Тумандан улам аэропорт жабылды

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:28

Калың туманга байланыштуу Ош аэропорту жабылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош аэропорт саат 00:30дан тарта учактарды кабыл алган жок жана бир да учак учкан жок.

Москва менен Иркутск шаарынан келген учактар Бишкектеги эл аралык "Манас" аэропортунун кошумча аэродромуна келип конгон. Андан сырткары, Бишкек - Ош каттамы боюнча уча турган учактар дагы деле кармалып турат.

Каттамдар боюнча "Ош" аэропортунун 0 (3222) 9-01-01 сурап-билүү телефон номери аркылуу тактоого болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!