​2019-жылы авиакомпаниялар “кара тизмеден” чыгарылат

9-Фев. 2018, Жума, 11:25

2019-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евро биримдиктин “кара тизмесинен” чыгарылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов министрликтин коллегиялык жыйынында билдирди.

Анын айтымында 2019-жылдын 1-кварталында өлкөнүн авиа компаниялары "кара тизмеден" чыгат.

“Биз өлкөнүн авиакомпанияларын Евро биримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча өкмөт тарабынан бекитилген план түздүк. Бул план менен такай иштер жасалып жатат, өсүү динамикасы байкалууда. Ушундай деңгээлде жүрүп отурса 2019-жылдын 1-кварталында кара тизмеден чыгып калат”,-дейт Ж.Калилов.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын авиа компаниялар 2006-жылдан бери Евро биримдиктин "кара тизмесинде" турат. Алардын саны 13тү түзүп, Европа өлкөлөрүнө учуу мүмкүнчүлүгү чектелген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!