​21-февраль: түнкүсүн кар жаайт

20-Фев. 2018, Шейшемби, 16:35

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, 21-февралда күндүз кар көпчүлүк аймактарда жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;

Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6;

Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;

Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -7...-12;

Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5, күндүзгү жогорку температурасы 2…4.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!