​Жылылуулук борборунда жабдуу иштен чыкты

27-Янв. 2018, Ишемби, 11:19

Бишкек ЖЭБинде техника иштен чыккандыгына байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулуктун температурасы төмөндөгөн. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коому билдирди.

Маалыматка караганда, жума күнү саат 18.00дө Бишкек ЖЭБи чыңалуудагы эски агрегаттардын кубаттуулугуна колдоо көрсөтүп туруучу жабдуунун убактылуу иштен чыгып калганына байланыштуу 340 МВттан 154 МВтка төмөндөткөн.

Буга байланыштуу жүгүртүүдөгү суунун температурасы +84 градустан +62ге чейин түшүрүлгөн.

Учурда температуралык режимди калыптандыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!