Оторбаев ок жеген жарандын абалын сурады

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:33

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өзбекстан Республикасынын чек ара кезметинин аскерлери тарабынан ок жеген жарандын абалын сурады. Бул тууралуу Акыйкатчы институттун маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн Акыйкатчы Кубат Оторбаевге Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун, Көк-Серек айылынын тургуну Турсунай Усенбаева кайрылды. Анын айтымында, буга чейин ММКга жарыялангандай, 1979-жылы туулган иниси Усенбаев Асанга Өзбекстандын чек-арасын өтүп кеткендиктен, кезметте турган аскерлер ок чыгарган деген маалымат чындыкка коошпойт.

Бул маалыматты угар замат Акыйкатчы Кубат Оторбаев ок жеген жарандын абалы менен жакындан таанышуу жана болуп өткөн окуяны өз оозунан угуу үчүн А. Усенбаев дарыланып жаткан №4 шаардык ооруканага жөнөдү. Асан Усенбаевдин айтымында, 27 январда саат 17.00 чамасында чек-арага жакын жайгашкан «Ажек» деген жерде мал кайтарып жүргөн жеринен Өзбекстандын чек-арасынын эки аскери себепсиз Кыргызстандын чек-арасына өтүп келишип, эч нерсени түшүндүрбөстөн аскерлердин бири колундагы куралдан ок чыгарган. Окуянын натыйжасында А. Усенбаев сол жамбашынан жаракат алган. Эки аскер ок жеген Асанды өздөрүнүн аймагына сүйрөп кетишкен. Ал жактан 15ге чукул өзбек аскерлер чогулуп, каны аккан боюнча белгисиз тарапка алып жөнөшкөн. Кийинчирээк биздин жаран Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чуст райондук ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон.

31 январда жарадарды болгон жаран туугандарынын күчү менен өз мекенине алынып келинген. Дарыгерлердин айтымында, А. Усенбаевдин сол жамбашын ок жанчып кеткендиктен, аны алдыда 3 жолку операция күтөт жана толук калыбына келүүгө бир топ жыл керектелет.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул ишти кылдат иликтөөнү талап кылуу менен бардык күнөөлүү адамдар жоопко тартылышын өзү көзөмөлдөөрүн убада кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!