22-июнь: 36 градус ысык болот

22-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 22-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34;

Талас аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында 22-июнда жана 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, биийк тоолордо кар жаашы күтүлөт. 24-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!