​Өспүрүмдөр бычакташып ооруканага түштү

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 12:30

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында өспүрүм балдардын жаңжалынан улам бир бала бычактан жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, 20-январда түнкү саат 22:00дөр чамасында 18-19 жаштагы төрт бала сүйлөшүп отуруп, пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Натыйжада 19 жаштагы бала бычактан алган жаракатынан улам ооруканага түшкөн. Ага бычак сайган деп шектелип, 18 жаштагы балдардын бири кармалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!