнүнө кайтып келели. “Сынган кылычта” баяндалып көрсөтүлгөн төбө чачты тик тургузуп, оозду ачырган тарыхый окуяларды жана эпизоддорду окуткандан кийин Ферганадагы феодализм жана патриархалдык-көчмөндүк жамаат жеке адам укугу, эркиндиги, өз алдынча инсандык суверенитети деген коом үчүн эң керектүү граждандык дөөлөттөрдөн кыйла эле алыс тургандыгын көрүп бушайман түшөсүң. Мисалы, романдагы Шералынын ак кийизге салып Хан көтөрүлүшү окуясын эле карап көрөлүчү. Бул эмне деген көрүнүш, хан көтөрүү аземинин урматына тирүүлөй бир жаш жигит, күнөөсүз адам баласы ак боз бээ менен тең катар курман чалынып, малча мууздалат.

  Эмесе, Шералы хандын заманынан дагы бир эки мисал. Элеттик шумдардын бири айтылуу Абил бий бийлигинен пайдаланып, Кокон ордосунан келген ханзаада Насирдин бекке миң жылкы, миң дилдеге кошуп, өз айылындагы Сарыбайдын кызы Кундузду чыркыратып ыйлатып туруп, буюмдан бетер тартууга, белекке берип жиберет. Кокон ордосунда жана анын айланасында эч кандай тергөө иши жүргүзүлбөстөн, эч кандай сотсуз эле хандардын, бектердин эрки менен жүздөгөн, миңдеген күнөөсүз адамдардын башы алына берет. Мунун баарын Төлөгөн Касымбеков оюнан чыгарып отурган жок. Ал реалист-художник катары тарыхта болгон чындыктарды таасын тартып көрсөткөн.

  Буларды эмне үчүн айтып жатабыз? Себеп дегенде, бүгүн биз эгемендүүлүктүн шартында адам укугун, инсан эркиндигин кадырлаган, рынок экономикасына негизделген демократиялык, граждандык коомду курууга багыт алып отурабыз. Бул жагынан ишибиз жаңыдан көктөп, бүчүрлөп жатат. Бүгүнкүбүз кечээкиден, эртеңкибиз бүгүнкүдөн өсүп чыгат. Эгерде биздин кечөөкү эле тарыхыбызда жанагыдай бирөөнү хан көтөрүш үчүн тирүүлөй киши садага чабылып, улактай мууздалып, же байгеге сайылып, буюмдан бетер белекке тартууланып жатса, анан кантип эле бүгүнкү күнүбүздө демократия деген нерсе күлүк аттай таскактап, алдыга шыр кете койсун. Кечөөкү кыртышыбыздагы инсан укугун жана эркиндигин анча таназар албаган менталитет биздин этегибизден тартпай коебу. Коомдун гумандашуусу, демократияланышы айрыкча Кыргызстанда узакка созулчу процесс.

  Айтмакчы, идея, идеология дедик. Ушуга байланыштуу бир аз сөз улап көрөлүбү. Тарыхтын жолу тайгак жол, катуу багыт, татаал жол. Бу жолдо ачык күн, жайкалган жашыл өрөөндөр, гүлдүү жайыктар менен катар бороондуу ашуулар, чытырман токойлор, коркунучтуу сормо саздар, борошолуу түндөр, тайгактуу кыялар, тумандуу булуң-буйткалар жана тикендүү жолдор кездешээри мыйзам ченемдүү нерсе. Тарыхтын жолу Н.Г.Чернышевский айткандай, Невск  проспектисинин түптүз кеткен тротуары эмес. Ошон үчүн кыйын-кезеңдүү тарых жолунда калайык-калк туш келди чаржайыт басып, адашып калбай, башалмандыкка кабылбай, туура нукту карманып, биримдикте чогуу кадамдаш үчүн мамлекеттин элге жаркыратып көрсөтөр маягы болуш керек. Жолдо жүрүүнүн жетекке алар эреже-жоболору, сактай турган адеп-ахлак мыйзамдары, бузбай турган, булгабай турган ыйык тумарлары, жолдо тирөөч-жөлөк болчу идеялары, бириктирген идеялары, шыктандырган, козгоп-козуткан ураандары, чакырыктары болушу керек. Мындай болбосо, катуу багыт жолдо көпчүлүктүн, көңкү журттун байланар өзөгү, маңдайда эш тутар жылдызы болбосо, мамлекетиңдин баш-көз болчу маңызы болбой, ал эми калайык-калкың болсо кай жакка барарын билбей, калың туманда чуркурап маараган отор сымалдуу болмок. Мына ошондуктан, улуу Ф.Достоевский “Жетектөөчү жогорку идеясыз жеке адам да, мамлекет да жашай албайт” деп абдан туура айткан.

  Мына ошол эл журтка жол көрсөтөр идея-маяктар, багыт берер жол белгилер, өрнөк болчу, эреже, нормалар, ыйык тутар, сыйынар асылнарктар, жетектөөчү идеялар, таянар ой уютмалары коомдун идеологиясы болуп эсептелет.

  “Сынган кылыч” романынын каармандарынын сыйынган асылнарктары, өзөк катары карманган, тутунган жоболору, жетекке алган жогорку идеялары эмне? Алар үчүн, биринчи иретте эмне ыйык? “Сынган кылычтын” геройлору үчүн эң оболу Ата журт ыйык, Мекендин эркиндиги, көз карандысыздыгы, өз алдынчалыгы ыйык. Ийри отуруп түз кеңешкен, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган эл-журттун биримдиги ыйык (Курманжан, Исхак), калайык-калктын жогорку мүдөө кызыкчылыктары, улуттун ар намысы, эл алдындагы атуулдук парзы ыйык (Абдылдабек, Бекназар) , атадан калган Алатоо ыйык, анын алтын топурагы ыйык (Аргасыз бөтөн элде, бөлөк жерде өлүп жатып Абдылдабек жолдошторуна мындай дейт: “Канжар менен жаргыла да, жүрөгүмдү алгыла. Сөөгүмдү кара жердин бооруна бергиле. Жүрөгүмдү жети кылым жети атабыз мекен кылган жерге насип буйруп жетсеңер, гүл баскан дөңгө чыгып, чукур казып көмгүлө. Жүрөгүм жат жерде калбасын. Жүрөгүм, өз мекенимде жатсын”). Адал мээнет, ак эмгек, акактай тунук абийир, аруу адеп-ыйман, барга топук, жокко сабыр кылган айкөл жүрүм-турум ыйык. (Алмамбет, Теңирберди, Айзада) “Сынган кылычта” дагы эмне улук? Абалтан уланып келаткан атабабанын уңгулуу салт-санаасы улук. Ата конуштун бийик мүдөөлөрү үчүн кол кармашкан, бекем ширелишкен, саткындыкка, чыккынчылыкка барбаган, алдалдыкка, абийирге негизделген достук, ынтымак, бирдик улук (Исхак, Абдылдабек, Бекназар үчөөнүн достугу, биримдиги).

  “Сынган кылыч” романынын өйдөтөгү каармандары өздөрүнүн мына ушундай ыйык санап сыйынган “Каабасы”, тутунган патриоттук-философиялык дөөлөттөрү, моралдык абсолюттары болгондугу үчүн тарыхтын, мезгилдин кыйың-кезең сыноолорунда рухий деградацияга учурабай, жолдогу “бороон-бурганактарда” адашпай, “сормо-саздарга” тыгылбай, “тайгактуу ашууларда” сыйгаланбай, түрүнөн, жүзүнөн, ишениминен өзгөрүлбөй, ичтеринен бекем, жеңилбес, майтарылбас бойдон кала беришти. “Сынган кылычтын” мындай уңгулуу, түптүү, өзөк рух кенчтери, ыйык абсолюттары бүгүнкү биздин коомдук нравалык идеологиябыздын чордондуу түшүнүктөрүнөн, мерчемдүү уюлдарынан болуп калууга тийиш. Азыркы адеп-ахлак кризисинде турган коомубуздун жарандарынын жакырланган жан дүйнөсүн “Сынган кылычтын” жогорудагы ыйык нарктары менен дарылаш керек.  “Сынган кылыч” романынын ушул ыйык дөөлөттөрү - кыргыздын илгертен, те Манас атадан бери мурасталып келаткан рухий кыртышы, биздин улуттук асыл топурагыбыз. Эгерде ар бир кыргыз атуулу өзүнүн ушул улуттук топурагына көчөт болуп тигиле билсе, бир боор асыл кыртышына тамырларын терең житире билсе, эгерде биздин уул кыздарыбыз, XXI кылымдын кадрлары дүйнөлүк алдыңкы технологияны, илим-билимди, компьютер искусствосун терең өздөштүрүп, ошону менен бирге өздөрүнүн адеп-ыйманы, руху, патриотизми жагынан Курманжан даткага, Исхакка, Бекназарга, Абдылдабекке, Алмамбетке, Теңирбердиге, Айзадага окшош болсо, анда калкыбыз тыштан келген чоочун массалык маданияттын экспансиясына, бүгүнкү интеграциянын, күчтүү машинелешкен цивилизациялардын ассимилициялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчелигин сактап, дүйнөлүк көчкө татыктуу кошула алмак демекчибиз.

  Мына ошентип, “Сырган кылыч” бир жагынан калың окурман журтунун адабий-эстетикалык табитин таптоодо, экинчи жагынан атуулдарыбызды кыргыздын этнонарктарынын, элдик патриоттук идеялардын духунда тарбиялоодо бизге орчундуу омок, олуттуу курал болуп бере турган өзүнчө бир орошон көркөм казына. Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн жылында эл жазуучусу, Төлөгөн Касымбековдун бул атактуу романынын ички рух байлыгын өздөштүрүүнү мектептерде жана жогорку окуу жайларында активдештирүү ылайык.

 

Copyright© 1992-2003 Zaman

Редакциянын дареги:  Чүй проспектиси,100/3    720000 Бишкек шаары
телефондор: Б
өлүм башчылар: 66-58-38, 66-54-48, 66-56-51
Бул сайтты эң ынгайлуу түрдө көрүү үчүн экраныңыз 1024-768 өлчөмүндө болушу керек.
Эгер кыргызча тамгаларды окуй албай жатса
ңыз Tahoma фонтуңузду жаңылооңузга туура келет. Фонтту түшүрүү үчүн
басыныз...