​Диний-экстремисттик агымдын мүчөлөрү кармалды

13-Март 2018, Шейшемби, 16:15

Ошто “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымдын 9 мүчөсү экстремизм үчүн камалышты. Бул тууралуу Ош облустук ИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын 16 мүчөсү кармалган.

1-мартта Ош шаардык соту тарабынан алардын тогузу соттолгон.

Аталган жарандар Ош облустук ИИБ кызматкерлери тарабынан Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондорунун аймагында кармалган. “Йакын Инкардын” калган 7 мүчөсү боюнча иликтөө иштери уланып жатат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаардык соту “Йакын Инкар” диний агымына Кыргызстандын аймагында тыюу салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!