Тоок багып да байыса болот

17-Март 2017, Жума

Баарыбыз көп акча таап, жакшы жашагыбыз келет. Бирок, акчаны кантип табыш керек дегенде башыбыз маң болуп, “кайсы тармакта, кайдан ишкерлик кылам”,- деген суроого жооп таба албай бушайман болобуз. Мындан улам “Zaman.kg” сайты ишкерлик кылам деген ишкерлерге тоок багууну сунуштайт. Анткени, Кыргызстанда тоок багуу менен бизнесин жолго коюп жаткан үй-бүлөлөр бар.

Кочкор районунун 64 жаштагы тургуну Жумабек Асылбеков бир жылдан бери тоок багып келет. Ал тоок багуунун сырлары тууралуу буларды айтып берди.

Анын айтымында, тоок сарайында коралл деген породадагы 80 тоок бар. Учурда 80 тооктун 90 пайызы тууп, ал күнүнө 70 жумурка алып, райондун баардык соода түйүндөрүнө сатат. Жумуртканы дүңүнөн бир даанасын 6 сомдон сатат. Кардарлары жергиликтүү калк.

“Элет жеринде жашагандыктан, анын үстүнө пенсияга чыккандан кийин үйдө бош жатып калат экенсиң. Анан бош убактыңдын баары эле телевизордун маңдайында отуруу менен өтүп калат экен. Үйдө бош жатсаң, эмне иш кылам деген суроо тынчыңды да ала баштайт турбайбы. Бир күнү телевизордон тоок баккан фермер жөнүндө көрүп калдым, анан мен да тоок багууга кызыгып калдым. Ошентип тааныштарымдан тоок багуунун сырларын сурап, билгенден кийин чакан 100 тоокко ылайыкташкан сарай салдым. Анткени, мен буга чейин тоок багып көрбөгөндөн кийин алгач жүз тоок менен гана иш баштоону туура көрдүм. Анын үстүнө өз чөнтөгүмө жараша иш баштагам. Учурда ишим жакшы болууда”, - дейт Асылбеков.

Асылбеков тоок багуу боюнча атайын деле билим алган эмес. Бирок, ал алдыда 500 тоок багууну көздөп жаткандыктан бул багыт боюнча билим алсам деген ниети бар.

“Тоокторго күнүнө эки маал жем, бир маал жылуу суу беребиз. Бирок, кээ бир фермерлер 3 маалдан жем беришет экен. Ал эми тооктун жумуртка көп бериши да жемине жараша болот. Анткени, жеми витаминдүү болсо, үзгүлтүксүз жумуртка берип турат. Ошондой эле тооктор ооруй электе эле вакцинация жасап турабыз. Эгер тооктор чүңүрөйүп ооруп калса, ветеринар дарыгерин чакырып каратабыз. Андан сырткары өзүбүз дуст, акиташ менен хлордун аралашмасын сууга чылап, аны тоок сарайдын ичине чачып чыгабыз. Тооктун кыгын жумасына бир, кээде эки жумада бир чыгарып турам”,- деп кошумчалады ал.

Тоок багууга куштарлангандар болсо, анда тоок багуунун жолдорун карап көрөлү.

Тооккана:

Тоок сарайыңыздын аянты сиздин тоокторуңуздун санына жараша болот. Мисалы, 20 тоокко узундугу - 3 метр, туурасы- 2 метр, бийиктиги 1,5 метр болгон сарай ыңгайлуу болот. Бирок, сарайдын терезелери чакан жана аба алмашып туруш үчүн вентиляция мору болушу зарыл

Тоок конуучу бакан:

Тоок конуучу бакан тепкич түрүндө жасалып, тооктор конгондо ийилип кетпеши керек.

Жумуртка туучу жай:

Тооктор жумуртка тууганга ылайыкташкан үкөкчө түрүндө караңгы жерге уя жасаса да болот. Анын өлчөмү 30-40 см болуусу керек. Бир уя 6-8 тоокко гана эсептелүүсү кажет. Эгер андай мүмкүнчүлүк жок болсо, анда тооккананын бир бурчуна саман төшөп жайгаштырса да болот. Бирок, саманды бат-бат жаңыртып туруу зарыл. Андан сырткары, айына бир жолу дуст сээп, дезинфекциялоо керек.

Жем жана суу берүүчү аштоо:

Тоокко жем жана суу берүүчү аштоонун ичине тоок түшүп кетпегендей болгону жакшы.




Тооккананы тазалоо:

Тооктун кыгын бат-баттан тазалап турса болот. Мисалы, айына 1-2 жолу кыгын чыгарыңыз. Эгер тоокторуңуз эртең менен кое берилип, кечинде гана тоокканага кирсе, анда айына бир жолу тазаласаңыз жетиштүү. Андан сырткары, тоокканадагы мите курттардан арылыш үчүн хлор менен акиташтын аралашмасын сууга чылап, аны сарайдын бир да жерин калтырбай чачып чыгуу зарыл. Ошондой эле хлорофос, карбофос менен дезинфекциялоо керек.

Тоокторду эмдөө:

Ооруларга каршы алдын алуу үчүн тоокторду эмдөө иштерин өз убагында жүргүзүү зарыл. Жылына эки маал эмдөө керек. Негизинен ооруну дарылоо үчүн эффективдүү дарылар аз. Негизи антибиотиктер колдонулат. Дарылоодон жыйынтык болбосо, тооктордон арылуу керек. Алдын алуу үчүн сырткы чөйрө менен байланышын чектөө зарыл.

Тооктун тоюту:

Буудай, арпа жана жүгөрүнү ар дайым майдалап берүү керек. Кышында эспарцет менен бедени майдалап башка тоюттар менен аралаштырып берсе тооктор үчүн жагымдуу болот. Ошондой эле кышында башка катуу дандарды майдалап, сууга чылап берүү керек. Андан сырткары, чыктуу тоют катары- сабиз, пияз, картошка, капуста, кызылча, чөп майдаланып берилгени пайдалуу.

Урматтуу окурмандар, тоок багып да миллионер болсо болоорун унутпайлы. Анткени, канадалык жаш миллионер Райан Росс 3 жашында үйүнүн короосунда 60 тоок багып, чакан ферма ачкан. Ал жумуртканын он даанасын 3 долларга сатып, күнүнө 15 доллардан киреше табуу менен ишин баштаган. Ошондуктан тоок багып, өз капчыгын кампайткысы келген замандаштар жогорудагы маалыматтар сиздерди кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!