Жалал-Абадда туризмди өнүктүрсө болобу?

Жалал-Абадда туризмди өнүктүрсө болобу?
15-Май 2017, Дүйшөмбү

Сырттан келүүчү туристтер биздин шаарга келип, эмнени көрүшөт? Сырттан келүүчү туристтерди кызыктыруучу кайсы объект бар? Париждеги Эйфель мунарасы же Нью-Йорктогу Эркиндик статуясына окшогон, Стамбулдагы үлкөн мечит же Афинадагы Акропол сыяктуу дүйнөнү эмес, кала берсе өлкө аймагындагыларды кызыктыра ала турган объектибиз барбы? Мына ушул сыяктуу маселелерге токтолгон журналист Жалил Сапаров Жалал-Абадда туризмдин келечеги, мэрия тараптан көрүлүп жаткан иштер тууралуу баяндап берди.

Мисалы, Ошто Ак-Буура суусу шаарды жарып өтүп, анын жээги эс алуучу жайларга толуп жатат. Ал жакка барып, бир аз сейилдеп, көңүл ачып келүүгө болот. Сулайман-Тоосу бар, ал жерге келүүчүлөр аз эмес. Биздечи? Ооба, “Жалал-Абад” санаторийи (курорт) бар. Бирок, ал Кесиптик кошундарды федерациясына таандык, муниципалитеттики эмес. Анан калса, ал жердин да туристтерди кызыктыруучу мүмкүндүктөрү чектелүү. Негизинен дарылануу-эс алуу багытында иштейт. Андан башкачы?

Биз мейманканаларды канчалык жакшыласак да, шаарды кооздосок да, баары бир туристтик багыттагы ири программалар менен иштебесек, анда туризмди өнүктүрүү жана андан пайда алуу ниетибиз ишке ашпай кала берет. Албетте, бул жагынан шаар мэриясы аракеттерди баштап жатат. Деген менен, бизде шаардыктар эс алуучу жайлар: стадион, театр, музей, 4 эс алуу багы, реконструкцияланган 2 борбордук аянт, 1 сквер, андан тышкары 15 соода борборлору, 16 базар, 37 кафе-ресторандар бар. Албетте, “Жалал-Абад” санаторийи, ага канаатташ “Шор-Булак” эс алуу жайы да шаардыктарды жана сырт жактан келгендерди кызыктырат.

Бирок, муну менен туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Санаторийге дарылануу үчүн дайыма келип турбаса, ага эс алып кетүү үчүн дайыма келип туруу зарылдыгы пайда боло бербейт. Бирок, курорттук зонаны пайдаланып, жаңы мүмкүндүктөрдү ачса болот.

“Асма жол” долбоору

Бул багытта шаар мэриясы “Асма жол” долбоорун даярдап, инвестиция тартуу менен курорттук аймакта рекреациялык борбор түзүүгө ниеттенип жатат. Анын жалпы наркы 286,1 миллион сомду түзөт жана долбоор инвестор тарабынан жактырылган. Бул долбоор 10 жыл ичинле өзүн-өзү актайт деген эсеп бар.

Эгер бул долбоор ишке ашса, Токтогул эс алуу багынан тартып деңиз деңгээлинен 975 метр бийик турган курорт аймагына чейин асма жол тартылат. Асма жолдун узундугу 1700 метрди түзөт. Курорт аймагына эс алуу багы, көңүл ачуучу аттракциондор, аллеялар жана скверлер, бассейндер, спорттук жана оюн ойноочу комплекстер, коомдук тамактануу жайлары, конок үйлөрү, бийик жерден шаар панорамасын кароочу аянтчалар жана башка зарыл инфраструктура камсыз кылынат.

Албетте, мындай заманбап эс алуу борборунун курулушу шаардыктардын рекреациялык муктаждыктарын камсыз кылуу менен туристтердин санын арттырууга өбөлгө түзөт. Жалал-Абад шаарындагы мындай эс алуу борборуна кышын-жайын башка аймактардан келип, эс алып кеткендер санынын артышы шаар бюджетинин толушуна да шарт түзөт.

Азыркы учурда “Жалал-Абад” санаторийине дарылануу максатында жылына 87500 чамасында киши келет, андан тышкары 300-400 киши санаторийде жашабай туруп эс алышары, күн сайын 300-400 киши курорт аймагына чыгып турары да маалым. Албетте, бул өтө аз, туризмди өнүктүрүү боюнча максаттарга жана керектөөлөргө жооп бербейт.

А эгер асма жол ишке кирсе, алдын ала эсептөөлөр менен андан пайдалануучу жүргүнчүлөрдүн саны 2 миллион 786,4 миң кишиге жетип, 437,5 миллион сом киреше түшүшү болжолдонууда. Бир гана пайдадан алынуучу салык боюнча шаар казынасына 35 миллион сом келип түшөт.

Эгер курорт аймагындагы ушундай эс алуучу заманбап комплекс иштеп турса, анын кызматын областтын гана эмес, кошуна областтардын аймагындагы атуулдар көрүшмөк, шаардын туристтик ишкердиги, андан алынуучу натыйжалары артмак. Эң башкысы, бул туристтик багыттагы аракеттерди андан ары улантуунун башаты болуп калмак.

“Жалал-Абад парк” комплекси. Ал эмне берет?

Шаар жетекчилиги асма жол менен эле чектелип калбай, шаардын туристтик мүмкүндүктөрүн дагы да арттыруу максатында башка да да долбоорлорду караштырып жатат. Мисалы, шаар аймагында “Жалал-Абад парк” комплексин” куруу шаарыбызды ички жана сырткы имиджин көтөрүү, шаардыктарга жакшы шарттарды түзүү, туристтик келип-кетүүлөрдү арттыруу, казынага каражаттарды топтоо жагынан кыйла натыйжалуу болмок, деп эсептелүүдө.

Бул деген эмне? Эгер Бишкек шаарына каттап тургандар “Бишкек парк” эс алуу комплексине кирген болсо, анда бул долбоордун канчалык маанилүү экенин дароо түшүнөт. Анткени, бул комплекс негизинен азыркы урбандаштыруу, социалдык жана экологиялык, технологиялык да кыйынчылыктар мезгилинде адамдын ар тараптуу эс алуусу, анын физиологиялык-психологиялык кайра калыбына келтирилиши жагынан абдан пайдалуу нерсе.

Комплексте соода жана коомдук тамактануу чекиттери, спорттук-релакстык борборлор (тренажёрлор, кыймыл-аракеттин талап кылган башка да оюндар, массаж, бильярд ж.б.), бассейндер, бизнес-клуб, маданий эс алуу борбору (китепкана, интернет ж.б.), конференц-зал, маалымат борбору жана башка ыңгайлуулуктар түзүлөт. Бул жерде атайын аялдар үчүн, балдар үчүн ыңгайлуулуктар да жаратылат. Мындай заманбап комплекс шаардыктардын социалдык-маданий, экономикалык активдүүлүгүнө таасир этип, сырттан келүүчү эс алуучулардын санынын көбөйүшүнө мүмкүндүк берет. Акыры келип эле бул шаар казынасынын байышына алып келет.

Албетте, бул азырынча идея, бирок шаар жетекчилиги бул идеяны долбоорлоштуруу, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды баштоого көрсөтмө берди. Буюрса, кайсы бир убакыттын ичинде бул долбоор да ишке ашып, шаарыбыз өз имиджин реалдуу өзгөртө алат деп үмүттөнүп туралы.

Албетте, “Асма жол” жана “Жалал-Абад парк” долбоорлорунун ишке ашырылышы шаарыбызга болгон туристтик агымды гана көбөйтүп калбастан, кичи жана рто бизнести өнүктүрүүгө да зор өбөлгө болот. Шаардыктар келген эс алуучуларды тейлөө, алардын керектөөлөрүн үйрөнүү жана аларды ишке ашыруу аркылуу көп каражаттарды тапканга мүмкүндүк алышат. Шаарда калктын социалдык деңгээли өсөт.

Бирок, ишкерлер неге унчугушпайт?

Жогорудагы долбоорлор жергиликтүү бийлик тарабынан ойлонулган, долбоорлоштурулган аракеттер. Бул жагынан жергиликтүу бийликтер өздөрү демилге көтөрүп, өздөрү биринчи кадамды ташта бербесе, бул багытта жергиликтүү ишкерлер азырынча унчукпай жатышканы кызык. Деген менен, шаарыбызда туристтик ишкердикти өнүктүрүү боюнча кыйла мүмкүндүктөр, пайдаланылбаган резервдер жатат.

Мисалы, Ош шаарында бир нече жеке менчик туристтик уюмдар иштеп жатышат. Алар кошуна мамлекеттер, алыскы чет өлкөлөр менен, ал жактагы туристтик агенттиктер менен байланышып, туристтерди өз ара алмашуу аркылуу жакшы иштеп жатышат. Тияктагылар бизге жөнөтүшөт, биздикилер аларга жиберишет дегендей. Деген менен, туризм жана анын пайдалуу натыйжалары өсүп жатат.

Илгери союз убагында Жалал-Абадда бир-эки туристтик ишкана бар болчу. Бири коомдук “Спутник” туристтик агенттиги дагы бир мамлекеттик ишкана эле. Алар союздун аймагындагы кооз жерлерде, кооз шаарларга саякаттарды уюштурушчу. Кийин ажалы жетип, союз бузулуп кеткен соң, эгемендиктин 90-жылдарында шаарыбызда бирин-экин жеке менчик туристтик уюмдар иштешти. Алар негизинен сыртка чыгып, соода кылгандардын документтерин жасап, соода менен (челнок) чет өлкөгө барып келгендердин пайдасына иштешкен. Биз жактагы кооз жайларга туристтерди алып келүү алардын оюнда да болгон эмес. Кийин алар да жок болуп кетишти.

Азыр шаарда туризм менен алектенген атайын бир агенттик же башка уюм жок. Бир гана туристтерге коомдук колдоо багытындагы айрым жеке ишкерлер өз алдынча иштеп жаткандай. Алар сырттан келген туристтерге Арстабаптан түнөк жай таап берүү менен чектелишет. Болгон ошол.

Бирок, көп иштерди жасаганга шарттар кантсе да бар го. Мисалы, Жалал-Абад областында кооз жайлар, тарыхый мурастар аз эмес. Сары-Челек, Падыша-Ата, Арстанбап, Кара-Алма, Орток, Алаш сыяктуу көз жоосун алган кооз жайлар, диний тарыхый зыярат кылуучу (ыйык) жайлар толтура. Аларга баруучулар да аз эмес. Сырттан келип, ошол жайларды көрүп кеткиси келгендер да көп. Бирок, ошону ким уюштурат?

Эгер шаарда атайын туристтик жеке мекеме түзүлүп, жакшы автобустары, жакшы адистери (гиддер) болсо, атайын ушул багытта иштесе болчудай. Туристтик маршруттарды түзүп, сырттан эс алуучуларды, саясакаттаганды жакшы көргөндөрдү чогултуп, кооз, тарыхый жайларга алып барып, аларга маалыматтарды берип, гиддердин жакшы кызматы менен ыраазы кылып, шаарга алып келип, мейманканаларга жайгаштырып, узатып койсо болот. Баса, мейманканалар менен келишим түзүп, аларга конок таап бергени үчүн алардын кирешесинен үлүшкө ээ болсо да болот. Кооз жайлардагы иштеген ишкерлер менен да ушундай эле келишимдерди түзсө болот, мен сага алып барам, сен мага... деп.

Шаарда жакшы мейманканалар бар, жакшы автобустар деле табылат, областта кооз жайлар толтура, эс алгысы келгендер көп. Бир гана аракет керек го. Алып-сатарлыктан ары кетпеген ишкердик бизди өнүктүрөбү? Албетте, жок.

Кыскасы, шаарыбыздын ишкерлери областтагы, шаарга кошуна жайгашкан аймактардагы кооз жана тарыхый маанилүү жайларга туристтерди тартуу, аларды күтүп алуу, жеткирүү, жайгаштыруу, шарт түзүү боюнча адистешкен логистика тармагында иш алып барышса болмок. Бирок, негедир унчугушпайт...


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!