Органикалык азыктардын жарманкеси өтүүдө (фото)

6-Окт. 2017, Жума, 13:55

Бишкекте органикалык азык-түлүктөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды.

Иш-чара БИО-KG органикалык кыймыл федерациясы тарабынан уюштурулуп, К.И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинде өтүүдө. Үч күнгө улана турган жарманкеде Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн нукура, органикалык айыл-чарба азыктары, кол өнөрчүлүк буюмдар коюлган.

Кѳргѳзмѳ-жарманкеге Кыргызстандын бардык аймактарынан келишкен нукура жана органикалык азыктарды чыгаруучу 80ден ашуун компания – ѳндүрүүчүлѳр катышып жатат. Элге тартууланып жаткан азык-түлүктөрдө органикалык экенин тастыктаган сертификаты тиркелген.

Иш-чарада кыргыздын улуттук ашкана азыктары боюнча мастер-класстар, мода кѳрсѳтүү, биологиялык каражаттарды колдонуу боюнча бет ачарлар, атайын оюн-зоок программалары тартууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!