Экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:50

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун төрт мүчөсү колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматтка караганда, Шектүүлөрдүн жашаган жерлерин текшерүү учурунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

Кармалгандар 39 жаштагы И.Л., 41 жаштагы К.У., 55 жаштагы Д.Ш. жана 45 жаштагы К.У. аттуу жарандар болуп чыкты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!